Поэзиядагы граждандык пафос үчүн!
САЛИЖАН ЖИГИТОВ
Сөз козголуп калган соң биерде поэтикалык ой деген түшүнүккө бир саам токтолуп кетсек кантет? Арийне, философ жана илимпоз силлогизмдер, категориялар менен, ал эми художник элестер, образдар менен ой жүгүртөт. Логикалык ой абстрактуу, поэтикалык ой конкреттүү болот деп адабият илиминин алгачкы барагында жазылган. Бул талашсыз тезиске эч ким кылапат айтпас. Бирок практикада айрым чаташкан көрүнүштөр кезигет. Чоң акындарыбыз жаштарга таалим бергенде жогорку айырманы эске албай жөн гана: «ырды ой түзөт, сенде ой жок» деген өңдүү сөздөрдү көп кайталайт. Жаш акындар менен маектеше калганда да «эми түшүндүм, ырга биринчи иретте ой керек экен» дегендей сөздөрдү угасың. Ал эми ыр үчүн жөн эле башка түшкөн шумдуктуу ой эмес, элден мурун поэтикалык ой керектигин таназар алышпайт. Ушунун натыйжасында колуна жаңы калем кармагандардын көбү Урманбетов өңдөнүп поэтикалык касиеттин дегеле дареги жок жыңалач ойлорду уйкаштырып ырга айланта беришет. Ушундан улам биздин поэзияда алтын менен жездин айырмасы айрылбай баратат...
Акындыкка дилгир жаштардын бир даарында дагы бир кейиштүү көрүнүш бар: алар поэзиядагы конкреттүүлүк дегенди көп учурда сюжеттүүлүккө алмаштырып ийишет. Муну альманахтардан, айрым жыйнактардан оп оңой байкоого мүмкүн. Жөн эле айтып койчу кичинекей ойду чубалжыган жадатма сюжет аркылуу беришет, а түгүл кичинекей ырга өң-түсү, мүнөзү, кебетеси жок, ысымдары гана бар бир нече каарманды катыштырып, аларды дагы өз ара сүйлөштүрүп койгонун кантесиң...
Бул — таптакыр тайкы түшүнүк. Конкреттүүлүк ырда сюжет барбы же жокпу, ага карабайт. Сюжетсиз эле Жусуптун «Ук, жер жүзү», Жоомарттын «Кош, Ала-Тоо, уулуң кетти майданга» деген ырларын ким конкреттүү эмес деп тана алат, кана?
Биз да таза теорияга кирип, курулай акылмансынып кеттик белем, андан көрө сөздүн ток этер жерине кайталык.
Ошентип, Урманбетов жогоруда биз санап өткөн ырларында айтайын деген идеяларын конкреттүү поэтикалык ойдун деңгээлине жеткире албай акылга жукпаган, жүрөккө жетпеген насааттардын туткунунда калган. Ырас, бир гана ырында («Адам жана таш») поэтикалык ой куду терең дарыянын түбүндөгү акак таштар сыяктуу алыстан элес-булас жылтырап көрүнөт, бирок ал да алаканга салгандай ачык айтылган эмес, окуучу божомолдоп гана сезиши мүмкүн.
Жогоруда биз кудуретибиздин жетишинче талдамыш болгон ырлар ушунун биринчи тобуна, таасындап айтканда, жалаң акыл менен жазылганына кошулат. Алардын сөздөрү деле жымсал, идеялары адам жана адамгерчилик жөнүндө, уйкаштары деле эп желишип турат — сыртынан караганда кылчалык кынтыгы жоктой сыр билдирбей тымпыйышат.
Жандуу адам үчүн же жек көрүү, же сүйүү сезими менен жүргөн алдаганча пайдалуу, ал эми кошкөңүлдүк абал ар кандай кишинин дымагын кайтарат, жашоо кумарын суутуп, турмушка кайдыгер каратат. Анын сыңары жаман ыр окуучунун көңүлүн дароо иренжитип, бат эле наалат айттырат, жакшы ыр маңдай жарып сүйүндүрөт, ал эми жүрөктү жылытпаган ортосаар супсак ыр ыргылжың гана калтырып тим болот. Жаман ырларга каршы тайманбай ачык атака жасоо оңой, а тигиндей же быякта, же аякта жок арабөк ырлар сындоого абдан опурталдуу. Жаман деп ашатып сөгөйүн десең кандайдыр бир азиз идеяларды калканч кылып алган. Жакшы ырлардын үйүрүнө кошоюн десең сезимге жукпайт. Бирок алар поэзиянын сапатын халтурадан беш бетер пастатат, көркөм сөздүн таасирине катуу зыян келтирет. Мына, Урманбетов өзүнүп натурасына жат чала моңол философтуктун туткунунан бошонуп, акыл айтып какшанганын таштап, жалган пафоско берилбей, тек гана акындык стихиясын өз эркине бош коё берип, «дилинен чыккан үн» менен ырдай баштады.
Мисалга «Энем» деген ырды алалык:
Ысык-Көл ыманымдай ысык белем,
Бир паста миң кубулган кызык белем.
Болбосо, неге мынча кумар болуп,
Ай өтпөй ашыгымдай шашып келем?
Аным чын ашыгымдай шашып келем,
Вагондор батыралбас сагынч менен.
Сен менен өткөн күндөр кандай таттуу,
Кайрадан чуркасамчы кедең-кедең.
Төрөлүп төр жагына алкоо менен
Көлүмдүн күлпөтүнө канган элем.
Токунбай толкунуна минип алып,
Оролуп балырына эркелеген.