Джек ЛОНДОН
Жашоо кумары
Бул жөнүндө көпкө ойлонуп олтурду. Бир аздан кийин ал тизелеп олтуруп алып, сөөк кемирип кирди, ал кызарган кургай элек сөөктөн, жашоонун акыркы тамчыларын соруп жатты. Эттин болор болбос даамы менен жыты аны кутургандай абалга жеткизди. Ал күчүнүн бардыгынча тиштенип, сөөктү катыратып кемирип кирди. Кычырап кээде сөөк сынса, кээде өзүнүн тиштери сынат. Анан ал сөөктөрдү таш менен майдалап чага баштады. Ундай майдаланган сөөктү сууга чылап ботко кылып, оозуна тыгып, какап-чакап жута баштады. Карбаластап жатып колунун манжаларын таш менен чаап алды. Шашкалактап, бүт ою тамакта болуп жатса да, манжаларынын ооруганын сезбей калганына таң калып койду.
Нөшөрлөп кар аралаш жааган, жаан-чачындуу күндөр башталды. Ал кайсы убакта түнөккө токтогонун, кайсы убакта жолго кайра чыкканын эстей албай калды. Убакыт менен иши болбой, күндөп-түндөп, жыгылып-туруп, жашоого болгон үмүтү өчүп-жанып алдыга кете берди. Азыркы күрөш акыл эстүү адамдын күрөшүнө окшобойт эле, – бул анын жаны, денесин таштап кеткиси келбей жанталашып, бир орунга тургузбай кубалап жатканы болчу. Эми ал кыйналбай калды, акыл-эсин жоготуп, ооруган жерлерин сезбей, кандайдыр бир таттуу түштүн ичинде жүргөнсүп, ар кандай элестердин арасында жүрдү.
Бир күкүмүн калтырбай чогултуп алган майдаланган сөөктү оозуна толтуруп, тынымсыз соруп, чайнап коёт. Ал дөңсөлөргө чыкпай, сууларды бөлүп турган чаттарга да барбай, кенен өрөөндү аралап аккан дарыянын жантык жээгинде темселеп жүрдү. Көз алдында куру элестен башка эч нерсе жок болчу. Анын жаны, денесинен бөлүнүп жанында коштоп келе жаткан, экөөнүн байланышы кылдай ичкерип калган эле.
Бир жолу ал жалпак таштын үсүндө жатып эсине келди. Күн жаркырап жылуу болуп туруптур. Арыраактан бугунун музоолорунун мөөрөгөн үндөрү угулат.
Ал тынбай жааган жамгырды, ырылдап соккон шамалды, бурганактаган карды элес-булас эстеди, бирок – канча күн, канча түн бороондуу күндөр өткөнүн, – эстей алган жок.
Көпкө чейин кыймылдабай жатты, мээримдүү күн, өз нуру менен анын жаралуу денесин магдыратып бара жатты. “Жакшы күн”, – деп ойлоп койду ал. Күндүн кайда карай жылып бара жатканын аныктап алгысы келип, онтолоп жатып капталына которулду.
Тээ, ылдый жакта жазы, жай аккан дарыя жатты. Дарыя ага тааныш эмес эле, бул аны таң калтырды. Ал мурда көрүп жүргөндөн да томсоргон, кунары качкан дөңсөөлөрдүн арасында жыландай ийрелеңдеп агып жаткан дарыяны үңүлө карап турду. Тааныш эмес дарыя жүрүп олтуруп, бети күнгө чагылышып жалтылдап турган деңизге барып куюп жатканын коңүл кош карап койду. Ал буга сүйүнгөн жок. “Таң калыштуу, – деп ойлоду ал, – бул закым болсо керек, же болбосо мээм ордунан жылып, көзүмө кыялымдагы элестер көрүнүп жатабы?” Жаркыраган деңизде чайпалып бир ордунда турган кемени көргөндө шек алуусу ого бетер күчөдү. Ал көзүн бир ирмемге жаап, кайра ачты. Кызык, элес жок болуп кеткен жок! Бирок таң калбай эле койсо болот. Бул чөлкөмдө эч кандай деңиз, эч кандай кеме жок экенин, мылтыгында огу жок экенин кандай билсе дал ошондой эле билчү.
Арт жактан үшкүрүкпү, же жөтөлбү, – бир башкача бышылдаган үн чыкты. Кыйналып жатып, берки жамбашына оодарылды. Жакын жерде эч нерсе көрүнгөн жок. Ал кулагын түрүп тыңшап калды. Кайрадан бышылдап дем алып, жөткүргөн үн угулду, өзүнөн жыйырма кадам ары жактагы эки урчук таштын ортосунан карышкырдын башы көрүндү. Башка карышкылардыкындай кулактары тикчийбей шалпайып, көздөрү кызарып канталап, башын көтөрө албай ылдый салаңдайт. Улам бышкырып, жөткүрүп коёт. Жедеп карылыгы жетип, оорулуу болгон карышкыр экени даана көрүнүп турду. “Мына, бул эми закым же кур элес эмес”, – деп ойлоп койду, тумандабай чын эле көз алдында турган дүйнөнү жакшылап кароо үчүн оңдонуп жата кетти.
Деңиз дагы эле күнгө чагылышып, кеме даана көрүнүп туруптур. Балким, чын эле көрүп жаткандырмын? Көзүн бекем жумуп, ойлонуп көрүп, эмне болгонун эми түшүндү. Ал түндүк-чыгышты көздөй жүрүп, Диз дарыясынан алыстап, Коппермайн дарыясынын өрөөнүнө туш болуптур. Бул жай агып жаткан кенен дарыя дал ошол Коппермайн дарыясы экен. Ал эми тиги жаркыраган көгүлтүр деңиз – Түндүк муз океанынын өзү тура. Кеме кит уулап алыскы Маккензи дарыясынын чатынан бери чыгышты карай сүзүп келип, Коронация булуңунда токтоп турган экен. Ал качандыр бир убакта көргөн Гудзон булуңу Компаниясынын чоң картасын эстеген соң, бардыгы түшүнүктүү болду.