Лев Толстой
ЫЙМАН СЫРЫ
Экинчи маселе, чиркөөнүн согуштарга жана өлүм жазасына болгон мамилелери. Ошол учурда Россияда согуш жүрүп жаткан. Орустар христиандардын сүйүүсү үчүн, өз бир туугандарын өлтүрүп жатышкан. Бул ойлонбой койчу нерсе эмес. Адамды өлтүрүү кандай гана диндин негиздерине каршы экенин көрбөй коюуга болбойт эле. Ага карабай чиркөөлөрдө биздин жеңишибизди суранып дуба кылып жатышты, муну менен дин окутуучулары адам өлтүрүүнү диндин өзү талап кылып жатканын моюндарына алып жатышкан эле. Согуш маалында эле эмес, согуштан кийинки учурлардагы ар кандай дүрбөлөңдөргө катышып, оң жолдорунан жаңылган ооздорунан эне сүтү кете элек жаш уландарды өлүмгө буйрууну талап кылган попторду, кечилдерди жана башка динди коргоочуларды нечен курдай жолуктурдум. Христиан динин тутунган адамдар жасап жаткан ушундай иштерди көрүп туруп көңүлүм катуу иренжиди.
XVII
Мен эми өзүм карманган динде бардык чындык камтылбаганына шек кылбай калдым. Мурда ишенимдин бардыгы жалган дечүмүн; азыр антип айтканга болбойт. Эл чыныгы ишеним менен жашап жаткан, бул нерсеге эки анжы болбой деле койсо болот, анткени алар ал ишенимсиз жашай албайт болчу. Андан тышкары, мага ишенимдин чындыгы белгилүү болуп калган, мен аны өз башымдан өткөзүп, сезип калган элем; бирок ушул ишенимде жалган нерселер да бар эле. Буга менин көзүм жетти. Мурда мен кабыл албаган нерселер, эми көз алдымда даана тартылып турду. Элдин ишениминде чиркөөдө кызмат кылгандарга караганда аралашмасы аз болсо да, баары бир аларда деле жалган нерсе бар экенин көрдүм. Бирок жалган кайдан чыкты да, чындык кайдан чыкты? Бул эки нерсе тең чиркөө тарабынан чыгып жатпайбы. Жалганы да, чындыгы да ыйык деп эсептелген диний уламыштар менен ыйык китептерден келет эмеспи.
Анан айла жоктон, мурда батына албай жүргөн ошол ыйык китептерди изилдөөгө өттүм. Бир кезде жек көрүп кереги жок деп ыргытып салган дин илимин кайрадан колума алдым. Ал кезде мени курчаган айлана-чөйрөмдөгү жашоо мага түшүнүктүү жана маанилүү көрүнгөндүктөн, анын жанында бул илим мага керексиз нерседей сезилген; ал эми азыр соо башымды оорулуу кылган ашык нерселерден кутулсам кубанмакмын. Бул ишеним мага ачылган жалпы адамдарга тиешелүү жашоо мааниси тууралуу илимге негизделет же жок дегенде аны менен ажырагыс байланышта турат. Далайды көргөн карт акылымды калчап көрсөм, канчалык акылга сыйбаган нерсе болсо дагы бул – жан-дүйнөңдү сактап калууга болгон үмүт экен. Аны түшүнүш үчүн, мен илимди түшүнгөндөй эмес, бир башкача түшүнүш үчүн, аябай этияттап, кунт коюу менен кароо керек эле. Ишенимдин өзгөчөлүгүн, мен издебейм, издей да албайм. Мен анын бардыгын түшүнүүгө да аракет кылбайм. Мен анын жообу бардык нерсенин башталышы сыяктуу эле чексиздикке катылганын билем. Бирок, ал жооп мени түшүндүрүүгө болбой турган нерсеге кантип алып келгенин түшүнгүм бар; мага бардык түшүнүксүз нерселер, менин акылымдын жетпегенинен эмес (акылым ордунда экенин жана андан тышкары нерселерди түшүнө албасымды билем), акылым чектелүү болгондуктан, түшүнүксүз боюнча калып жатканын түшүнгүм келет.
Бардык түшүнүксүз нерселерди, текшерүүгө муктаж эмес акыл-эстин бир көрүнүшү катары кабылдаш керектигин түшүнсөм дейм. Ишенимде чындык барынан шегим жок; бирок анда жалган нерсенин бары да талашсыз, мен ошол аралашмадан чындык менен жалганды ажыратып бөлүшүм керек. Мына, эми мен бул ишке кириштим. Бул окуудан жалган жерин, чындыгын кантип тапканым, кандай тыянактарды чыгарганым, бул эмгегимдин кийинки бөлүктөрүндө айтылат, эгерде жазгандарым бир нерсеге жарар болсо, качандыр бир убакта басмадан чыгып да калышы ажеп эмес.
* * *
Буларды мен үч жыл мурда жазган элем. Бул жазгандарымдын басмадан чыккан барактарын аңтарып көрүп олтуруп, ошол кездеги сезимдеримди башымдан кайра өткөзкөндөй болдум, анан түш көрдүм. Ал түш менин башымдан өткөзкөн жана мен сүрөттөп жазган нерселерди чогултуп, кысып, кыскартып бир элеске салып койгон сыяктуу, ошондуктан мени түшүнгөндөргө ал түш бул баракта жазылган узун окуяны эске салат деп ойлойм. Эми ал көргөн түшүмдү айтып берейин: төшөктө жатыптырмын. Мага жаман да эмес, жакшы да эмес жөн гана чалкаман жатам. Бир кезде жакшы эле жатамбы деп ойлоно кеттим; эмнегедир буттарым бир нерсе болгонсуйт: тар болуп жатабы же бир нерсе өтүп жатабы, айтор бир ыңгайсыздыкты сездим; буттарымды кыймылдатып көрүп, ойлоно баштадым, эмненин үстүндө жатам, бул жерге эмнеге жатып алгам, а эмне үчүн бул жөнүндө ушул убакка чейин ойлонгон жокмун деп коём. Жаткан төшөгүмдү карасам, керебеттин каптал кырларына байланган жиптен токулган тасмалардан жасалган төшөкчөлөрдүн үстүндө жатыптырмын.