КУРМАНБЕК
ЭПОС
Кан төгүшкөн жагымды.
Менин тилимди албастан,
Өзүнчө алса катынды,
Атасы Тейитбек мен болсом,
Айтканыма көнбөсө,
Ар убакта сындырып,
Душманынча көрбөсө,
Мындай бала курусун,
Көңүлүм тынбайт өлбөсө!..
Ар убак тилим алган жок,
Айтканыма барган жок,
Атышып жүрүп Курманбек
Калмактан өлсө арман жок.
Тоодой болсун алтыным,
Томуктай берер жардам жок,
Телторумду Курманбек
Ай байласам арытты,
Ар убак минип карытты..,
Жай семиртсем арытты,
Жаш атымды карытты,
Кайратымды кетирип,
Канатымды талытты.
Теке жоомарт Телтору ат
Жаныма өлчөп минерим,
Жамандашып жоо келсе
Жалтанбай тике кирерим,
Жаман аттуу ханыңдын
Жаралуу кылсын жүрөгүң,
Падышалуу жоо келсе,
Башыма өлчөп минерим,
Бардык калмак ханыңдын,
Баса сайсын жүрөгүн.
Кара таандай калмактар
Катырсын таштай тилегин.
Көөдөнүн найза аралап,
Көкүрөгүн жаралап,
Көмөлөтсүн калмактар
Көк жалыңды камалап,
Көөдөнүнөн кара кан
Көп куюлсун салаалап,
Көп калмактар ханыңды,
Көк бөрү тартсын талаалап!
Жүрөгүн найза аралап,
Жүлүнүн кошо жаралап,
Жүрөгүнөн кара кан.
Көбүктөсүн салаалап!
Алтын ооз шаарыңды
Талкаласын камалап.
Урулуу калмак ханыңды
Улакча тартсын талаалап.
Ак баямдан жер бөлдү,
Ажыратып эл бөлдү.
Анык балам деп жүрсөм,
Арам санаа төрөлдү.
Андай ата безердин
Тирүүдө жүзүн көрөмбү!
Өлүп кетсем Тору атка
Сөөгүмдү жүктөтөм,
Тубардан туумду жайылтып.
Душманыма тиктетем,
Азым кылып бүктөтөм:
Ак олпокту бербеймин,
Сөөгүмө жаптырам,
Телтору атты бербеймин,
Көр байгеме чаптырам.
Дүнүйөмдү коротуп,
Курманбекке бергенче
Кул, күңүмө тапшырам.
Менин айткан сөзүмө
Кулак салгын кырк жигит,
Көп кечикпей ханыңа
Кайтып баргын кырк жигит.
Алың жетсе чогулуп,
Өчүңдү алгын кырк жигит,
Бастыргыла туз ургур
Сөз жаңыртып унчукпай,
Каарлансам кууратам.
Жай куураган чырпыктай,
Ачуума тийсең барыңдын,
Башыңды үзөм чымчыктай.
Кырк жигит чалдын сөзүн угуп, кетенчиктеп эшикке чыгып, аттарына минип, ажалдан аман калдык деп Курманбектин алдына келип, атасынын жообун берип турган жери:
— Айланайын бегибиз,
Атама барып жигиттер
Атын сура дедиңиз.
Ат бермек тургай каргады,
Ал качантан берки кегиңиз.
Атаң Тейит хан менен
Ажыраптыр чегиңиз.
Кас душмандай каргады,
Каргышын сага арнады.
Карап турган эл-журтуң
Башын чайкап зарлады.
Кырк жигитиң кыйналып
Ичинде келди арманы.
Атаңыз карик чал беле?
Аяганы мал беле?
Каргагандай атаңдын
Кастык жайы бар беле?
Нээти бузук киши экен,
Неден көөнү калды эле?.
Жакшы нээттүү кишинин,
Малы башы көбөйдү,
Каргышына карасак,
Өз атаңбы, өгөйбү?..
Мындай бузук какбаштын
Иши илгери жөнөйбү!..
Жаалдыгы как баштын,
Жалгыз уулун каргаса,
Кырстыгынан кылчайып,
Жанына киши барбаса
Тирүү койсоң бу чалды
Жаныңа тиет каргаша.
Хан Курманбек тил алсаң
Калмакка барбай коёлу,
Каргап жата бергин деп,
Как баш чалды соёлу.
Каары өттү кесептин,
Канын ичип тоёлу,
Өз баласын каргаган,
Өлөманды жоёлу.
Атаң үйдөн жоо болсо
Артылабы ишибиз?
Дегеле ажалда жүргөн кишибиз
Өзүңдүн атаң каргаса
Өсөбү биздин ишибиз.
Дегеле өлүмдө жүргөн кишибиз..
Тулпарын тартып минели,
Душманга анан кирели,
Ат бербеген как баштын
Аяздай катсын тилеги.
Атам го деп тим койсоң.
Ал урган аяганды билеби.
Жоого сүрдүү Телтору,
Жоргосун тартып минели,
Жөөдөн жаман как башты
Чоордой катсын тилеги,
Кордук көрбөй тим калса.
Бу урган коргогонду билеби,
Ойноктосо Телтору ат
Ок жетпеген мал эле,
Акканжыга пайдалуу,
Ак жолтой жайы бар эле,
Аралап кирсең сайышка
Адамдан кыйын сак эле.
Курманбек атасынын жообун угуп, жигиттерге сыр алдырбай, ичинде капа, тышында жаркылдап, кырк жигитке кайрат берип, кабагын керип айтканы:
— Андай дебе барыңар
Атаңар укса тарынар.
Акмактын иши ашыгыш
Аярлап айла табыңар.
Коён жүрөк түрсүлдөк,
Коркогуң мында калыңар,
Каргады деп чурулдап
Айтканыңа капамын.
Кагылайын жигиттер,
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.