КУРМАНБЕК
ЭПОС
Каарына калбайм атамын,
Өз атамды өлтүрүп,
Анан кайда барып батамын,
Адам угар сөз эмес,
Жигиттер сенин бу кебиң,
Алтын башым тирүүндө
Ал эмес менин тилегим,
Касташып жүргөн калмактын,
Калыбын өзүм билемин.
Тай экенде тааныдым,
Телтору аттан кем көрбөйм
Кой күрөңдүн калыбын.
Тартпай койбойт түбүндө
Телтору аттын чалымын.
Тегиздигин карачы,
Тоо теке сындуу малымдын.
Кырк жигитим ылдамдап,
Койкүрөңдү токугун,
Эч душмандан кабар жок
Эмнеден чочудуң?..
Жаңы бышты жазга асый,
Жандан күлүк Койкүрөң,
Жарагымды тагынып,
Жараштырып мен минем,
Жалаң кылыч найза алып,
Жалтанбай жоого мен кирем.
Кырк жигитке билдирбей,
Кайрат кылат жалтылдап,
От жүрөгү өрөпкүп,
Өпкөсү көөп балкылдап,
Муңун айтпай Курманбек,
Муундары калтылдап.
Ат токуду кырк жигит
Эрте туруп камынып.
Ат-атына жабылып,
Даяр болду аттар деп
Жоо жарагын тагынып.
Жоо катары жөнөдү,
Телтору тулпар атты албай,
Же жазынын жакшы шаарына
Жаны чыдап жаталбай,
Атын тартып алууга,
Атасына баталбай,
Арманда болуп жөнөдү,
Мына көрчү Койкүрөң,
Өзү төрт сан тегерек.
Арман кылып не керек.
Телтору ат болсо калмакты,
Өзү алабы тебелеп...
Үгүт айтып жигитке,
Үзөнгүгө бут салды.
Кырк жигитке сыр бербей,
Эр Курманбек аттанды,
Эр эңишип кырк жигит,
Бирине-бири шаттанды.
Кырк жигитке билдирбей
Кызып барат Курманбек,
Ичине кайгы муң толуп,
Кызып барат Курманбек,
Көп ойлонуп көңүлүн,
Бузуп барат Курманбек,
Атым жайсыз болду деп,
Арманым ичке толду деп,
Атам атын бербеди,
Ажал менен шорбу деп,
Жигиттерге билгизбей,
Ойлоп барат кайгы жеп...
Кырк жигитти экиден
Кагыштырып баратат,
Жыйылыша түшкөндө
Чабыштырып баратат:
Курманбек жигиттери менен Кашкар багытында кароол дөбөгө чыгып өзүнүн шаарына дүрбү салып карады. Караса шаар карайыңкы көрүнөт, «Камаган жообу» деп, кырк жигитти жумшап, Курманбектин айтканы:
— Айланайын кырк жигит
Дүрбү салып карадым,
Асты, үстү карарат,
Алтын ооз калаамын.
Айласы кандай болду экен
Алты жашар баламын.
Калаанын чети карарат,
Бүрдөп аткан тал бекен,
Жан-жанында дүрбөгөн
Жайылып жаткан мал бекен?
Мурда барып кабар ал
Жалгызым аман бар бекен?
Жайнаган калмак жоо болсо,
Кандай күндө калды экен?
Ортосунда карарган
Обузга11 тиккен тал бекен?
Удургуган көп караан
Оттоп жүргөн мал бекен?
Ошонун баары жоо болсо,
Ортосунда Канышай
Кандай күндө калды экен.
Алтын ооз чоң коргон
Шаарым эсен бар бекен!
Алты жашар Сейитбек
Балам эсен бар бекен.
Алган жарым Канышай,
Аман-эсен бар бекен.
Күмүш ооз чоң коргон
Калаам эсен бар бекен,
Күкүк тилдүү, күн жүздүү
Балам эсен бар бекен?
Өмүрлөшүм Канышай,
Аман-эсен бар бекен?
Кырк жигит барын баргыла,
Шаарымдан кабар алгыла,
Камап жаткан жоо болсо,
Бириңер кайта салгыла.
Бүлүнтүп атат калмак деп,
Бириңер келгин алдыма.
Карарган калмак ал болсо,
Курманбек келе жатат деп,
Менден кабар бергиле.
Эсендиги билинсин
Катын, бала эр бүлө...
Кырк жигит жөнөдү. Шаарына жакындаганда дүрбү салып карашса душман жок, оттогон мал, бүрдөгөн тал, баласы аман, Канышай эсен, эли-журту тынч жаткан экен.
Кырк жигит баарына учурашып кайта келип баатырына тынччылыкты билгизишти. Курманбек кырк жигитин ээрчитип, шаарына келип, ал күнү жатып калды. Аттарды таза суутуп, эртең калмакты карай жүрөмүн деп жатты.
Ушул мезгилде Калмактын ханы Дөлөн хан: деп, «Курманбек ушу өлгөн экен го, келер убагынан үч ай өттү, ушу быйыл камынып, Курманбекке аттанып барыш керек» деп камынып, алты миң кол менен келип, Курманбектин шаарын түн боюнча камап калды. Курманбек түнү түш көрүп, түшүн Канышайга айтып турганы:
— Алган жарым Канышай
Баш көтөрүп көзүңдү ач,
Ат бербей атам болду кас.
Жоолашсам жолдош болууга,
Жок эле менде жатындаш.
Түндө жатып түш көрдүм,
'Түшүмдө жаман иш көрдүм.
Жүрөгүмдүн башынан
Түпөйүл оору муз көрдүм,
Ошо көргөн түшүмдө
Өз башыма күч көрдүм.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.