КУРМАНБЕК
ЭПОС
Орустун эли мактаган.
Бир балалык болбосом,
«Кудай» кантип жаратсын,
Колунан келсе кыпчагың,
Калмакча мени каратсын!
Канакей бачым алып чык,
Суу ордуна кан аксын.
Жер таянып жыгылбай
Жетимиш жашка келгеним,
Жалгыз кыпчак камаса,
Жамгырдай агат жан терим!
Жазы ооган эл үчүн
Жанымды аяп кантейин.
Эртең менен эртерээк,
Күн чыгардан эртелеп,
Беттешер болсо камынып,
Даярдансын Курманбек!
Сөздүн баарын калтырбай
Айтып баргын Зайырбек!
Бакбур хан сөзүн бүтүрдү. «Бир өлүмдөн калдым» — деп Зайырбек Бакбурдан Бир көргөн билгенинин Курманбекке айтып турган жери:
Бала баатыр Курманбек
Бакбурга барып кел дедиң
Жашчылыкка жеңдирип,
Көпкөнүңдөн желдедиң!
Канышайды аламын
Арачы болгун сен дедиң.
Бакбурханга мен бардым,
Келгенимден кеп салдым,
Жуучулукка келдим деп,
Каарына кармалдым.
Ар шайманы дапдаяр,
Айбатына таң калдым.
Кошуну миңден кураган,
Тулпары туйлап чураган,
Оолугуп Бакбур сүйлөсө,
Оозунан түтүн бураган!
Он эки нөкөр увазир
Оозунан сөзүн улаган.
Сакчысы жолун сактаган,
Чаркчысы кылыч чарктагам,
Устасы ууга сугарып,
Айбалтасын таптаган.
Бакбурхандын мүнөзүн,
Байкап турсам эң жаман...
Аянбай келсин балаң дейт
Айта бар менден салам дейт
Айлымды тоотпой аралап,
Бу келиши жаман дейт.
Келгениң менен түбүндө,
Кете албайсың аман дейт.
Кайратымды качырды,
Сөөгүмө сөзүн батырды
Үрөйүмдү учурду,
Кыз алам деп Курманбек,
Кылар ишиң ушулбу?
Кийингени көк темир,
Курчанганы ак темир,
Сүрөтү адам дебесе
Тулку бою бир сеңир!..
Канышай өңдүү бир сулуу,
Кыпчак, кыргыз элдедир!...
Бакбурдун кызын издеген,
Бала болбой жерге кир!
Үч арал Үргөнч жер болсо,
Кайнаган ооган эл болсо,
Ортосунда кечүү жок
Агып жаткан сел болсо,
Түрүн көрүп Бакбурдун
Түңүлүп келдим мен болсо.
Каарланса Бакбурхан,
Калмакча көрөт мени деп,
Тоотпой келген баланын,
Суудай суусун деми деп,
Кесири көп чунактын,
Келген экен эби деп.
Кесири жок кетели,
Кечинде сууну кечели!
Өрөпкүбө Курманбек,
Ар кимдин жакшы өз эли!
Дайыны жок жумушка
Дайрыган менен жетеби.
Баарыңар бирдей жаш бала,
Сөзүмдү бекер таштаба,
Өзүнүн эли болбосо
Өкүм өтпөйт башкага!
Сага Бакбур кыз бербейт.
Бекеринен аксаба...
Деп ошондо Зайырбек
Айтып өттү далай кеп.
Эми кантип айтабыз,
Кызыңды бергин Бакбур деп,
Таң агарып атканда,
Тараза жылдыз батканда,
Тура калып Курманбек
Кырк жигитти чакырды,
Зайырбекти ойготуп,
Айтып турат акылды:
- Атамдан артык жакыным,
Жагабы ушул акылым.
Жаштык кылып жалтанбай.
Жүрөгүм коркуп калтаарбай,
Бакбурду саят баатырың!
Кырк жигитим ат току,
Көп кечикпей бат току
Келсин дептир барайын,
Бакбур менен беттешип,
Бак талаайга салайын.
Абакем Зайыр сөз байка,
Ар ким баатыр элинде,
Малсыз жарды болсо да
Бай ойлонот жеринде.
Бардык элге угулган,
Бар бекен Бакбур кебинде.
Карышып Зайыр сактанды,
Хан Курманбек аттанды!
Кылчаңдабай кырк жигит,
Кыраандык кылып шаттанды.
Бала баатыр ойлонду,
Өз «атагын» сактаарды,
Зайырбек менен Бакбурдун,
Убада кылган жерине
Барып турду Курманбек
Бас дөбөнүн белине!
Дүрбү салып карады,
Бакбурхандын чебине,
Караса көзүн жиберип,
Туш-тушу туюк чеби бар,
Ошол чептин ичинде
Дүңгүрөгөн эли бар...
Канышайды көрүүгө,
Хан Курманбек болду зар
Ат ойнотту чаңдатып,
Бас дөбөдөн Зайырбек
Кылактатып туу жайды,
Сайышсаң Бакбур келгин деп,-
Мен дагы сага барабар
Тең келүүчү эрмин деп...
Теке жоомарт Телтору ат,
Сын-сыпаты кем эмес
Бугу менен маралдан!...
Басыгыңа чаң жетпейт
Жаралгандай шамалдан.
Бас дөбөдөн чаң көрүп,
Туу жайылткан жан көрүп,
Турушунда шаң көрүп,
Ат ойноткон эр көрүп,
Аркасынан бир канча,
Аңдап турган эл көрүп,
Бакбурхан айтты баарыга,
Жашы менен карыга, - Ат ойнотуп туу жайган,
Арыштап далай эр сайган,
Маргалаңдын нар жагы,
Анжыянда чарбагы,
Угулуп жүргөн ошонун
Ар убакта «атагы»,
Бир беттешпей койду деп,
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.