ҮМҮТ КУЛТАЕВА:
КЫРГЫЗ ТАРЫХЫЙ РОМАНДАРЫНДАГЫ ТИПТҮҮЛҮК: ЭПИКАЛЫК САЛТ ЖАНА МОТИВДЕР
“Көчмөндөр кагылышында” саяк уруусунун генетикасына жазуучу тарабынан илимий мамиле жасалбай, ал оозеки чыгармачылыктын деңгээлинде калгандыгы чыгарманын көркөм-эстетикалык деңгээлине түздөн-түз таасирин тийгизген. Анткени тарыхый романисттер кайсы бир деңгээлде изилдөөчүлөр болуусу зарыл эле.
Ал эми Т.Касымбеков пайдаланган санжыра тарыхый жана илимий булактардагы маалыматтарга төп келет. Жазуучу эл оозундагы санжыраны тарыхый булактар менен салыштырып, кайра иштеп чыккан. Тактап айтканда, Амир Темир Көрөгөндүн тарыхтагы орду, анын Тимурийлер династиясынын негиздөөчүсү экендиги, баскынчылык саясаты, жортуулдары, ааламга атагы чыккан “Алтын ордонун” талкаланышы биздин адабияттарда эле эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги илимий булактардагы чындык. Ушундан улам, бүгүнкү тарыхый жанрдын актуалдуу проблемаларынын бири тарыхый окуяларды сактоонун элдик “архиви” эсептелген санжыраны чыгармага бүкүлү көчүрбөй, анын ар түрдүү варианттарын салыштыруу, азыркы мезгилде жазуучуларга түзүлгөн кеңири мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, санжыранын тарыхый документтер, архивдик материалдар менен байланышын изилдөө улуттук адабияттын алдындагы милдеттердин бири.
Түш көрүү жана каарман тагдыры
Түш көрүү — бир эле кыргыз элинин эле эмес, дүйнөлүк адабиятта кеңири колдонулган эпикалык салттардын бири. Башкасын айтпаганда да, кыргыз рухунун туу чокусу аталган улуу эпосто башкы каарман Манастын жаралышынан аян берген түш көрүү эпикалык салтынын тарыхый романдардын көркөм структурасындагы орду өзгөчө. Түш көрүүгө көркөм чыгармаларда гана эмес, тарыхый инсандардын тагдырына байланыштуу аяналуу бул өзгөчө баянга тарыхый булактарда да чоң маани берилген. Айталы, Ормондун хан болордон мурда атасына берилген аян мындай экен: “Эсенгул уулу Ниязбек түш көрсө баласы Ормон бийик тоонун башында колунда мылтык, жанында эки шер отуруптур. Кадимки олуя Калыгул Бай уулуна жорутса, ал балаң хан болот экен, бирок хандык бийлиги узакка созулбайт дептир” (30-б.). Ал эми казак элиндеги Нарен баатырдын кызы Уулбала “түшүндө ай кучактап”2 (Б.Солтоноев “Кызыл кыргыз тарыхы”, 1993. – 19-б.) ошол кезде, атагы чыгып турган “Ормонго тийем деп, өзү издеп келатканда Алыбек жоолугуп, Ормонго алып келген” деген маалымат расмий тарыхый булактардан орун алган.
Адамзаттын жашоо тажрыбасында түш көрүү кубулушу улуттук психология, дүйнө тааным менен байланыштуу чечмеленет. Адатта бийик тоо – адамдын зоболосунун көтөрүлүшү, куш – жакшылык жышаанасы, куштун боосу – тилектин орундалышы, өрт – чыр-чатак, кан – жамандык белгиси жорулат. Айталы, убагында повесть-роман аталган Ч.Айтматовдун “Жаныбарым, Гүлсары” повестинде Танабайдын тагдыр-трагедиясы түшүндө “кан чеңгелдөө” аркылуу берилген. Түштү жазуучу чыгарманын идеясын тереңдетүү максатында колдонулса, тарыхый чыгармалардагы түштүн көркөм функциясы аны менен чектелбей, тарыхый доордун мүнөздүү белгилерин камтып, романдын жанрына таасирин тийгизгенин байкоого болот. Мисалы,“Көк асаба” романында чагылган көөнө доорго ылайык, жазуучу да түш көрүүгө мифтик элементтерди пайдаланып, ал аркылуу тарыхый мезгилдин өзүнүн образын берүүгө аракеттенген.
Улуу сөз угуп олтурган уздарга өткөн бир окуя айтылат. Айталы, кыздардын акылдуусу Талмыз кыз түш көрөт: “Ушул сонун өзөндүн боюнда, жанакы учуп кеткен кушту карап турган эди. Тигил укмуштай кооз канаттуу карагайдын учуна барып конду. Карагай үч майышып, учу үч жолу жерге тийди. Төртүнчү жолу майышты эле, карагай учу, аны карап турган Талмыздын колуна жетти. “Ай-ий, ыйык. Бат эле ушунчалык узарат экен ээ” дегенчекти болбой жанагы эң сонун кооз канаттуу киши уулунча сөз сүйлөдү:
— Бу укмуш өзөндүн суусун жуттуң кыз. Ак балыгын таттың кыз. Эми уктап калдың баарың. Уйку – душман. Тез ойгонуң, тез аттаның, бул өзөндөн тез узап кетиң баарың! Кеч калсаң тилеген тилегиң ордунан чыкпас. Өзүң жез тумшукка жем болосуң. Түшүңдө саа аян берип, бул сөздү айткан, Талмыз-кызым, сенин жетинчи чоң энең Бай-апаң мен”… Майышып турган карагай учу серпилип кетти. Талмыздын бетине салкын жел тийди” (268-б)…Ойгонгондо, Талмыз кызды үч түрдүү: кубаныч, өкүнүч, коркунуч сезими “жүрөгүн лакылдатып жиберет.”