СААДИ
Бустан: «Өлтүрөм» деп, «көргөзөм» деп башкаруу – Өз тамырын өзү кыркып жатканы
Анын «Назиктер», «Кереметтер», «Шакектүүлөр» (мөөрдүү шакек менен белгиленгендер, б.а. үлгүлүүлөр) жана «Эскилер» (төрт жыйнактын автордук аталыштары ушундай) газелдери перс поэзиясында сүйүү ааламын жана анда жашоочулардын сезим-туюмдарын кайра түздү. Алсак, анын эң атактуу газели – «Кербен» – ар бир ирандыкка тааныш саптар менен башталат:
Жүрүшүңдү жайлатчы кербен,
менин жаным
Сүйгөнүмдү кеттиң алып, тынч алалбайт,
жүрөгүм артынан узайт.
Кийинки саптарда каарман сүйгөнүнөн ажырайт, аны менен кошо – өз жүрөгүнөн, алар кербен менен кошо кетет, ал болсо жалгыз, бактысыз, кандуу жаш төккөн жана кербен менен кошо өмүрү кетип атканын сезген боюнча калат. Лирикалык ырды кайра айтып берүү, анын добуштук жана ритмикалык мыктылыгын сүрөттөө мүмкүн эмес. Бирок «Кербенди» түп нускада окугандар да кандай сүйүү жөнүндө сөз болуп жатат деген суроого ишеничтүү жооп бере алышпайт. Образдар бири-бири менен абдан кылдат жана аябай чеберчиликте жуурулушкан, ар бир кийинкиси мурункусунун түшүндүрмөсүн өзгөртөт, жана окуган соң кимди кимден – ашыкты сүйгөнүнөн, суфийлик кечилди акыйкаттан, акынды март колдоочусунан же акынды поэзиянын жанынан – ажыратышканын чечүү улам оорлойт. Бирок айрылуу абалынын өзүн Саади ушундай сүрөттөйт, бул суроого жооп берүү такыр маанисиз болуп калат.
Өзүнүн чыгармачыл усулунун маңызын Саади дары болчу насааттар берметин мыкты сөздөр жибине тизүүдөн, ал эми пайдалуу кеңештердин ачуу дарысын «Гүлстандагыдай» көркөмдүү тамашалар менен татымалдантуудан көргөн.
Бустан чыгармасынан үзүндү
Биринчи бап
Ануширван көр оозунда турганда,
Айткан экен Хормуз шахка мындай деп:
«Аксарайда, акмамыкка керилбей,
Азган элдин алын сурап, тейин көр!
Каратаман карып-мискин көптүгү,
Кантип айтат төгөрөгүң төптүгүн.
Уктап калып кой кырдырган койчуну,
«Уктаптыр» деп актоого да болчубу?
Камын ойло, о чегеси калкыңын,
Жайын ойло жарды менен жалчынын.
Бадышаны дарак десек карылуу,
Букарасы анын байлар тамыры.
Тамыр канча терең жайса кучагын,
Дарак шончо кенен жаят бутагын.
Таңбай койсоң өз калкыңдын жаратын,
Тамырыңа өзүң балта чабасың.
Калыс болуп, кайрымдуулук жөнүн бил,
Каргышына калбас үчүн теңирдин.
Жамандыктан жаадай качып коргонуп,
Жаралдык биз жакшылыкка жар болуп.
Бадышасын мээрим колдоп турганда,
Букарасын коркуталбайт бул жалган.
Жардам берген жалчы менен жардыга,
Жараткандын жакшылыгын бар кылат.
Кор тутпаса букарасын эл ээси,
Колдойт аны асман, жердин эгеси.
Калтыс дөөлөт калкы менен кас болот,
Калыстыгы, алыстыгы аз болот.
Оолак жүргүн андай жерден ылайым,
0 такыбам, кулпендеси кудайдын!
Чындык отко чыр-чыр күйгөн өлкөдөн,
Чын жакшылык көрөмүн деп эңсебе!
Акыреттин ишин билбей эсирген,
Алыс жүргүн кекирейген кесирден.
Элин эзип, канын соргон өкүмдөр,
Эсеп берет дал тозоктун өзүндө ал.
Зордук менен зомбулуктун акыры
Көөлөп салат адам деген атыңы.
Кадырман шах, канга забын болбогун,
Карманарың калк экенин ойлогун.
Аштыкчыны, дыйкандарды көр карап,
Ач-жылаңач жүрүп кантип жер багат?
Алар сени багып келсе аш менен,
Сен аларды урасыңбы таш менен?!»
Кош-мур айтып, о дүйнөгө жөнөрдө,
Хосров да Шируэйге деген дейт:
«Акыл даарып, нурга толсун жүрөгүң,
Атпай журттун ал-абалын биле жүр.
Чындык гана тескеп турсун өлкөнү,
Чындык жокто — өлкө өмүрү өлчөлүү.
Калк козголот залим бийлик зарпынан,
Калат жалгыз жаманатты артынан.
«Өлтүрөм» деп, «көргөзөм» деп башкаруу –
Өз тамырын өзү кыркып жатканы.
Адам канын суудай төгүн эсирген,
Агып өлөт көз жашына жесирдин.
Убал-сооптон оңой эмес кутулуу,
Уруп кетет кусурлардын кусуру.
Акыйкаттан ашкан не бар башка улук,
Акыйкатчыл аким болот бактылуу.
Андай жанды ажал тооруп турганда,
Ардак менен узатышат чын жайга.