КУРМАНБЕК

ЭПОС

КУРМАНБЕК

Багалбасам элимди,   

Жат душманга жебирдей.

Ат бербеген анткор чал,-

Чыгарбайтко үнүмдү,.

Чырымтал кезде жаңылтып,

Жалганчы кылар тилимди,

Атасын тартат түбү деп,

Тургузбай басар шилимди.

Жакшы атанын даңкынан,

Жетимдик менен кур калып,

Көргөн күнү курусун

Жетим-жесир тул калып,

Чалынбайм чалдын торуна

Жаш экенде мен карып,

Андан көрө өлөйүн

Өзүң менен бир барып.

Кара атыңды минейин,

Калмакка кошо кирейин,

Качырышып сайышсаң,

Каралды болуп жүрөйүн,

Каруум келсе калмактын

Бир четинен сүрөйүн.

Жакшы ат берсең минейин,

Жаштык кылбай кирейин,

Жашта болсом ала кет,

Тилегиңди тилейин,

Күчүң кетип баратса,

Күрөңүңдү сүрөйүн.

Кошо кетем атаке,

Жок кезинде күнөйүм.

Калмактарды качырып,

Сайганыңды көрөйүн

Ажалын жетип күн бүтүп,

Өлүп кетсең көмөйүн!..

Ала кет жалгыз балаңды

Өзүңдөн калбай жөнөйүн.

 

Курманбек баласынын сөзүн угуп муңайып, каңырыгы түтөп, кучактап

алып мууну бошоп . Канышайды карап айтканы:

— Айланайын жалгызым

Батпаган бактуу жылдызым,

Өлбөй тирүү бар болсом,

Өмүрүмдө ырысым,

Көрүнүп турган дартымды,

Көңүлгө салып турусуң

Балапан жүнүң бата элек,

Балтыр этин ката элек,

Томук этиң толо элек,

Торолгон күнүң боло элек,

Кандай заман күн болот,

Кайрат кылып чыдагын,

Атаң кетсе, апаң бар,

Неминеден капаң бар?.,

Ойноо бала балапан

Ойлобогун кайгы-зар.

Жолотпойт сени чалыма,

Каралды кылат жанына.

Жетилгенде жалгызым,

Аттанарсың камына.

Ээ болорсуң тагыма,

Айланайын жалгызым

Акылын бар, алың жок.

Кайратың бар, карууң жок,

Баятан берки сөзүңдү

Байкасам күйүп ичим чок...

Сен да өлсөң, мен да өлсөм,

Аркабызда калар жок,

Экөөбүз тең кеткен соң,

Өчүмдү жоодон алар жок,

Кыргын салып калмакка

Кылычымды ким чабат?

Каскагымды өңөрүп.

Калканымды ким тагат?

Калың, кыргыз, кыпчакта

Кас душмандан ким багат?

Экөөбүз тең кеткен соң

Канышай кантип тынч алат.

Туш-тушумда душман көп,

Күн өткөрбөй чуу салат.

Калканымды тагар жок,

Добулбасты кагар жок,

Калмактардан биз өлсөк,

Кайрылып өчтү алар жок,

Сен экөөбүз кеткен соң,

Эч керекке жарар жок.

Атадан кимдер айрылбайт,

Өзөктөшүң болбосо

Өзөөрсөң душман кайрылбайт.

Ажал чиркин жетпесе,

Өлүмгө эч ким кайгырбайт.

Карууңа толо элек,

Калкан тагар далың жок.

Карагай каскак өңөрүп,

Калмакка кирер алың жок,

Кара таандай калмакка

Карсылдашар карууң жок,

Жашта болсоң ээлеп тур

Жагоолу куштай тууруңду,

Армандуу сөздөн которуп,

Бошоттуң менин муунумду.

Калмактардан мен өлсөм,

Баралыңа келгенде,

Кууп алгын кунумду.

 

Курманбек баатыр жаш баланын көңүлүнө түшүрө айтып, алдап-соолап уктатты. Алты дарбазалуу коргондун бир дарбазасын ачып караса, калмактар түн боюнча келип алты курчап калыптыр. Курманбек, душмандын басып калганын көрүп Канышайга жана кырк. жигитине айтып турган сөзү:

 

— Айланайын жигиттер,

Баш көтөрүп салам бер,

Көзүңдү ачып байкагын,

Көбүң баатыр, көбүң эр,

Калың жоону көргөндө

Маңдайдан акты кара тер.

Жабылып калмак жоо келсе,

Жатып алып карабас,

Жан бурадар жигиттер

Жалпы туруп көзүңдү ач,

Кара таандай калмактын

Кара суудай канын чач.

Алтын ооз калаамды,

Алты айланып алыптыр,

Алты миң калмак түнүндө,

Тегеректеп калыптыр.

Курманбекти чабам деп,

Калкына кабар салыптыр,

Алтын ооз ордонун

Эшигинен карадым,

Үстүмдөн баскан душмандын,

Көрүп келдим караанын.

Кылычтан канын чубуртуп,

Кыргынды жоого саламын,

Адалды жесе бир жеген,

Арамдыкты билбеген,

Атышаар жоону укканда

Аттангыча дүрбөгөн,

Айлап чыксак калмакты

Айлынан чапчу түр менен.

Жанаша жүрсө жаркылдап,

Жан жолдошум кырк жигит,

Айбыкпаган душманга

Ак жолборсум кырк жигит,

Кайра качып каргаша,

Иш болбосун кырк жигит.

Калың калмак жоо басты,

Барасыңбы жигиттер?

Баштагыдай тилимди

Аласыңбы жигиттер?

Же баш көтөрбөй, жооп айтпай

Каласыңбы жигиттер?..

Барбасаң жигит сырыңды айт,

Байкайын ички чыныңды айт,

Ажал-өлүм жетпесе

20.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.