Лев Толстой
ЫЙМАН СЫРЫ
(Басылып чыкпаган чыгарманын кириш сөзү)
I
Мени чокундурушкан жана православие дининде тарбиялангам. Мага анын окууларын кичинекей бала кезимде, өспүрүм кезимде анан жаш улан кезимде да окутуп келишти. Бирок, мен 18 жашымда, университеттин экинчи курсун аяктап чыкканда, мага ушул убакытка чейин кулагыма куюп окутуп келаткан нерселердин бирине да ишенбей калдым. Кээ бир эскерүүлөргө караганда, мен бала кезимден эле чоңдор мага үйрөтүп жаткан нерселерге ишенимим анча бекем болбоптур, алардын айткандарына анча деле маани берчү эмес экенмин.
Он бир жашка чыкканымда, көп жыл мурун өлүп калган гимназияда окуган Володия М., дем алыш күнү келип, гимназиядагы акыркы жаңылыкты бизге ачылыш катары айтып бергени эсимде. Анын ачылышынын мааниси мындай экен: кудай жок, бизге жок нерсени окутуп, башыбызды оорутуп жүрүшүптүр (бул 1838-жыл болчу). Бул жаңылыкка кызыгышкан бизден улуу байкелер мени да кеңешке чакырышкан эле. Биз бул жаңылыкты чоң кызыгуу менен кабыл алганбыз, бизге анын чындыгы бардай көрүнгөн.
Дагы эсимде калганы, менин улуу агам Дмитрий университетте окуп жүрүп, өзүнө тиешелүү ышкыбоздугу менен динге баш оту менен кирип, чиркөөдөн калбай анын бардык талаптарын так аткарып, такыба өмүр сүрө баштаган болчу, ошондо биз эле эмес, чоңдор да аны шылдыңдап күлүп, ага эмнегедир Ной деген каймана ат коюп алганбыз. Казан университетинин тарбиячысы Мусин-Пушкин бизди үйүнө бийге чакырып, андан баш тарткандарга тамашалап, сен эмес Давид Нойдун кемесинин жанында бийлеген деп калаар эле.
Ошол кездеги чоңдордун ушул сыяктуу сөздөрүнө ичимден кошулуп, дин китептерин окуш керек, чиркөөгө барыш керек, бирок динге өтө берилип кетпеш керек деген өзүмдүн тыянагымды чыгарып алдым. Өтө жаш кезимде Вольтерди окугам, анын келекелери мени кыжырдантчу эмес, тескерисинче, көңүлүмдү ачар эле. Динден алыстай башташым, азыркы учурда деле билимди мен сыяктуу кабыл алышкан адамдар, динди таштап кетип жатышкан сыяктуу болгон. Бул менин оюмча көпчүлүк учурларда мындайча болот: адамдар тегерегиндеги башка адамдар менен бирдей шарттарда жашашат; ал эми алар диндин окуулары менен эч качан байланышпаган, көпчүлүк учурларда ага карама-каршы көз караштарды карманышат; дин окуулары алардын күндөлүк турмушунда колдонулбайт, жана адамдардын бири-бири менен мамилесинде байкалбайт; жеке жашоодо да анын таасирин сезбейсиң; дин окуулары тээ сыртта, адамдардын жашоосунан тышкары жүрөт; ага жашоого байланышпаган, сырттагы кубулушка мамиле кылгансып, мамиле кыласың.
Азыр деле, мурда деле адамдын жүргөн-турганынан, кылган ишинен анын динге ишенер ишенбесин биле албайсың. Православие динин кармагандар менен ага каршы адамдардын айырмасын карасаң, анда биринчилердин пайдасына чечилбейт. Азыр деле, мурда деле аябай берилип православие динин кармап, өзүн такыбамын деп жүргөндөрдүн көпчүлүгү баштары иштебеген, мээримсиз жана бузуку, өздөрүн кишиге теңебеген текебер адамдар болушкан. Акылмандык, чынчылдык, түз айтып, түз жүрүү, ак көңүлдүк менен ак ниеттүүлүк адатта динге ишенбегендердин сапаты.
Мектептерде дин окууларын окутушат да окуучуларды чиркөөгө жөнөтүшөт; чиновниктерден чиркөөнүн ырым-жырымдарына катышуусун талап кылышат. Бирок, биздин чөйрөбүздөгү окубаган жана мамлекеттик кызматтарда иштебеген адамдар, азыр деле, мурда болсо андан бетер, он жылдар бою бир да жолу христиандардын арасында жашап жатканын жана өзүнүн ошол православие дининде экенин эстебестен жүрө беришет. Ошентип мурда деле, эми деле өз ишеними жана сырттан болгон басым менен кабыл алынган дин окуусу, ага карама-каршы келген билимдин жана жашоо тажырыйбасынын таасири менен акырындап жок болот. Ал эми адам баштагыдай эле, өзүн бала кезинен бери окутушкан диндин изи калбаса да, ал диндин өкүлүмүн деп ойлойт.
Мага С. аттуу акылдуу жана чынчыл адам кантип динге деген ишенимден кеткенин айтып берген. Жыйырма алты жаштар курагында, мергенчиликке барган жерде, бала кезден келаткан адаты боюнча кечинде сыйына баштайт. Чогуу жүргөн агасы чөптүн үстүнө жатып алып, аны карап жаткан. Качан С. өзүнүн сыйынуусун бүтүп, жатууга камданганда агасы сурап калат: “А сен дагы эле муну таштай элексиңби?” Андан кийин алар унчукпай жатып калышты. Ошондон бери, отуз жыл өттү, ал андан кийин бир жолу да сыйынган жок, чиркөөгө да барган жок. Ал агасынын динге ишенбестигин билгени үчүн ага кошулгусу келгенинен, же болбосо анын өзүнүн ишенимин өзгөртүүнү каалаганынан улам эмес, болгону агасынын суроосу кулаганы турган дубалды сөөмөй менен түртүп жиберген сыяктуу бир түрткү болгон; анын суроосу ишеним бар деп жүргөн жерде эч нерсе жок боштук экенин, анын сыйынганы, мойнуна тагынган крестери, башын ийип жүгүнгөндөрү эч мааниси жок аракеттер экендигин көргөзгөн белги болгон. Анын маанисиз экенин билгенден кийин, аны улантыштын кажети жок болуп калган. Көп кишилерде ушундай болгон жана боло бермекчи.