АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
Көрбөй көздөр кашайып,
Алтайда туулган кези экен!
Атаңдын көрү, куу бурут,
Аман болсо көрөрсүң,
Бээжинге салат чуу бурут!
Бедөөнүн жалын өрүп ал,
Берен Манас канкорду
Беш-алты жылдын ичинде,
Бээжиниңден көрүп ал!
Буурсунду бурдурбайт,
Бузук салса ал бурут
Бул Бээжинге турдурбайт.
Кызыталак ал канкор,
Кылымды бузган ал анткор
Чалыяр баспас бул Бээжин
Чалкалап кирчү жан ошол.
Сулайман тийбес бул Бээжин
Сурак алчу кул ошол.
Оңой Манас уул эмес,
Чарпыша кетсе Каканды
Талкан кылбас ал эмес!
Аярлар сени жиберсем,
Кокуй болгон экенсиң!
Көрбөй көзүң кашайып,
Атаңдын көрү, манжуулар,
Сокур болгон экенсиң!
Алтай басып манжуулар,
Жүрбөй калган экенсиң,
Колуңдагы баланы
Билбей калган экенсиң!
Каарданып дүпүлдөп,
Каарды катуу баштады,
Сынап барган алтымыштай аярын
Бирөөн тирүү койбостон,
Такыр кырып таштады.
Калдайдан кабар кеп угуп:
«Кан Манас чыкты», - деп угуп,
Катуу буйрук баштады.
Көк күбөнү жамынды,
Көрөр болсоң Эсенкан
Көк жолборстой чамынды.
Каарды катуу баштады,
Калың тыргоот, манжууну
Кырып ие таштады.
Коңгуроо белги кагылып,
Кол эсинен жаңылып,
Каны өкүм кылганда,
Калк жыйылбай турабы?
Эсенкан каарын төккөндө,
Кумурскадай көп кытай
Жыйылбай карап турабы?
Алтын такта Эсенкан
Азапты катуу баштады.
Эсенкан каарын көргөндө,
Күрмө кийген күчтүүлөр
Жандан кечип таштады!
Таштуулары жүгүрдү,
Байлоодогу балбандар:
«Өлдүк», - деп жандан түңүлдү.
Кан Эсенкан бакырып,
Көп аскерин чакырып:
«Күрмө кийген күчтүүң кел,
Таш сайынган тазаң кел,
Айзага камбыл ыктууң кел,
Аябаган мыктууң кел!
Жоо бөрүсү эриң кел,
Жолобой, жоого тийүүчү
Жоон көкүрөк бөрүң кел!
Коркогуң коюп, эриң кел,
Айза тийсе солк этпес,
Баатыр болуп барчуң кел!
Беттешип жоого барганда
Бет алышып сайышып,
Мээнетти мыктап салчуң кел!
Кара мылтык карс этсе,
Кайра тартпай кирүүчү,
Кажыбай жоого тийүүчү
Улуксуган жаның кел,
Мына ушундай баарың кел!
Кайраты артык эриң кел,
Ал канкорго айкырып,
Аянбай айза сунчуң кел!
Айгайлап журт кырылса,
Ашып-шашып кетпестен
Туу түбүнө турчуң кел!
Чын кайратман баарың кел,
Ат оюнчу, жөө күлүк,
Казыналык чоң мерген,
Камбылдарың баарың кел!»
Эсенкан каарын салганда,
Ак асаба туу болуп,
Айгайлаган чуу болуп,
Көк асаба туу болуп,
Көк жаңырган чуу болуп,
Он башчылар ороктоп,
Айзанын башы короктоп,
Жезнай үнү чыркырап,
Көк ала желек көрүнүп,
Көргөндүн баары бөлүнүп,
Түркүн-түркүн сөгүлүп,
Каны буйрук кылганда,
Аскери бөлөк бөлүнүп,
Тыңшабастар кырылып,
Тыргооту тыйпыл жыйылып,
Манжуу, кытай калкы бар,
Бары-жогун жыйнаптыр,
Каны буйрук кылганда
Жыйналбай адам калбаптыр.
«Манжуу каны - Эзкара,
Калмак каны - кан Жолой,
Калбай булар баргын, - деп,
Чоң аярым Каражой,
Канкор бурут көөдөккө
Калайманды сала көр,
Калбай сен да бара көр!
Мергендигиң ашынган,
Берендигиң бар эле,
Куурай көрсө жашынган.
Эрендигиң бар эле,
Беттешкенди мерт кылган,
Кыйындыгың бар эле.
Атаңдын көрү, Каражой,
Кол ичине катылса,
Күлүгүн атып жайлай көр.
Күйүп кеткен канкорду,
Кызыталак анткорду
Өлтүрбөстөн, житирбей,
Аман байлап келе көр!
«Каным, сизге тартуу», - деп,
Дал өзүмө бере көр!
Байлап келсең Манасты
Дегениңе көнөрмүн,
Оой, Каражой, угуп тур,
Мактанган бойдон мен Эсен
Бакбурчун канын берермин!»
«Калмактардан, кан Жолой,
Кайдасың?» - деп, чакырып,
Кан чакырып турган соң
Жолой келди барбайып,
Жолум үйдөй дардайып.
Жанына Жолой келгенде,
Жолойду Эсен көргөндө
Баскан жерин тебелеп,
Коё берди Эсенкан
Эр Жолойду жемелеп:
«Атаңдын көрү, эр Жолой,
Ааламды буй кылган
Артык элең, сен Жолой.
Алдырып салган экенсиң,
Алкымыңдан арсланга
Чалдырып салган экенсиң!
Балбан кана, эр кана?
Баатыр Дөңгө, Каман алп
Булардай болгон эр кана?
Кыр жагыңдан чалдырып,
Кыраандардын баарысын
Бурутка белек алдырып,
Бул эмине кылганың?!
Нечүн өлбөй турганың?!
Жети батман буудай жеп,
Дан жыттанган кул элең,
Жетимиш алп өлтүрүп,
Кан жыттанган кул элең!
Алты батман буудай жеп,