Реваз МИШВЕЛАДЗЕ:
Күтүүдөн чарчагандар
Көңдөй дилди көтөргөн новеллалар
1987-жылы журналистикага өтпөй калып, шөмтүрөп үйгө баратып, китеп дүкөнгө кирип калдым. Жаңы китептер түшө элек экен. Карасам, мен билбеген автордун китеби турат: “Реваз Мишвеладзе. Уставшие от ожидания”. Жалаң новеллалар экен. 2 сом 10 тыйынга сатып алдым. Агезде грузин жазуучуларынан Нодар Думбадзе менен гана тааныш элем. Балконго жатып алып, окуп атам, окуп атам… Турмуштагы жөнөкөй окуялар, өтө жөнөкөй тили арбап алды. Ригада окуп жүргөндө, грузин курсташым Зурабдан: “Реваз Мишвеладзе кандай жазуучу?” деп сурап калдым. “О, аны бир гана грузин тилинде окуш керек, орусча котормолору көп жакпайт” деп койду… Мишвеладзенин башка китептерин окубадым, тилекке каршы, колума тийбеди. Бирок ал бир нече новеллалары менен эле менин сүйүктүү жазуучуларымдын бирине айланды.
Кээде жандүйнөңдү боштук, коңултактык ээлеген учурлар болот. Эч нерсеге көңүл чаппай, эмне кыларыңды билбей каласың. Ошентип жерге жата кетип, шыпты карап жатып, колумду баш жагыма алып барсам, баш жагымда жыйылып турган китептердин бири колума тийди. Алсам, “Уставшие от ожидания”. Бул китепти көргөндө, 17 жашымдагы алгачкы таасирим көкүрөктү өрдөп өткөндөй болду. Колума калем, дептер алып, жерге жатып алып, ушул новелласын которо баштадым. 40 мүнөтүм кетти. Кандай которсом, ошол бойдон калтырдым, өзгөрткүм, оңдоп-түзөгүм келбеди. Эң башкысы, жандүйнөмдү ээлеген боштук жоголду. Мишвеладзени новеллары ушундай. Кишини тирилтип жиберет. Сезим кытыгылайт. Ойлонууга жем таштайт…
Эрнис АСЕК уулу
Реваз МИШВЕЛАДЗЕ: “Күтүүдөн чарчагандар”
(новелла)
Эмне, адамзат сүйүүдөн тажап бүтүп, сүйүү, махабат, ашыктык деген улуу сезимди классиктер ойлоп таап, ХХ кылымга чейин гана ишенип келген дейсиңби? Ромео менен Жульеттанын сүйүүсүнө айылдыктар гана ишенет, болгондо да мектеп курактагылар деп эсептейсиңби? Биздин ядерлик кылымда жашоодогу жалгыз сүйүү жөнүндө айтууга болбойт дегендей кылып жатасың, ээ? Сүйүү деп атаганыбыз – болгону убактылуу кызыгуу, бул көбөйүү инстинкт менен келген сезим, андан артык боло албайт деп турсуңбу? Мен сени менен талашып-тартышайын деген оюм жок, силер окумуштуулар, өз мисалдарыңар менен мага окшогон кемчонтойлорду бир жакка жетелеп барып таштайсыңар, анан кыйын болсоң, ал жактан кайта турган жолду таап жат.
Сенин бул “теорияңдан” улам сага бир окуяны айтып берейин. Нан урсун, үч балам менен деле карганып берейин, бир ашыкча сөз кошсом майнике болоюн, ашыкча эч нерсе ойлоп таппайм (мындан да сонун нерсе ойлоп тапса болот). Мен айтып берейин, жыйынтыгын өзүң чыгар. Эгерде сенде адамдын жүрөгү соксо, бардыгын түшүнөсүң, жокпу – анда бул окуя сага жок дегенде кызык болот. Бул сүйүү, чынын айтсам, мени сындырып койду, өмүрүм эки эсе кыскарды окшойт.
Мектепте мени менен бир кыз окучу, аты Шорена эле. Фамилиясын айтпай эле коеюн, менимче, атын атап жатып күнөөгө батып жатат окшойм.
Сенин “теорияң” болбосо, муну бир кишиге да сөз кылбайт элем. Адамдын тээ түпкүрүндө бир жашыруун сыр катылып турушу керек экен, аны жан кишиге айтып да кереги жок, ошондо аны таза, тунук сактай аласың. Арык, көз айнекчен кичинекей кыз болчу. Мындай кыздардын көздөрү кандай экенин да байкай албай каласың. Биз 7-класстан баштап чогуу окудук, эсиңдеби, балдар менен кыздар мектептери кошулбады беле? Ошондо Шорена экинчи кыздар мектебинен бизге өткөн. Атасы жок болчу, энеси нооту-кездеме комбинатында инженер болуп иштечү. Шоренадан эки жаш улуу байкеси бар эле (азыр ал врач). Карындашынын жанынан чыкчу эмес. Бизде алты сабак болуп, анда беш сабак болуп калган күндөрү мектептин алдында тепкичте күтүп олтурар эле.
Эсимде, биз класстан күлө берчүбүз: “Ой, бир сулуу болсо болбой калмак экен. Бул “очкарик” кыздын кимге кереги бар эле, аны кайтарып тимеле” дечүбүз. Келесообуз да, байкеси менен карындашы чогуу баратканына эмне жетсин, агезде аны биз кайдан билели.
Азыр, ушунча өмүр сүргөндөн кийин, ойлоп көрсөм, башкаларга салыштырмалуу Шорена мага көп көңүл бурчу экен. Экскурсияга баратканда, автобустан дайыма жаныма отуруп алчу, каникул башталганда, дайыма биринчилерден болуп телефон чалып, каяка барарымды, качан келеримди сурачу. Балдар менен мушташып кеткенде, дайыма мага болуша турган, үй тапшырмасын эң биринчи мага көчүрүп берчү, текшерүү иш болгондо, “шпаргалка” бере калчу (мага керекпи, кереги жокпу, маанилүү деле болбосо керек). Мага ушунча көңүл бурганын жактырчу эмесмин, атүгүл, кыжырданып кетээр элем.