КУРМАНБЕК
ЭПОС
Аскери жатат куралып,
Ар душманга шаймандуу,
Бала баатыр Курманбек,
Көргөндө көөнү жайланды.
Белин чечип Курманбек,
Этин таза жуунуп,
Пери ургандай теңселип,
Белин бекем буунуп;
Зайырбектин жанына,
Басып келди бурулуп.
Атамдан артык Зайырбек,
Азандан турдум делбиреп,
Дүрбү салып карадым,
Тетиги ак айылды белгилеп,
Ошолорду көргөндө,
Оолугуп турат от жүрөк...
Кароолу дүрбү салбасын,
Суучулдар кечүү чалбасын;
Аңдоосунан билгизбей
Аскери келип калбасын.
Кечигип калсак кокустан,
Кечүүнүн оозун албасын.
Камыналык абаке,
Камалып калбай бекерге,
Сак болгула жигиттер,
Чоң дайраны кечерге
Маңдайдагы душманга
Сыр алдырбай бекерге
Бээ союучу бешөөң кал
Ат багуучу алтооң кал
Ардакталуу жолборстор,
Айтканыма кулак сал.
Алдырбагын душманга
Айдаганың далай мал.
Кырк жигитим ат току!
Кыбырабай бат току!
Оор кийимди бүктөтүп,
Чыкчыйтып тике бөктөрүп.
Чылбырынын баарысын,
Бир-биринен өткөрүп,
Кыз эсинде Курманбек,
Жүрөгү жалын өрттөнүп
Кандуу көбүк дайрага,
Каз катар тартып түшүштү,
Калганынын баарысы
Каз менен куудай сүзүштү.
Каркыра менен турнадай,
Канаттарын тизишти.
Арасында коркогу
Жанынан үмүт үзүштү.
Курманбек менен Зайырбек
Эки жакы жанында,
Кырк жигиттин колдору,
Аттарынын жалында!..
Теминсе ыргып зыпылдап,
Теке жоомарт Телтору ат,
Куудай сүзүп кылкылдап,
Жер үстүндө жүргөнсүп,
Жебелеп сууга эч батпайт.
Кырк жигитти дайрадан,
Сүйрөп чыкты Телтору ат.
Жүрөгү жок коркогу
Жүдөп чыкты саруулап,
Сүйлөй албайт балдырап.
Жадырап-жайнап Курманбек
Зайырбекке кубанып,
Чогулушту кырк жигит
Эсин жыйып куралып.
Ким жүрөктүү, ким коркок,
Суу ичинде сыналып.
- Тобокелсиз иш болбойт,
Ажал жетсе ким колдойт,
Ар убак мындай заманга
Аярлансаң эч болбойт,
Менден мурун Үргөнчтөн
Эр Семетей бир кечкен!
Сүздүрүп өткөн Күлчоро
Кечүүнүн жөнүн билбестен!
Буга окшош дайрадан
Биз өңдөнүп ким кечкен?
Дайраны кечип Үргөнчкө,
Чыккан адам болбоптур.
Чыкканы менен Бакбурду,
Жыккан адам болбоптур!
Бакбур менен беттешип,
Сайышкан адам болбоптур!
Зайырбек аба аттанып,
Элчиликке барыңыз,
Бала баатыр келди деп,
Бакбурга кабар салыңыз...
Кыргыз менен кыпчактан,
Бир айчылык ыраактан
Эр Курманбек келди де,
Келгенимди белгиле,
Сенден башка баатырдын,
Баарын койбой жеңди деп.
Бакбур менен сайышып,
Жыгылсам тирүү эмесмин,
Жыгылып калса Бакбурхан
Кыз беришке кеңешсин, .
Ээрден ооп кыйшайып,
Үзөнгүдөн бут тайып,
Оодарылып оңолсом
Арманда калдым дебесин.
Өзү баатыр кадырлуу,
Мүчөсү тегиз далылуу!..
Өзү теңдүү адамдан,
Сыймыгы бар бактылуу,
Кандай баатыр чыкса деп
Канышайды берем деп,
Анты-шерти тагылуу,
Кантип бизге таанышат,
Жыйырма төрттө баламын,
Жетиле элек жаш канат.
Жаш канатка алдырса
Өзүнө жаман ат калат,
Баласынтпай өзүмдү,
Бардык күчүн арнасын.
Бастырып койбой чу коюп
Баканын бекем кармасын.
Тоотпой келип кокустан,
Уят болуп калбасын.
Курманбек айтар сөзүн айтып Зайырбекти жөнөттү. Зайырбек бара жатса кайтарып турган кароолчу, жер жесеген жесекчи, сарайларга сакчысы, бакылдаган бакшысы, пайгамбардын балы деп, дагы бар төлгө тартчусу, бир жагында тизилип турган аскери турат.
Зайырбек муну көрүп калтаарып коркуп, элдин түрүнөн жаны калбай шайы кетип, чет жагындагы элчисине: бир хандын элчиси элем. — Бакбурханда «Мен сөзүм дагы бар эле, жооптошуп кайтсам экен» — деп, сурап отурганда, Бакбурхандын кырк жигити менен ордосунан чыгып келе жатканын көрдү да Зайырбектин салам берип, Бакбурханга айтып турганы:
- Атсалоому алейким,
Салам айттым сиз жакка,
Алыстан келген элчимин,
Алик ал ханым биз жакка.
Падыша Бакбур байкагын,
Бардык сөзүм айтамын,
Бала баатыр жиберди,
Жооптошуп кайтамын.
Кыргыз менен кыпчактан
Кыраан чыккан Тейитхан,
Жалгыз уулу Курманбек
Кыз жактырбай кыргыздан,
Кызы бар деп биздин хан
Уккан экен сиз жактан
Менин атым Зайырбек,
Тейитханга увазир,
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.