Лев Толстой

ЫЙМАН СЫРЫ

Лев Толстой

Анын үстүнө жашоо оңой нерсе деп ойлонбой калган куракта элем; бул ишенимге, ушул ишенимден башка жок болуп кетүүдөн сактап калар эч нерсе таба албаганымдан, ошондуктан аны токтоосуз кабыл алуудан башка арга жогунан баш ийгемин. Ошентсе да жан-дүйнөмдүн тереңинен бул нерсеге туруштук берер сезим таптым. Ал сезим өзүңдү басмырлоо жана баш ийип туруп берүү эле. Мен кың дебей баш ийип, жут деп берген кан менен денесин ал адатты шылдыңдабай, ишенген адамдай жуттум, бирок сокку урулуп калган эле. Андан кийин эмне болорун сезип, кийин кайра кайталап барганга эрким жетпеди. Мен чиркөөнүн ырым-жырымдарын баштагыдай эле жасап жүрдүм, мен карманган ишенимдин акыйкаттыгына ишенчүмүн, башымдан өткөн нерселер мага азыр түшүнүктүү болсо дагы, ал кезде бир башкача сезилчү.

Бир жолу билими жок жер кезип жүргөн кедейге жолугуп, аны менен кудай, ишеним, жашоо, тозок жана бейиш тууралуу сүйлөшүп олтуруп, ишенимдин чыныгы маанисин түшүндүм. Элге жакындап, алардын бул маселе боюнча ой толгоолорун уккан сайын чындыкка ошончолук көзүм ачылды. Ошондой эле нерсени Четьи Миней менен Прологду, менин жакшы көргөн китептеримди окуганда башымдан кечирчүмүн. Сырткы кабыгын алып салып, маанисин чагылдырган мазмунуна көңүл коюп окуу мага жашоонун маанисин түшүнүүгө өбөлгө түзчү. Ал жерде Улуу Макарийдин, падыша мураскору Иосифтин жашоосу, Будданын таржымалы, Иоан Златоустун аңгемелери, кудуктагы жолоочунун сөздөрү, алтын таап алган кечил, мээнеткеч Петр жөнүндө айтылчу; ал жерде мээнетти көп тарткан адамдар тууралуу, өлүм өмүргө каршы эмес деп айткандар; билимсиз, окуу эмне экенин билбеген чиркөө жөнүндө баяндар бар эле. Бирок, динди карманган билимдүүлөр менен сүйлөшө келгенде же алардын китептерин колума алганда эмнегедир менде шек саноолор, ишенбөөчүлүк, талаштуу маселелер жаралчу, алардын айткандарына сүңгүп кирген сайын, чындыктан алыстап, туңгуюкка баратканымды сезчүмүн.

 

XVI

Кедейлердин билимсиздигине, окуу менен иштери жогуна канча суктанбадым дейсиз. Ишенимдин мен кыйкым издеп, сандырактыкты тапкан жерлеринен, алар өздөрүнө жакпаган эч нерсе көрүшчү эмес; алар аны жөн гана кабыл алып, анын чындыгына, мен ишенген эле чындыкка ишенишчү. Бирок, мен байкушка ал чындык жалгандын ичке жиби менен оролушуп турганы ачык көрүнүп, аны ошол калыбында кабыл алыш кыйын эле. Мен бул абалда үч жыл жашадым, башка муш жеген адамдай дендароо болуп, чындыкка акырындап аралашып, алды жактагы жарыкка боолголоп жакындап келатканымда, жогоркудай соккулар мага катуу тийе баштады. Бир нерсеге түшүнбөсөм өзүмө: “Күнөө өзүмдө, түшүнбөгөн өзүм жиндимин да”—дечүмүн. Бирок, канчалык окуп жеткен чындыктарга сүңгүп кирген сайын, алар ошончолук турмуштун негизин түзүп, ал ансайын мен түшүнбөгөн нерселер менен, анткени мен аны түшүнө албайт болчумун, өзүмө жалган айтмайынча түшүнбөй турган нерселердин ортосундагы кагылышуулар оордоп, таасирлүү боло баштады. Олку-солку кыйналганыма карабай, мен православие динин тутуп жүрдүм. Бирок, сөзсүз чечүүнү талап кылган турмуштук маселелер келип чыкты, анын ичинде чиркөө тарабынан чечилер маселелердин мен карманып жүргөн диндин негиздерине карама-каршы ыкмалар менен чечилиши – мени православие дини менен байланышымды  биротоло үзүшүмө себеп болду.

Бул маселелер биринчиден, православие чиркөөсүнүн башка чиркөөлөргө болгон мамилеси, – алар эң биринчи кезекте католиктик чиркөөлөр эле, аларды жик салуучулар деп да атап алышкан. Ошол кезде мен ишенимде жүргөн адам катары, ар кандай динди кармагандар менен таанышып, алар менен мамилем боло турган: католиктер, протестанттар, эски динди кармоочулар жана көптөгөн секталардагы адеп-аклактуу, кудайга чын ниеттери менен ишенген адамдарды билчүмүн. Мен алар менен бир туугандай мамиледе болгум келчү. Анан эмне болду?  Мага бардыгын бир ишеним жана сүйүү менен бириктирип, бир тууган кылууну убада кылган ишенимдин эң мыкты өкүлдөрү, ал адамдарды жалган ишенимде экендигин, алар шайтандын жетегинде жүргөндөр экенин саймердендеп айтып киришти.

Биз менен окшош ишенимди кармабагандардын бардыгын динсиздер деп эсептешерин; католиктер жана башкалар православие дининдегилерди капырлар катары карашарын көрдүм; ал ар кайсы динди тутунгандар бири-бирине душмандай мамиле кылышарын билдим. Анткени, биринчиден, бир адамдын экинчи адамга сен жалган адашкан жашоодо жашап жүрөсүң, мына меники чыныгы ишеним деп айтышынын өзү катуу тиет, экинчиден, өз бир туугандары менен балдарын тетир динге үндөгөн адамга сөзсүз жаман мамиле кылары турган иш да.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.