Жек Лондон
Ак Азуу
Бирок жан кайышын сүйрөгөн Жалгыз кулак ансайын безди. Алардын келген жолунда аны канчык карышкыр күтүп туруптур. Жакындай бергенде Жалгыз кулак кооптоно түштү да, жайлай желип, акырында токтоп калды. Тигини ишенбегендей тикчие карап, бирок жан кумары чыдатпай кыпылдап турду. Ал болсо жылмая күлгөндөй оозун ача кыңшылап, ойноктой секирип койду. Жалгыз кулак дагы эле кооптонуп, куйругун чагарактатып, кулагын тикчийтип, башын жогору көтөрүп ага барды.
Жыттагысы келди эле, канчык карышкыр ойноктоп артка кетти. Ал жакындаган сайын тиги улам артка чегинип кете берди. Ошентип, канчык карышкыр Жалгыз кулакты улам-улам азгырып, аны коргой турган адамдардан алыстатып баратты. Бир маалда аны белгисиз коркунуч токтотконсуду. Артка кайрылып карап, аңтарылган чананы, өзүнүн шериктерин, анан өзүн чакырып жаткан кожоюндарын көрдү.
Бирок анын бул сезимин, арсар абалын канчык жеңип кетти: ал келип, көз ирмемге жыттай коюп, кайра эле ойноктой секирип азгырып баратты.
Ошол учурда Биллдин акылына мылтык келди. Бирок ал аңтарылган чананын астында калган эле, аны Генри экөөлөп алып чыкканча, Жалгыз кулак менен канчык карышкыр абдан жакын туруп калгандыктан, мындай алыстыктан атуу опурталдуу болчу.
Жалгыз кулак өз жаңылыштыгын өтө кеч сезип калды. Бир маалда эле Билл Генри экөө анын эмнегедир артты көздөй качып калганын көрүштү. Анан эле Жалгыз кулактын жолун торой чуркаган он чакты арык боз карышкырлар көрүнүп калды. Көз ачып жумгуча канчык карышкырдын баягы назданып ойногону жоголуп, ыркыраган бойдон качырып сала берди. Жалгыз кулак аны далысы менен ыргыта койду да, жолдун кесилип калганын көрүп, эмне болсо да чанага жетейин деген үмүт менен айлана чуркады. Карышкырлар заматта көбөйүп кетишти. Канчык карышкыр иттин артынан калбай такымдап, бир секирим жерде келатты.
– Кайда барасың? – Генри шеригин далыдан алып кыйкырды. Билл анын анын колун силкип таштады.
– Жетишет!– деди ал. – Башка бир дагы итти алдырбайм!
Ал мылтыкты алып, өздөрү келаткан жолдун жээгиндеги бадалга кирип кетти. Анын ою түшүнүктүү эле. Чананы тегерене качып келаткан Жалгыз кулактын алдынан торой чыкмак болду. Чак түштө мылтык менен карышкырларды кууп, итти сактап калууга болот эле.
– Билл, абайла! – деп кыйкырып калды артынан Генри. – Этият бол!
Генри чанага отура кетти да, эмне болор экен деп күтүп калды. Башка айла жок эле. Билл болсо көздөн кайым болду, бирок бадалдар менен топ-топ болуп өскөн карагайлардын арасынан Жалгыз кулак анда-санда көрүнө калып жатты. Генри иттин иши бүткөнүн түшүндү. Ит өмүрүнө коркунуч туулганын билди, бирок обочо тегеренип чуркоого мажбур эле, ал эми карышкырлар болсо аны чанага жакындата койбой тегеректин ичи менен чуркап жүрүштү. Жалгыз кулак куугундан куйрук үзүп чыгып, карышкырлардын алдынан кесип өтүп, чанага жетип келет деп үмүт кылыш кыйын эле.
Бардыгы бир жерден бириге турган болуп калды. Дарактар менен бадалдар далдоолоп турган кар мейкиндигинде карышкырлардын үйүрү Жалгыз кулак менен Биллге кездешерин Генри билип турду. Бардыгы көз ачып жумганча тез, ал күткөндөн да тез болду. Мылтык бир жолу, андан кийин удаасы менен эки жолу атылды. Генри Биллдин огу түгөнгөнүн аңдады. Анан кыңшылаган, аркыраган үндөр угулду. Генри Жалгыз кулактын жаны ооруп каңшылаганын, анан, сыягы, жарадар болгон бир карышкырдын улуп ийгенин ажыратты. Ушуну менен баары бүттү. Ыркыраган үн чыкпай калды. Кыңшылаган үн да жок болду. Кайрадан ың-жыңсыз жымжырттык өкүм сүрүп калды.
Генри чанада көпкө чейин отурду. Тиякка барыштын пайдасы жок эле: Биллдин үйүргө жолукканы көз алдында болгондой элестеп турду. Бир маалда ордунан атып туруп, чанадан балтаны ала койду, бирок кайра чанага отура кетти да, көпкө чейин түнөрүп отурду, ал эми аман калган эки ит анын аягына жабышып, коркконунан титиреп жатышты.
Акырында өйдө болду, денеси сенек болуп калгандай араң турду, анан иттерди чанага чекти. Жан кайыштын бирин далысына салып, иттер менен бирге чананы сүйрөп жолго түштү. Бирок көпкө жүргөн жок, иңир кирери менен токтоп, отундан колунан келишинче көбүрөөк жыйнады. Андан кийин иттерге тамагын берип, өзү тамактанды да, оттун жанына төшөк салды.