СААДИ
Бустан: «Өлтүрөм» деп, «көргөзөм» деп башкаруу – Өз тамырын өзү кыркып жатканы
Бүт кетебиз. Биздин өмүр — көз ирмем.
Бир жакшылык калат элдин эсинде».
И К А Я
Кудай кулун койгон сымал унутуп,
Дамашкыны каарып өттү бир учур:
Бир тамчы да «тып» деп тамбай ал жылы,
Күйүп кетти жер үзүрү бардыгы.
Соолуп калды аккан арык — кашка суу,
Соолуп калды бир көз жаштан башкасы.
Ар түндүктүн качып ырыс-ыраңы,
Түтүн эмес, үшкүрүктөр булады.
Ачарчылык туш тараптан арбады,
Адалдуудан түк эчнерсе калбады.
Жамгыр эмес, жаады жалаң чегиртке…
Жабалактап жатты адамдар терип жеп.
Бир досумду көрдүм ошол күндөрү,
Арып-ачып калган жалгыз сүлдөрү.
О, кечеле ооматы чоң жан эле,
Оңбогондой байлыгы да бар эле.
Шашканыман: «О, азиз дос, — дептирмин,
Кай жамандык бул абалга жеткирди?»
Анда ал айтты: «Ордуңдабы акылың?
Бир мен тургай калк кырылып жатыры.
Жердин тийбей, көктүн тийбей жардамы,
Жээрге нан, ичерге суу калбады.
Азап-тозок астым-үстүм турат го?!
Анан минтип сураганың уят го!»
«Бирок достум, — дедим ага кайрылып,
Бар эле го ашып-ташкан байлыгың.
Эс эңгиреп, ташкын алар мезгилде,
Эл чөксө да, алар сени чөктүрбөс».
Акылман жан акылы нас баланы
Карагандай мени акырын карады:
«Чөктүрбөсүн чөктүрбөйт го, ал ырас,
Калкым чөгүп, мен калганда не мурат?
Азган жокмун колдо кокон жогунан,
Аздым элге түшкөн тозок соңунан.
Адамдардын көрүп тарткан азабын,
Анан кантип адал тамак татамын.
Өзүм эмес, өзгөлөрдүн кайгысы,
Өзөгүмдү өчпөс дартка чалды ушу…
Ооруп жатса орошон калк тамыры,
Оолак тутам андан кантип жанымы?
Ачка калктын ачкалыгын карабай,
Аш ичкениң уу ичкенге барабар…»
Эл башына түшкөн кезде дүрбөлөң,
Эр азамат гана кирпик ирмебейт.
* * *
Сөздө барбы, келе жаткан мурунтан,
Эсте барбы, элин эзген зулум хан?!
Жок! Алардын өздөрү өлгөн, бүт өлгөн –
Бийлиги өлгөн, кандуу, касап иши өлгөн.
Дүйнө турат. А алардын изи жок,
Изи тургай, жоктогон да киши жок.
Акыреттин сурагында, алардан
Кор болгондор бейиш төрдөн жай алган.
Атпай журтту асман сактайт бактыга,
Адил дөөлөт шах олтурса тактыда.
Катаал, зулум хан башкарган өлкөдө,
Калк ыдырап, канга батат белчеден.
Андай аким а дүйнөдө соттолот,
Адам өчкө асман дагы өч болот.
Султан сүрүн ырас, кудай даңдады,
Бирок билгин: эсеп бермей бар дагы.
Бу дүйнөдө сен жасаган кыянат,
А дүйнөдө сенден эсеп чыгарат.
Бүт өлкөнү зордоп жатса зомбулук,
Солк этпеген шах жибербейт оңдуруп.
Сенин көзүң карап турат жаш-кары,
Сен да аларды карегиңдей сактагын.
Чындык болбой, бийлик болсо тутканы,
Шах өлкөнүн сакчысы эмес, душманы.
Жар кылбаган жакшылыктын насаатын,
Келечектен албай койбойт жазасын.
Бийлик өтүп, чындык калар кез келет,
Калк ошондо каргыш менен эскерет.
Калыс болгун, кайрымдуу бол калкыңа,
Каргыш эмес, алкыш калсын артыңда.
Кыргызчалаган Алым ТОКТОМУШЕВ