Иоганн Вольфганг фон Гёте

Асман бейпил көмкөрүлүп жатканда, Аба сындуу жутам сени, Балжаным.

Иоганн Вольфганг фон Гёте

Тандалган ырлар

УКМУШ ТҮН

Селкимдин чыктым үйүнөн,

Калды кыйбас асылым.

Дүйүм токой түбүнөн,

Кадам шилтейм акырын.

Желаргыдан шуудурайт,

Токой учу. Ай жылат.

Кайың үнсүз жер карайт,

Сан чачпагы салбырап.

Укмуш түндүн сыр каткан,

Жанга ыракат салкыны.

Жымжырттыгы жыргаткан,

Бу токойдун салтыбы.

Мындай түндүн далайын,

Буюр, тагдыр, тирүүдө.

Жалжалыма барайын,

Жалындайын сүйүүдө

 

АЛГАЧКЫ ТҮН

Коноктор шайыр олтурат...

Болтурбайт Амур1 катаны,

Колуктуң үчун чочулап,

Ал көктөн түшкөн атайы.

Буруксуйт жыты ладандын2,

Керебет турган бөлмөдөн.

Сезимин козгойт адамдын,

Бир сыйкыр нурлар көрбөгөн.

Меймандын бака-шакасын,

Баскандай жүрөк түрсүлүн.

Алоолоп бара жатасың,

Демейки болбой бул түрүң.

Колуктуң менен киресиң,

Касиет түнгө өзгөчө.

Кумардын баасын билесиң,

Кароолчу шамы өчкүчө...

Кош алма төштө тирсийген,

Калтырайт байкуш колуктуң.

Табасың лаззат бул түндөн,

Ачканда четин жоолуктун.

Чалалык кылба, бүт өзүң,

Чечиндир кийимин жарыңдын.

Олуттуу боло түшөсүң,

Ичинен чыгып жалындын.

 

1.     Амурсүйүү кудайы.

2.     Ладанжыпар жыттуу чайырга окшош зат.

 

 

АЛМАШУУ

 

Толкундарга кучагыңды кең жайып,

Көл жээгинде жатсаң жыргап, эмне айып?!

Мына, толкун келе жатат талпынып,

Өбөт дагы качат кайра тартылып,

Келет анан да бир толкун шарп уруп...

Өмүр кызык, алмашылып-артылып.

Ошентсе да өткөн ишке өкүнүп,

Өксүгөнүң болбойт, досум, чекилик.

Улам жаны махабатка кезигип,

Сүйөөр чакта сүйүш керек эзилип.

Өбөт сени экинчи кыз эрини

Биринчиден таттуу, ширин сезилип.

 

 

КОШТОШУУ

 

Коштошконум билгин көзүмдөн,

«Кош» дегенге оозум барчубу.

Бир жөнөкөй жанмын өзүм мен,

Бирок билер кадыр-баркыңы.

Ошол кезде жанга көп түйшүк,

Махабаттуу сүйкүм жол дагы.

Эриндер да салкын өбүшүп,

Кысылгансыйт араң кол дагы.

Эриндериң арсар кыбырап,

Таркабаган өңдүү наз дагы.

Кубандырчы өскөн гүл бурак,

Кең талаада эрте жаздагы?!

Эми калдым гүлдү үзүштөн,

Түшүнүп кой мындан арыга.

А мен үчүн эчак күз түшкөн,

Гүл учуру — жаздын баары да.

 

 

ОТТИЛИЯ фон ГЁТЕГЕ

 

Алыстабай токтой турчу,

Айланаңа кулак сал:

Убакыттан узак укчу,

Азыр сүйлөп турат ал.

Кыз балалык, бойго жеткен

Кездериңди айтчу элең,

Баары турат кетпей эстен

Бүт сырларың, мен билген.

Атама ак сүйүүңөн

Тартууладың сен перзент.

Ага белек бу Дүйнөдөн

Ырдан башка тек келбейт.

 

 

ЗУЛАЙКА

 

Сан-миң түскө кубулсаң да түрлөнүп,

Сен экениң билип коём, Ардагым.

Сан чүмбөткө турсаң дагы чүрмөлүп,

Сен экениң билип коём, Жайдарым.

Кипаристин солкулдаган талынан

Мен өзүңдү көрүп турам, Чырпыгым.

Толкундардын куюлушкан сабынан

Мен өзүңдү бөлүп турам, Кырчыным.

Сан гүлдөргө жашынган гүл болсок да

Сен экениң сезип турам бир гүлүм.

Шарап сындуу шалдыратып койсоң да

Сен экениң сезип турам, Шириним.

Туу чокуда таң жаңыдан атканда

Кучак жайып күтөм сени, Жалжалым.

Асман бейпил көмкөрүлүп жатканда

Аба сындуу жутам сени, Балжаным.

Сезим, сөзүм... баары жогун байкасам —

Сенден калган, сенден алгам Кубатым.

Мен теңирдин ысымын жүз атасам,

Ар биринде сен жаңырып турасын.

 

 

ЖОЛУГУШУУ ЖАНА АЖЫРАШУУ

 

Жүрөк туйлайт азоо аттай,

Ойго келбес бир иш болуп.

Жердин бетин күүгүм каптап,

Түн чүмкөдү жыш, толук.

Тоолор турат туман кийип,

Окшоп бийик алптарга.

Жүздөгөн көз жанат күйүп,

Көөдөй түндө кап-кара.

Асмандагы булуттардан

Араң тиктейт ай дагы.

Шамал жүрүп удургуган,

Добуш келет кайдагы.

Мокочого окшойт бул түн,

Жүрөк бирок сезгендей.

Күйүп-жанат тамыр бүтүн,

Отко түшүп кеткендей.

Мен сүйүндүм сени көрүп,

Көз карашың мен үчүн.

Кете жаздайт жаным эрип,

Алган демим сен үчүн.

Жаз авасы гүл жыттанат,

Назик жүзүн аймалап.

А мен сени, атаганат,

Алсам торго айлалап.

Бах, чиркин күн нурларын көр,

Айрылууну тездетип.

Өлсөм жаным жыргал күтөр,

02.04.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.