Поэзиядагы граждандык пафос үчүн!
САЛИЖАН ЖИГИТОВ
Бул ыр башынан аягына чейин ушундай темпте, ушундай темпераментте, ушундай духта жазылган!
Анын чапкан аттай элпек таскагы, табийгый поэтикалык ыргагы чү деген жерден эле куду көңүлдү ийиткен өлөң сыяктуу кулакка шак этип, не бир сонун мукамдуу угулат да, баамды дароо өзүнө бурат. Бара-бара тереңден кайнап чыккан илептүү саптар сезимдин назик кылдарын черткилеп, толкундата баштайт. Авторду бийлеген эмоция байкоостон тымызын окуучуга өтүп, таасирлендирип кирет; айрыкча «сен менен өткөн күндөр кандай таттуу, кайрадан чуркасамчы кедең-кедең» деген жерге жеткенде делебе козголуп, ырастан эле акынга кошулуп кыйкырып ийгиң келет...
Бул — адамдын акылы араң жете турган татаал ою деле жок, укмуштай табылган жалтыр-жылтыр көркөм сөз каражаттарына деле койну толо бай эмес, жөп-жөнөкөй гана ыр... Бирок ал жөнөкөй ыр мазмуну жагынан да, көркөмдүгү жагынан да, эмоциялуулугу жагынан да алиги «акылга тунуп турган» ырлардан күнчүлүк өйдө. Ушул ырдан гана жаш автордун эчкимге окшошпогон, өзүнө гана таандык, темпераменттүү, назик лирикалуу акындык үнү бар экени таасын байкалат.
Берекеси төгүлгөн кооз жерибиздин, анын зыйнаты болгон көгүлтүр көлүбүздүн урматына айтылган гимн сыяктуу ал ыр көңүлдү шооладай жарык, жайдары, шатман сезимге магдыратып, боордош ата журтубузга арналган перзенттик мээрибизди тазартат, экилентет, жадыратып жиберет.
Деги туулган жер менен бир боор эл жөнүнөн күү козгогондо Урманбетов бөтөнчө элирип, эргип кетет: ажайып татынакай жерибиздин көркүнө сонуркагандан танбай үстү-үстүнө суктанып, мактоого сөз табалбай калдастап калат; жүрөктөш калкын, анын адамгерчиликтүү расмилерин, толкундуу күүлөрүн, ак калпагын, комузун, кыл кыягын — айтор кыргызга эмне тиешелүү болсо, ошонун баарын чын ыкластан сүйүп, кадырлап ырга кошот. Ошондуктан ушул темадагы ырлардын бир даары («Энеме», «Айылым», «Сага бергем», «Музыка» ж. б.) бир далай таасирлүү, күчтүү чыккан. Бирок элди-жерди сүйүүнүн да, ага үйрүлө түшүп жалбаруунун да, анын аржак-бержагын көтөрө чалып мактоонун да, таазим кылып жүгүнүүнүн да чеги, ылайыгы, даражасы бар го деп ойлойбуз. Патриотизм, элди сүйүү акылга сыярлык, адептүү, нары да алдыңкы көз караштын негизинде болсо гана көркүнө чыгат, антпесе тек гана бейчеки патриотизмге, сокур сүйүүгө айланып кетери бышык. Урманбетовдун урматтоосунда, патриоттук сезиминде жалган пафос, жасалма кулдук уруу көрүнүштөрү учурайт.
«Жел кемедеги» ырлардын жарымынан көбү махаббат лирикасы. Бул анча таңгаларлык окуя эмес, анткени автор али жаш, сүйүү курагында. Ал эми кимди гана жаштыктын зээри учурбаган, кимдер гана «сүйүү чиркин гүлүнөн жыттабаган!» Адамдагы ушул азиз, бийик, татынакай сезимди Саадиден баштап Урманбетовго чейинки акындардын ырдабаганы барбы?! Махаббат — акындар үчүн өлбөс тема, түгөнбөгөн кенч.
Совет адабиятында поэзиянын бул керектүү жанры пастап кеткен жылдар да болгон. Ал «конфликтсиздик» теориясынын мыяттары тарабынан куугунтук жеп, газета-журналдардын бетинен алгылыктуу сыйынт таба алган эмес. Ошол себептен окуучулар чыныгы ашыктык лирикасынан жутап, чаңкап калышкан эле. «Конфликтсиздик» теориясы ашкереленип, поэзиядагы мындай бир беткей абал адилеттүү сынга алынган соң бардык акындар, айрыкча жаштар түп көтөрө ошол жакка тап койду. Натыйжада поэзиябыздын бөксө жери толуп, а түгүл ашып-ташып да кетти. Жаштардын кайсы гана жыйнагын окуп көрбө, теңинен көбү махаббат азаптарына жык толгон. Айрым жолдоштор (бөтөнчө, Медетбек Сейталиев) ашыктыкты адамдын башына түшкөн жоболоңдуу кырсык, айыкпас сүзөктүү дарт же оор бактысыздык катары ырдашат, жер үстүн муңга бастырып, дүйнөнү караңгылатып жиберишет.
Урманбетовдун башкалардан айырмалуу жакшы касиети — ал ашыктык маселесине шайыр оптимисттик көз карашта мамиле кылат, аны эр азаматтын (же дилбар кыздын) ыкыбалына сейрек туш келчү бакыт, терең адамдык мээрим, өмүргө ынтызар кылып шыктанткан зор күч катары санайт. Жаш автордун ашыктыкка болгон көз карашында чыныгы сезимдин каррикатурасы — сентименталдуулуктун жышааны билинбейт. Ырас, Урманбетов да башкалар өңдөнүп ичи бышып зарланат, санаа тартып үшкүрүнөт, жете албай умсунуп калганына муңканат. Күйүтү жок сүйүү болбосу бештен белгилүү эмеспи! Бирок анын муңунда, зарында, күйүтүндө жашоо ышкысын өчүргөн көңүл чөгөттүк, жасалма пафос жок, тескерисинче, жайдары мүнөз, ишенимдүү үмүт, пайдалуу кекенич кызыл сызык менен өтөт.