Рюноскэ Акутагава

Эне

Рюноскэ Акутагава

 

Күзгү баарын көрсөтөт эмеспи. Мына ушул бурчта турган күзгүдөн кадимки шанхай мейманканасынын экинчи кабатындагы бөлмө дыкат жыйналып коюлгандыгын байкоого болот – дубалдары европалык ыкма менен сырдалган болсо, полуна жапон ыкмасынын негизинде бойро[1] төшөлгөн. Көгүлтүр түстөгү дубалдарына дагы бойро илинип коюлган. Күзгүдөн дагы бир элести – сокмо согуп, күзгүгө аркасын салып отурган аялдын элесин көрүүгө болот. Айдалысын жаап турган суйдаң кара чачынын арасынан үстүнө кийип отурган кимоносу агарат.

Дубал артынан угулуп жаткан ымыркай баланын ыңаалап ыйлаганы болбосо, бөлмө ичи кулак-мурун кескендей жымжырт. Баса, ошол жымжырттыкта баланын ыйлаганынан сырткары, тыным билбей жаап жаткан жамгырдын үнүн дагы эшитүүгө болот.

-Бери карачы – деди, аял кимдир бирөөгө. Бул «кимдир бирөө» – сыйда муруттуу, бети толмочураак келген эркек эле. Ал жанатадан бери үстүнө кебез кимоно жамынып алып, кайсы бир англис тилиндеги гезитке үңүлө тигилип, камыштан токулган бойродо жаткан. Эркек ошол жаткан калбынан жазбай жанында турган күл салгычка тамекисинин күлүн түшүргөн болду.

-Бери карасаң эми! – деди аял кайрадан үн катып, бирок сокмодон көз алган жок.

-Эмне болду?

Эркек эми башын көтөрүп, «Жок дегенде гезитти дагы тынчыраак окутпайсың» – деген таризде аялга тигилди.

-Бул номур… башка номурга көчүп алсак кандай болор эле?

-Башка номургабы? Биз буга кечээ кечинде эле көчүп кирдик го. Эркек аң-таң боло аялга тигилди.

-Кечээ эле көчүп келсек эмне экен? Балким, буга чейинки бөлмөбүз дагы деле бош тургандыр.

Дал ушул учурда эркектин эсине күңүрт жана дагы эки жума бою аларды убайымга салган үчүнчү кабаттагы бөлмө кылт эте түштү. Дубал беттери каңтарылып түшүп жаткан ал бөлмөдө жер таманга чейин чубалган жана да өңү оңуп кеткен чыт парда илинип, терезе текчеде чаң баскан жана узак убакыттан бери сугарыла эле герань гүлү турар эле. Терезеден кылаарга иши жок, баштарына самандан токулган калпактарын баса кийип алышып, эриккенинен эмне кылаарын билбей күнгө какталып жаткан кытай арабакечтерин көрүүгө боло турган.

-Ал бөлмө сага таптакыр жакпай туруп алгандыктан мында көчүп келдик го?

-Ооба, аның ырас. Бирок, босогосун аттаар замат бул бөлмө дагы таптакыр жакпай калат деп түк ойлобоптурмун –деди да, аял сокмосун токтотуп, муңга толгон кыйык көздөрүн жалжылдата эркекке тигилди. Көздөрүнүн алдындагы каралжын тактар кечээ жакында эле болуп өткөн кандайдыр бир кайгы-касиреттен кабар бергендей.

-Кайра эле мурунку ордубузга көчүп алсак… Же таптакыр болбойт дейсиңби?

-Бирок, бул бөлмө мурдагыбызга караганда алда канча чоң жана жакшы болуп жатпайбы?! – деди эркек аялга тигилип, менимче, сага жакпай жаткандыгынын себеби башкада болуп жүрбөсүн?

-Жок, андай деле эмес, себеби деле жок… Аял бир саамга ыргылжың боло түштү да, башка эч нерсе айтпаганы менен, бир аздан кийин чечкиндүү түрдө мындай деди: – Демек, таптакыр болбойт дечи?

Эркек үн каткан жок. Тамекисин соруп, түтүнүн гезит үстүнөн үйлөгөн болду. Бөлмө ичинде баштагыдай эле жымжырттык өкүм сүрүп, эшиктен баштагыдай эле тынымсыз жаап жаткан жамгырдын дабышы кулакка даана угулуп жатты.

-Жазгы жамгыр… Бир аздан соң эркек өз оюн мына ушинтип угуза айтты да, чалкасынан оодарылап берип мындай деди: – Жакында Ухуга көчүп кетебиз, балким ал жерде мен үч саптык ырларды жаза баштайм?

Аял буга жооп бербестен сокмосун уланта берди.

– Уху жаман жер эмес. Биринчиден, фирма ал жерден бизге чоң үй берген жатпайбы,  баса, бакчасы да бар экен – кааласаң гүлдүн түрүн өстүр, кааласан башка нерсе отургуз. Бекеринен аны илгери Июньсихуан, башкача айтканда Юнцзя гүлдөрүнүн бакчасы деп аташпаган чыгар… Капысынан эле эркек үндөбөй отуруп калды, буга чейин анын гана үнү угулуп жаткан бөлмө ичинде кимдир бирөөнүн бышактап ыйлаган үнү угулду.

–  Тосико, дагы эмне болуп кетти? Эркек эмне кылаарын билбей өбөктөй калып, аялга суроолуу тигилди: – Биз экөөбүз сүйлөшпөдүк беле. Бышактап, ыйлаганды токтотобуз деп макулдаштык эле го. Анан эле сен минтип… – Балким, сени башка бир нерселер убайымга салып жатпасын? Балким, Кытайдын кайсы бир элет жерине эмес, Японияга кеткиң келип жаткандыр?

23.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.