Поэзиядагы граждандык пафос үчүн!
САЛИЖАН ЖИГИТОВ
Доордун духу, анын идеялары жана тенденциялары Бөкөнбаевдин, Элебаевдин, Үмөталиевдин, Маликовдун жана башка көрүнүктүү акындардын чыгармаларында да айкын көрүнөт. Демек, кыргыз совет поэзиясында (айрым акындардардын чыгармачылык жолундагыдай эле) коомдук тематика, актуалдуулук, граждандык пафос башкы момент, көсөмдүк кылган линия болуп келген. Ырас, акындардын баары түбөлүктүү темага үзгүлтүксүз кайрыла жүрүшкөн. Биерде биз граждандык лириканын (пафостун) зоболосун көтөрүп, поэзиянын башка жанрларын төмөнсүнтүп, көзгө илбей жатканыбыз жок. Поэзиянын бай, аркыл, албан түстүү болушу зарыл шарт. Алды кызык, арты армандуу өмүр, назик махаббат, өлүм, төрөлүш, дүйнө менен турмуштун көрүнүштөрү жана кубулуштары, адамдын башына түшчү машакаттуу кайгы-кубаныч, табияттын кооз сүрөтү илгертеден бери эле ырдалып келген, ырдала да бермек.
Бирок граждандык пафос поэзияда дайыма жетекчи линия болорун дагы бир мертебе эскеребиз.
Кыргыз совет поэзиясынын ушул өрнөктүү салтын азыркы жаш акындар канчалык даражада улантып, өнүктүрүп, байытып жатат, эми ушуга токтололу.
Мисал катары жаңыдан элге таанылып, жакында «Жел кеме» деген кооз поэтикалык наам менен туңгуч жыйнагын чыгарган С. Урманбетовду алалык, анткени ал — жаш акындардын шыктуусу, анын ырлары аздыр-көптүр сын көтөрө алат; экинчи тараптан, анын мүчүлүшү, кемчилиги, ийгилиги жаштардын көбүнө ортоктош.
Совет Урманбетовдо акындык шык сөзсүз бар. Буга кошумча: ал дайыма берилип, кумарланып, күйүп-жанып, чын пейлинен жазат, чыгармачылыктын элдешпес кас душманы — дүйнөгө, өмүргө, адамга, жакшы-жаманга кайдыгер караган кошкөңүлдүк ага жат. Бул— шилтей коймо өнөрү бар кишилерге абдан керектүү дурус касиет. Мындан ушул касиет болсо эле акындын айы оңунан тууйт турбайбы деген чолок бүтүм чыкпайт. Художниктин ички дүйнөсү бай, таза, бийик мазмундуу келсе, ал өзү доордун зымыраган чабыты менен тең барабар канат кага алса, ошондо гана чын пейилден берилип жана күйүп-бышып чыгарма жазуу ойдогудай натыйжага алып келиши мүмкүн.
«Жел кеменин» авторунун чын жүрөктөн чыккан астейдил ыкыласы бир кыйла себептердин айынан кургак, опаасыз ыкылас бойдон калган. Ал дидактикалык жана философиялык мүнөздөгү поэзияга өтө ынтызар белем, жыйнактагы ырлардын бир даары дээрлик ошол багытта экен.
Жаш акын адамдын дүйнөдөгү орду, милдети, адамкерчиликтүү мамиле, турмуштун татаал маселелери жөнүндө ынтаа менен ой жүгүртөт, алардан кадыресе философиялык тыянак чыгарып, замандаштарына акыл-насаат айткысы келет. Муну ырлардын атынан эле байкаса болот: «Адамдын сөзү», «Адамдык», «Адам жана таш», «Адам менен арча», «Жакшылык», «Теңдештик», «Түшүнгүн», «Турмуш», «Кээде турмуш», «Замана», «Дүйнө» жана башкалар.
Автордун пейли таза, нээти калыс, бирок жогорку ырлар ташка тамга баскандай эсте калбайт, сезимге таасир этип, жүрөктү козгобойт, тек гана демейде айтыла берип ашмалтай болгон анчейин насаат өңдүү баамдын сыртынан кетет.
Мисалга «Жакшылык» деген ырды толук алалык, анткени калгандарынын көбү ушуга окшош.
Өкүнбөгөм өткөнгө,
Кейибегем кеткенге,
Кейимек турсун ыйладым
Сезимиме жеткенде.
Күлпөтүңө мас кылып,
Алдаптырсың жашчылык.
Адамдык белги турбайбы,
Жамандыкка — жакшылык.
Майрамыңа мас кылып,
Азгырыпсың жашчылык.
Адамдык жосум экен го
Жакшылыкка — жакшылык.
Тойлоруңа мас кылып,
Азгырыпсың жашчылык.
Адамдык сапат турбайбы
Ата-журтка — жакшылык.
Урманбетов жакшы эле олут менеп ой жоруп келип, маанилүү бир философиялык же дидактикалык тыянак чыгарууга аракеттенет, бирок бийик даражага көтөрүлө албай төмөндөп, майдалап, карандай акыл менен чамынып, кесепеттүү прозаизм менен берекеси жок кургак насаатка жеңдирип жиберет. Тереңден кайнап чыккан сезим катышпастан, ичин карандай гана акыл аралап кеткендей поэзиядан кут учуп, көрк качат. Ушул ырда (жеке гана анда эмес) ритм, уйкаш, куплет өңдүү элементтер болсо да, чыныгы поэзиянын касиети жокко эсе, анткени андагы айтайын деген идея (ой) анык поэтикалык идея боло албай, кургак, жылаңач бойдон ара жолдо калган. Ырас, ал ыр көңдөй эмес, жамандыр-жакшыдыр белгилүү бир идеяга ээ. Кептин баары ошол идеянын поэтикалык призма аркылуу чагылбастан, тике гана уйкаш, ритманын аркасы менен ырга айланганында турат.