КУРМАНБЕК

ЭПОС

КУРМАНБЕК

Ээрчитип алып элге кайт.

Бет алдырбай саюучу,

Кастык кылып келгенди,

Бекинип туруп ок берсе

Мээге атуучу мергенди,

Бетине келсе түшүрчү,

Менменсиген эрлерди.

Барбасын балам Курманбек

Бакбурдун жөнү ушундай.

Байкаса боло жалгызым

Жашынан шумдук иш кылбай!..

Балапан кезден бер жакка

Келе жатат бир тынбай.

Бакбурхан өңдүү дөөлөргө

Барар кези боло элек.

Баатырлыкка жетишип,

Балтыр эти толо элек.

Жаш балапан күнүндө

Жандан кечип не керек!..

Жашы жетти Курманбек

Жыйырма төрткө жаңыдан,

"Көпкөндүккө жеңдирбей;

Жетилсе боло абыдан...

Өзөгү бөлөк душмандан,

Өз эл жакшы тааныган.

Бала баатыр жалгызым,

Каны суюк жаш бала.

Оолуктуруп баланы

Мени каран таштаба!

Бу күйдүргүдөн айрылсам,

Күнүм түшөр башкага.

Койдуруп кой баланы

Барамын деп оолукса.

Бакбур тирүү коёбу,

Балапанга жолукса.

Көөнүнө түшөр баланын,

Көпкөндүгү соолукса.

Байкасын баатыр Курманбек,

Барса да Бакбур кыз бербейт.

Кыпчактан келген бир бала

Кыз аласың кимден дейт.

Айта баргын Зайырбек

Анда барса соо келбейт.

Тил алсын уулум барбасын,

Табалбайт түбү аргасын.

Кыргыз, кыпчак элимден,

Кыдырып кызын тандасын,

Атам айтпай койгон экен деп,

Түбү менден көөнү калбасын.

Кантип бир кыз жок болсун,

Кыпчак менен кыргызда,

Ушунча элди сатабы,

Угуп алып бир кызга?

Ушул менин сөзүмдү,

Айта баргын жалгызга...

деп Тейитбек Зайырбекти жөнөттү. Зайырбек Курманбекке барып Тейитбектин сөзүн айтты эле, Курманбек атасынын сөзүн укпастан: - «Кана Зайырбек ага, мени менен барасыңбы, же аны менен каласыңбы» - деп, кайра анын өзүнө кайрылды.

Зайырбек барайын дейт Тейитбектен коркот, барбайын дейт Курманбектен коркот, айласы кетип турду да: - баатыр барайын, бирок өлбөй келсек хандын өлүмүнөн сактасаң болду - деди. Курманбек ыраазы болуп Зайырбекке карай айткан сөзү:

 

 - Атамдан артык абаке,

Эми жактың көңүлгө,

Ушу кылган ишиңди,

Унутпасмын өмүрдө!

Колдон келер иш болсо,

Мен кетем сиздин өлүмгө,

Отуз нарга жүктөтүп,

Түгөнбөс түрдүү күл азык,

Кайып ишке жөнөдүм,

Кайдан буйрат туз насип.

Кабарын угуп токтонбой,

Канышайга мен ашык.

Алыска сапар жол жүрүп,

Ысык чөл, кара кум басып,

Как эткен карга жок болор,

Катуу багыт бел ашып,

Канышайды алар бекемин,

Тилекке жетип муң басып...

Эриксең эрмек болсун деп,

Капалык көөнүң толсун деп,

Эки бирдей ырчы алдым.

Эт жаңылап жесин деп,

Элүүдөн ашык жылкы алдым

Эр эңишер жоо болсо,

Эсебин табар мен бармын!

Кырк саба кымыз кайнатып,

Кырк көөкөр арак тарттырды

Кырк жигитке тапшырып,

Кыбыратпай арттырдым.

Абаке сенин барыңдан,

Ушунчалык сарп кылдым.

Жөнөп чыкты Курманбек

Шартылдата жол жүрүп.

Шаани менен кондуруп,

Конгон жерде бир бээден

Коногуна сойдуруп.

Каалаганы Канышай

Аламын деп ой кылып.

Бухардан ары түз өтүп,

Узун жолдон көзү өтүп.

Уктаганда кырк жигит

Алмак-салмак күзөтүп.

Бара жатат Курманбек,

Арадан эчен күн өтүп.

Дегдеп барат Курманбек,

Тажиктин элин аралап.

Дегеле момун экен деп,

Байкап барат чамалап,

Кырк жигит кыраан эмеспи,

Туш-тушунан сагалап.

Бээ союучу бешөө бар,

Ат багуучу алтоо бар,

Канышай үчүн Курманбек

Кара башы ынтызар.

Катуу багыт жол тартып,

Каалаганы ашык жар.

Конгон жерде бир бээден,

Коногуна жетишип,

Күндүзүндө бардыгы,

Күл азыктан жеп-ичип,

Артып калса союштан,

Кол кайрыгы беришип.

Так отуз күн жол тартып,

Барды Оогандын бетине,

Кечинде жетип токтолду

Чоң Үргөнчтүн четине,

Жатып калды кеңешип,

Таң атканда кечүүгө,

Эрте туруп Курманбек,

Дүрбү салып карады.

Караган менен көрүнбөйт,

Эч нерсенин карааны...

Маңдайынан көрүндү

Карайган шаардын барааны.

Ошо шаарды көргөндө,

Ак үйлөргө жөлөгөн

Кандай сулуу экен деп,

Канышайды санады.

Дүрбү салып караса,

Түрдүү сонун тамаша,

Катар-катар ак үйлөр,

Тигилип турган жанаша.

Жүрөгү сыздап токтонбой

Ошо Канышайды санаса.

Ак үйлөргө жөлөгөн

Кара түпөк найзалуу,

Аттарынын баарысы

Каңтарылып байлануу.

20.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.