КУРМАНБЕК
ЭПОС
Канышайдын сөзүн угуп, жеңеси Батыйма: бу ар кайсыны ойлоп жашып алды, кайрат берип, - капасын жазып, күйөө жагынан сөз баштап күлдүрөйүн деп Батыйманын айтып турган сөзү:
— Эчки тууйт эгизди
Эки жылда сегизди.
Укканым жок кыз бийке
Телегейи тегизди.
Олуту жок жумушка,
Капа болсоң жакшы ишпи?
Карууңду кетирип,
Капаланба бекерге,
Муунуңду бошотуп,
Болбос ишке кекенбе.
Хан баласы кыз бийкеч,
Жакын калды кетерге,
Күүгүм кирди кыз бийке,
Күйөөгө басып баралы,
Туурдук түрүп шыкаалап,
Тушунан комуз кагалы,
Туюнбай барып сынайлык,
Күйөө болчу баланы.
Көңүлүңө жакпаса,
Ошерде чатак кылалы.
Ордунан турду буралып,
Оймок ооз, калем каш,
Шыңга бойлуу алма баш,
Бүтүн жибек кийинген,.
Түймөлөрү асыл таш,
Тунук сулуу Канышай
Он алтыда өзү жаш,
Жеңеси менен буралып,
Басып келди жанаша,
Тушуна туруп Канышай,
Көз жиберип караса,
Оюн күлкү тамаша.
Акыны бар ырдаткан,
Айылында жаткандай,
Кырк жигитин жыргаткан
Кызыганда Курманбек,
Канышай качан келет деп,
Ырдап иет бир жактан.
Кыйлада жок эр неме
Келгенин билбей ыраактан,
Көрүп туруп Канышай,
Курманбекти сынады,
Кандай бала экен деп,
Көңүлүндө сурады,
Өзү кирип барыштан,
Араң зорго чыдады,
— Байкадыңбы жеңекем,
Маңдайы бактуу эр экен,
Баралына келгенде,
Падыша болчу бек экен.
Баатыр Бакбур атамдын
Бул айтканы эп экен.
Кырк жигитин карасы,
Кыл баатырдан кураган,
Кыйыгына калган жоо,
Кайратынан кулаган,
Кыргыз, кыпчак көп элин,
Ошону үчүн сураган.
Бактысына ишенип,
Баса келген турбайбы,
Бакбурдун кызын алам деп,
Шаша келген турбайбы,
Жылдызы экен адамдын
Ким жактырбайт мындайды.
Кошулар болсо өмүрүм
Ачылды жеңе көңүлүм,
Өөнү жок көрүндү,
Өмүрлүккө шеригим,
Мээрлүү берен турбайбы,
Коргошундай эридим -
деп Канышай Батыйманы ээрчитип кайта жөнөдү.
Бир канча күн өттү. Курманбек Зайырбекке ат багуучу алтоо жок, бээ байлоочу бешөө жок, маңдайдагы малдарды, мал багышып калгандарды кечирип алуу керектигин айтты. Бакбурхан аларды кечирип алды.
Кырк күнү кыңшылатып, отуз күнү оюн кылып, дүрдүнүйөсүн жайып, отуз нардын жүгү менен күйөө, кызын жөнөттү. Курманбек Канышайды алып келди. Кашкардан Аккан досун алдырып башына коюп, чоң той берди. Аккан досун, куда, сөөк тамырын узатты да жатып калды.
Курманбек беш-алты жылдан кийин ойлонуп отуруп: « - Мен кыргыз, кыпчактын ханы болсом Кашкардын ханы Аккан досум болсо, Оогандын ханынын кызын алсам, калмактан жылда алым алып турсам, атамдын жанынан чыкпай жатканча калмакка жакын, Аккан менен канатташ тургандай ордо салдырайын» —деди. Салдырган жайы эки жыл ичинде бүттү, элинен эл бөлүп, жакынын жамдап алпарып коюп, Курманбек атама учурашып келейин деп, кырк жигиттин ээрчитип Жазы шаарына келди.
Тейит ханга саламдашып ошондо: «Калмакка барар убагымдан үч ай өтүптүр. Эми да болсо барайын» деп кырк жигиттин жөнөтүп атасы Тейитбектен Телтору атын суратып турган кези:
— Аталаштан артыгым,
Жатындаштан жакыным,
Жаш күнүмдөн бер жакка
Бир айтылган акылым,
Телтору атын атамдан
Сурап келгин акырын,
Энелештей эрке өскөн
Эзелки сырын кеңешкен,
Адалды жесек бир жеген,
Атасы башка дебеген.
Акылдашым кырк жигит
Айбатымсың баарың тең.
Тобурчак атым мингендер,
Торко тонум кийгендер,
Тоо текедей түйүлүп,
Душманды беттеп сүргөндөр,
Кара атымды мингендер,
Камка тонум кийгендер,
Кас санаган жоо болсо,
Кайрат менен сүргөндөр,
Канатымды жетилтип,
Каралды болуп жүргөндөр.
Акыл эсиң теңдеген,
Адалды жесем бир жеген,
Ак шумкар салсам бир салган,
Алыска барсам бир барган,
Акылымдан чыкпаган,
Айланайын кырк балбан,
Ак тузумду таткандар,
Ак ордомо жаткандар,
Кылчаңдабай душманга
Кылычымды чапкандар;
Кырк жигитим аттанып,
Хан Тейитке чапчаң бар.
Кара таандай калмакка,
Жылда бир маал барчу элем,
Караптатып четинен
Кабарчыны салчу элем,
Канкор Дөлөн калмактан
Салымымды алчу элем.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.