КУРМАНБЕК

ЭПОС

КУРМАНБЕК

Ыкыбалы жарашса,

Ылайыкко ошонум...

 

Бакбурхан Зайырбекке айтар сөзүн айтып, колун кармап коштошуп жөнөдү.  Зайырбек, кырк жигит болуп, көңүлдөрү толуп, кабактары ачылып, кумарлары жазылып, Курманбек баатырга ракмат айтып турушту. Бакбурхан элине барды. Эл бийлеген кадырлуу кары, жашын жыйнап алды да кеңеш салды: - Менин шертим бар эле: «Үргөнчтүн суусун кечип чыгып, мени ким сайып жыкса, кызым Канышайды бермекмин. Үргөнчтү кечип чыкты, мени сайып жыкты, антышертим боюнча кыз береминби, же башка дүнүйө-мүлк, жылкыдан күлүк береминби - деди.

Көпчүлүгү - бу балага бербеген кызды кимге беребиз ханым, бирок биздин айтар сөзүбүздүн жообун Төпө чечен берет - дешти. Ошондо Бакбурханды карай Төпө чечендин айткан сөзү:

 

- Падышабыз Бакбурхан,

Ким чыксын сенин ыгыңдан

Бала баатыр беренди,

Бактылуу күнү туш кылган.

Сыр алдырбаң качырып,

Сынай бардым мен мындан.

Азыркы күндө Курманбек

Жыйырма төрпө жаш болсо,

Он төртүнөн бер жакка,

Эр сайышка маш болсо,

Кыргыз менен кыпчакка  

Кызматы менен баш болсо,

Өзбек калкы кадырлап,

Өзүнүн элин көбүнүн,

Каргадай бала кезинен,

Кармашарга жоо күтүп,

Кандай баатыр болсо да

Алып жүрсө кан бүркүп,

Бухар, тажик, түркмөндү,

Тоотпой өтсө аралап,

Тоодой баатыр Бакбурду

Тогуз күн жатса камалап,

Токсон адыр Үргөнчтү

Тостой9 кечсе сабалап,

Калмакты чаап каратса,

Кашкардын ханы токтолуп,

Жолдон тосуп карашса.

Жолборс өңдүү сүрү бар,

Жоону көрсө кызыган

Жолборс жүрөк Манасча.

Ойлойтур хан арман жок,

Каным Курманбекче жаралса,

Сен өзүң_балбан оогандан,

Өөрчүп кетсең душмандын.

Өрт жалындай бала экен

Өрөпкүгөн жоону алган!

Баралына келгенде

Бас келалбай эч балбан.

Абдан акыл Бакбурхан

Өзүңдүн тапкан кеңешиң,

Мындай эрге бербесең

Анан кызыңды кимге бересиң?..

Курманбекти колго алсаң,

Анан аңдышкан жоону жеңесиң.

Падыша Бакбур ханыбыз

Ылайык таптык баарыбыз.

Бактылуу баатыр беренди

Бала кылып алыңыз!..

Калың ооган элиңди

Канатташып багыңыз.

Аралы терең Үргөнчтөн,

Акпай кечип ким чыккан,

Илгертен бери өзүңдү,

Ким сайышып, ким жыккан?

Бирөө менен беттешсең

Биз кирүүчүбүз туш-туштан.

Оңой бала дейсиңби

Ойротту бузган омуруп,

Кыраандыгын карматса,

Кырк жигити чогулуп.

 

Төпө чечендин сөзүн Бакбурхан баштаган көпчүлүктүн баары угушуп, Канышайды бермек болду. Бакбурхан үйүнө келип, ордо кыздан отузду, сынаакы сулуу келиндерден отузду, кырк "жигит кошуп, «тосуп келгиле»—деп, жиберди.

Алардын арасынан керней, сурнайды тарттырып, боз балдарга көкбөрүсүн тарттырып, төрт ак өргөө көтөрүп Курманбек баатырды шаани-шөкөт менен түшүрдү.

Канышай ойлонуп отурду да: «Атам мени кыргыздын жолоочулап келген бир баласына бермек болуп жатат, мен барып ошол бала баатырдын сыртынан сынайын. Көңүлгө Толсо ичимден тынайын, эгерде көңүлгө туура келбесе бир чоң чатак кылайын,— деп, өзү менен акылдаш жандай көргөн сырдаш, курбу жеңеси Батыйманы ээрчитип чыгып аны карай Канышайдын айтып турган сөзү:

 

— Бермек болду атакем

Жолоочу келген балага.

Кагылайын жеңеке

Кайгы түштү санаага,

Ички сырды айтам деп,

Ээрчитип чыктым талаага.

Бейлин бузуп атакем

Кетирмек болду алыска,

Ага да жок, ини жок

Кабарымды алышка,

Кайгылуу жалгыз экемин,

Кайсыным барат намызга;

Кантип барсын Бакбурхан

Карып калган абышка.

Ага ини болбогон.

Таалайымдын жогубу?

Туулганда жалгыз жаралган,

Маңдайымдын шорубу?

Кылчаярым жок жасап,

Кыска кылдың колуму,

Оюна жетпейт кыз байкуш,

Адам заттын корубу?..

Ага-ини жок болсо да,

Эже-сиңди болбоду.

Кагылайын жеңеке,

Кайгынын туусу орноду.

Жалгыз канат жалгыз жан,

Жаралгандан шордобу?

Карып кеттиң ата-энем,

Баласыз өтчү жаш белең,

Жараткандын боору таш,

Жалгыз эркек бербеген,

Туулгандан жалгыз кыз,

Тумшугу тайкы мен белем?

Багалбай жатат чыркырап,

Кээ бирөөдө он бала,

Керексиз ишти ойлонуп,

Кейитесиң ой санаа.

Амансыңбы эжем деп, .

Аталаш барар күн гана!

20.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.