Рюноске Акутагава
Түнт токойдун коюнунда
АЯЛДЫН КИЕМИДЗУ СЫЙЫНУУЧУ ЖАЙЫНДА ӨЗ КҮНӨӨСҮН МОЮНДООСУ
Арам оюн ишке ашырган соң, тиги көк кийимчен эркек күйөөмдү көздөй бурулуп, мыскыл аралаш каткырып күлүп жатты. «Эрди – намыс, коюнду камыш өлтүрөт» демекчи, ошол учурда күйөөм, улам өлүп улам кайра тирилип жаткан болсо керек! Анан калса, анын нары-бери толгонуп, аркандан бошонуу үчүн жасаган аракетинен да майнап чыккан жок. Ал ансайын, аркан жыландай чыйралып денесине батып бара жаткансыды. Мен аргасыздан аны көздөй жүткүндүм да, бирок тиги эркек тээп жибергендиктен кулап кеттим. Башымды өйдө көтөрүп карап, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Күйөөм мени тигиле карап туруптур.
Силерге калп, мага чын. Эстесем азыр дагы аза боюм дүрүлдөйт. Сүйлөй албагандыктан, ал ички дүйнөсүндө эмне болуп жаткандыгын мына ошол көз карашы аркылуу берүүгө аракет кылгандай. Мен ал көз караштан анын мага карата болгон аёо сезимин же болбосо каарын эмес, жек көрүүсүн туйдум! Ошол маалда мен үчүн жер астын-үстүн болуп кеткендей эле болду. Тиги эркектин тээп жибергени эмес, дал ошол көз караш жети өмүрүмдү жерге житире кадап жибергендей, дендароо боло апкаарып отуруп калдым да, ачуу чаңырып алып, эс-учумду жоготуп жибердим.
Эсиме келгенимде тиги көк кийимчен эркек, бизди таштап эбак эле кетип калыптыр. Мен өйдө турдум да, дагы деле байланып турган эримдин көздөрүнө тигилдим. Тилекке каршы, алар дагы деле болсо жек көрүү сезими менен: «и-и, бетпак, сага дагы эмне керек?»- дегенчелик кылып телмиришет. Мындайды Кудай башка бербесин. Сезимиме бүлүк түшүп, оюма ар нерселер келди… Мына бул – адамга адам кас тиккен ырайымсыз дүйнөгө жаралып калганым үчүн Жаратканга, жаралып калган тагдырыма миң мертебе наалат айтып өкүрүп-бакырып ыйлагым келди… Бир маалда турдум да, темселеген боюнча күйөөмдүн маңдайына барып, мындай дедим: – «Бүттү, баары бүттү! Мына ушундан кийин мен сизди кайсы бетим менен карайм. Жок. Антүүгө мүмкүн эмес. Андыктан мен өлүүнү чечтим. Бирок… сиз дагы өлүүгө тийишсиз. Анткени, сиз менин кантип маскара болгондугума күбө болдуңуз. Демек, мен сизди тирүү таштап коё албайм». Канчалык оор болбосун, мен ага бул тууралуу айттым да, кылычын издей баштадым. Бирок, кылыч тургай жаа жана анын жебелери да жок болуп чыкты. Менимче, аларды каракчы өзү менен бирге ала кетсе керек. Кудай жалгап, бут алдымда канжар жаткан экен. Мен аны колума алып, күйөөмө жакын келдим да: «Алгач сизге, андан соң өзүмө кол салам»-дедим.
Менин мындай дегенимди уккан ал эрдилерин кыбыратып бирдеме дегендей болду. Албетте, оозуна бамбуктун жалбырагы тыгылып коюлгандыктан үнү чыкккан жок. Бирок, мен анын мына ушул ооз кыймылы аркылуу ал эмне деп жатканын дароо түшүндүм. Баштагыдай эле жек көрүү сезими менен ал: «Өлтүр!»-деп бир эле сөз айтты. Ушундан кийин мен чымырканып туруп, канжарды анын көкүрөк тушуна матырып жибердим да, кайрадан эс учумду жоготуп жибердим. Эсиме келип, эки жагымды карасам, күйөөм дагы деле байлануу боюнча экен. Анын кубарыңкы жүзүнө бамбук жана криптомерийдин чырмалышып калган бутактарынын арасынан батып бара жаткан күндүн акыркы нурлары таасын тийип туруптур. Солуктап ыйлаган боюнча мен анын арканын чечип жаттым. Андан кийин… андан кийин эмне кылдым? Бул туурасында айтуу мен үчүн өтө оор. Өзүмдү өзүм өлтүрүүгө кылган бардык аракеттеримден эч кандай натыйжа болгон жок. Кекиртегиме шамшар такап, ал тургай тоо этегиндеги көлгө чөгүп да көрдүм. Болбоду… Тилекке каршы, менин ичер суум али түгөнө элек окшойт. (муңайыңкы күлкү). Балким, менин бул кылыгыма тиги көктөгү Каннондун кыжыры келип, менден жүзүн буруп кеткендир… Бирок, өз күйөөсүн өлтүргөнү аз келгенсип, каракчы тарабынан мазакталган мага эми эмне кылуу керек? Мага эмне… мага… (капысынан боздоп ыйлоо).
КӨЗҮ АЧЫКТЫН ЖАРДАМЫ АРКАСЫНДА ӨЛГӨН АДАМГА ТИЕШЕЛҮҮ АРБАКТЫН АЙТКАНДАРЫ
Арам оюн ишке ашырган соң каракчы чөгөлөй отуруп алып, ар нерселерди саймедиреп аялымды алдоого өттү. Өзүңүздөргө маалым болгондой мен оозума жалбырак тыгылган боюнча бакта байлануу элем. Ошого карабастан мен аялыма: «Ишенбе, ал сени алдап жатат!»-дегендей ишарат кылганым менен аялым мага көңүл бурган жок. Ал телмирип тизесин тиктеген боюнча кыймылсыз отура берди. Аны мына ушундай абалында көргөн адам, каракчыны кунт коюп угуп отурат деп ойломок.