Жек Лондон
Ак Азуу
Генри буга нааразы болуп бирдеме деп кобураган болду да, кайра коңурук тартып уктап кети.
Эртең менен ал биринчи ойгонду да, шеригин ойготту. Саат алты болгону менен таң атканга чейин дагы үч саатча бар эле. Караңгыда Генри тамактын камын кылып, Билл болсо буюм-тайымдарды жыйнап, чанага жүктөп жатты.
– Генри, сен канча ит бар деп айттың эле, – деп сурады Билл капыстан.
– Алты.
– Туура эмес, – деди Билл табасы кангансып.
– Кайра жетөө болуп калыптырбы?– деп сурады Генри.
– Жок, бешөө, бирөө жок.
– Эмне дейт, шайтан алгыр! – деп кыйкырган Генри ишин таштап, иттерди санаганы кетти.
– Туура айтыпсың, Билл, – деди ал келип, – Фэтти качып кетиптир.
– Жылт койгон экен, түгөнгүр, байкабай да калдык. Эми таап көр аны.
– Болору болду да эми, – деп койду Генри. – Тирүү эле жеп коюшту го дейм аны. Жанагы желмогуздар талап-булап жеп жатышканда каңшылагандыр байкуш.
– Ал башынан эле келесоороок ит болчу, – деди Билл.
– Келесоо иттин да өзүн өлүмгө кыйбаганга акылы жетет болчу.
Ал калган иттерди карап, ар бирин ичинен сынап чыкты.
– Менимче, калгандары мындай ишке барбайт.
– Буларды таяк менен куусаң да оттун жанынан кетпейт, – деп макул болду Билл. – Мен башынан эле айтып жүрчүмүн, ушул Фэтти бир кызыктай ит деп.
Түндүктүн жолунда курман болгон бул итти эскерүү сөзү ушул болду, бул башка иттердикинен, ит эмне болуп калыптыр, адамдардыкынан деле ашып кеткен жок.
II бап. Канчык карышкыр
Тамактанган соң экөө буюм-тайымдарын чанага жүктөштү да, жылуу очокту таштап, караңгыны бет алышты. Баягы улуган үндөр дароо башталып, боздогон жапайы үндөр түнөргөн суук караңгылыктын ар кайсы жагынан келип жатты. Жолоочулар унчукпай жүрүп отурушту. Саат тогуздарга барып таң жарыды. Түш ченде түштүк жакта асман бир аз кызарып, жердин көз жеткен чети түшкү күн менен түндүктүн улуу мейкиндигин бөлүп турду. Бирок бул кызгылтым жарык көп өтпөй эле өчтү. Анын ордун ээлеген боз жарык саат үчкө чейин араң турду да, өчүп калды, эми аңгыраган ээн мейкиндикти Арктиканын түнү басып калды.
Караңгы кирери менен жолоочуларды оң-солдон, арттан коштоп келаткан улуган үндөр жакындай баштады; кээде алар ушунчалык жакын жерден чыккандыктан, иттер чыдай албай коркконунан туйлап ийип, чалынып калып жатышты.
Бир жолу ушинтип катуу корккондон кийин экөө иттердин тасмаларын оңдоп жатышканда, Билл:
– Булар башка бирдеменин артынан түшүп, бизди жайыбызга койсо болот эле, – деди.
– Ооба, жанга тийип бүттү булар, – деп макул болду Генри.
Ушуну менен өргүүгө чейин үн катышкан жок.
Казандагы кайнап келаткан төө буурчакка муз салайын деп эңкейип турган Генри Биллдин кыйкырып туруп бирдемени катуу урганын, анан бир иттин катуу каңшылап ийгенин укту. Ал өйдө боло берип, качып барып караңгыга төнүп кеткен кандайдыр бир айбандын караанын көрүп калды. Анан Биллди көрдү, ал бир колуна таяк, бир колуна кургатылган балыктын куйругун кармап, бир жагынан жеңишке жеткендей, бир жагынан айласы куругандай болуп туруптур.
– Жарымын алып кетти!– деп кыйкырды ал. – Бирок бир жакшы согуп калдым. Каңшылаганын уктуңбу?
– Ал эмне экен?– деп сурады Генри.
– Жакшы көрө албай калдым. Бирок иттикиндей эле төрт аягы, оозу, териси бар экен.
– Анда эмне колго үйрөтүлгөн карышкырбы?
– Эмне болсо да колго үйрөнгөн неме го, коркпой келип балыкты жеп кетип атпайбы.
Түнү тамак ичип болуп, табыттын үстүндө канжаларын тартып отурушканда, баягы тегеректеп күйгөн көздөр мурункудан да жакындап келди.
– Багыштын же бирдеменин үйүрүнүн артынан түшүп, бизди жайыбызга койсо болот эле, – деди Билл.