Кадыркул Даутов
КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ
I
Дүйнөлүк адабияттын тарыхый тажрыйбасы дапдаана көрсөтүп келаткандай, талант чындап ачылып, өзүн-өзү таап чыгыш үчүн, коомдук түзүлүштө, болбосо жекече өмүр жолунда кандайдыр бир күтүүсүз-күтүлүү зор өзгөрүштөр жүрүп, жаңы шарт түзүлүш керек окшобойбу. Сөзсүз түрдө айтчу сөзүн айтып, төкчү жашын төгүп, же жан дүйнөсүнө батпай ашып-ташып эргиген кубанычын ачык билдирип кирген кезде гана потенцияда быгып келаткан күчтөр чындап козголо баштайт. Анык адамдык жүзүң, түп мүнөзүң, нагыз өзүңө таандык айырмалуу ойлоо, сүйлөө манераң, улуттук сапат белгилериң, ал турсун кандай жердин табиятына ыңгайлашып өсүп, кандай чөйрөдөн тарбия алганыңан бери кадыресе ачык туюнтат.
Эгерде өзүңдүн мүнөз, пейилиң ырларыңан көрүнүп турбаса, анда сен кагаз бетине түшүрдүм деген ички-сырткы дүйнөлөр да эч качан өз нарк-насилинде берилбейт. Жалпысынан бирин бири кайталап ээрчишкен окшош ойлор, жалган пафос, жалган сүйүү, жалган кубаныч, жалган патриотизм, жалган азап. Сен өзүңдү ырдаткан дүйнөнүн ичине, ал сенин дүйнөңүн ичине кире элексиңер. Ачуу-таттуу менен кайгы-муң, күлкү-шат менен көркөм асылдык сезимиңди ачыштырып же эриткен жок. Сен калп эле эргип жатам деп жазып отурасың. Сөз жүзүндө Дүйшөнкул менен Чолпонбайсың, иш жүзүндө Ч. Айтматовдун дезертир Ысмайылысың. Достугуң да калп. Ал үчүн тим эле жанымды берем дейсиң, башына иш түшсө, тааныбайсың, жылжып качасың.
Ушундай жалган мамиле, таптакыр үстүрт түшүнүк, өзүн-өзү алдап ыр жазган болуп жүргөндөр тээ илгертен бери эле бар. Алардын айрымдары техника жагынан чеберчиликке жетип алышат. Кынапташтырып коюлган саптар менен келишкен татаал, же жөнөкөй уйкаштар, түрдүүчө муун өлчөмдөрү, стих, песня, речитатив өңдүү ар кыл формалар колдонулат. Адабий сабаты мокок, эстетикалык табити ачылбай калган окурмандар алардын чын-калпын ажырата алышпайт. Көркөм табит ултук.
Бирок, сыртынан ыр түзүлүшүнүн дээрлик көпчүлүк элементтери жашагансып жатканы менен, ичинен жан киргизип, жагымдуу жылуулук жиберип турчу эң зарыл, эң керектүү чыгарманын жүрөк тамыры катышпай калгандыктан, окурман сезими козголбой, ойго бүлүк салынбай, эч кандай таасирсиз сөлөкөт дүйнө болуп токтоп калат.
Мындай илдеттин экинчи түрү – конформизм. Ал – саясатта, идеологияда, психологияда үстөмдүк жүргүзчү ойлор менен түшүнүктөргө (туура, туура эмес болсо да) ыңгайлашуу кандай мүнөздө жүргүзүлсө, көркөм образдар дүйнөсүндө деле ошол көнүмүш ыкмалар колдонулат. Баштатан келаткан жеңил жолго түшүп алып, оңой чечмелей салууга өтүп алуу – эртеңки трагедиясы экендигин чындап билет бекен? Өзүнчө ой жүгүртө албайт.
Ошол тордун ичинде гана тегеренип жүрүп калуу, же андан тазаланып чыгып кетүү – бар, жок болушуң. Сени көрүнүп-көрүнбөгөн андай тордон бошотуп алчу башкы күч – өз сөзүңдү жашырбай, бузбай түз айтууга жетишкениң. Булар өмүр жолуңда жоготуу-табуу, трагедия менен комедия, сүйүү менен жек көрүү аралаган тагдыр күтүлмөйүн өзү эле келип калбайт. Муну чындыкты алып чыкчу объективдүү шарт дейли. Эми аны жүзөгө ашырчу акындык талант болот. Аны таптап, сүрөмөлөп, тереңге сүңгүтүп, бийикти каратып, тынымсыз издентип турчу чыныгы чыгармачылыкты жүргүзчү зарыл күчтөр жана ошолордун иш-аракетке туура салынышы, илим-билим деңгээлиң. Ар биринин аткарчу милдети бар.
Миң уккандан бир көргөн артык дегендей, энди теориядан практикага өтүп, айтылгандарды конкрет предметтин өзүнөн конкрет караштырып көргөнүбүз жакшы. Андай болсо, ишти табиятынан таланты бар, аты элге алынган, чин-даражалуу акыныбыз АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВДУН чыгармачылык тажрыйбасынын башатынан баштагым келгени туура чыгып жатат окшойт. Себеби жаш акын мурда көрүп, билип жүргөндөрүнөн кескин айырмаланган жашоо шартка туш келип, чыгармачылыкта шилтенген кадамдары да ошол турмуш менен түз байланышта жылыш
жасап келиптир.
Муну беш жылдай тээ алыскы катаал Памирдин Мургабында жашап калганы дүйнөдө кандай жерлер бар экенин билип алганы менен мугалимдик тажрыйбасынын жогорулашы же татаал шартта бир жагынан экзотикалуу, экинчи жагынан, катаал тоолордо катаал турмуш өкүм сүрөрүн баштан өткөргөнү катары гана түшүнбөш керек. Баарыдан мурда жаш акын ошол кезде окшош теманы сырттан туруп көнүмүш ыкма, даяр ойлор менен бири-бирине окшоштуруп жазып, өз үнү чыкпай жалпы хордун ичинде калган көптөгөн калемдештеринен жаңы шарт муктаждыгы аны стихиялуу түрдө аз-аздап бөлүп, өзүн-өзү ачып алууга жылыш жасатып баратканы жекече поэтикалык ой жүгүртүүсүнөн да сезиле баштаганына атайылап кылдаттап көңүл бурууга тийишпиз.