Кадыркул Даутов
КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ
Ошол убакка чейин жаш акын поэзияга кандайча караганын жыйнактын (Мөлтүр сезим. Ф., 1973) башында берилген «Тоолор жана чоң атам», «Революциянын баатырлары», «Разливде», «Граждандык согуштун баатырларынын эстелигине», «Тоолор силер», «Куруучу», «Мектеп», «Кыргыз-казак», «Душманга сыр» (3–9-б.) аттуу тогуз ырдын темасы менен сабат деңгээли апачык көрсөтүп берет. Болгону предметтин саны менен аталышынан гана так маалымат алып жатабыз. Сапат деңгээлин билиш үчүн конкрет мисал, далил келтирип, жан дүйнөсүнө жакшылап операция жасап чыгыш милдет. Окурманды ишендириш зарыл. Ансыз абстрактуу кургак сөздөрдү гана атап өткөн болосуң.
Октябрь революциясынан соң, 20–30-жылдарда большевиктер партиясынын Борбордук Комитети жүргүзгөн идеология негизинен жашап бүтүп, 40–50-жылдардын идеологиясында кыйла өзгөрүүлөр болгон менен, адабият, искусство жана гуманитардык илим тармагында революция, Ленин, партия, саясат, эмгек, жармы жалган, жармы чын достук темалары баарын чечкен. Башкы талап сөзсүз түрдө мына ушуларды даңазалоо эмес беле. Калем кармагандардын дээрлик көпчүлүгү бир эле айлампада тапталып ички өсүш, ой-жүгүртүү табияты жаңыланбай жүрө берет. Өзүнө-өзү сын көз менен кароо зарылдыгын да көп эле сезип-туюп жибербейт. Азырынча Анатай Өмүрканов деле адабият жөнүндө ушундай түшүнүк, качантан бери кайра-кайра ырдалып келаткан тааныш темаларда айтылган ойлордон толук бошоно элек. Аларда сезимин жарып, жүрөгүн аралатып өткөн жандуу турмуш чындыгы жокко эсе. Кантип калем шилтеп келгенин эч кандай адашпай ажыратып билиш үчүн, тизмелеп өткөн ырлардын кайсынысын болсо да колго алып туруп, ырастап ыкыласын буруп окуп койсо эле айтылгандарга кошулары бышык. Революция темасынан баштайлы:
– – – – – – – – – – – – – – – – –
Каны алардын жерге сиңип кетпестен
Байрак болуп алоолонуп асманда.
Бүт дүйнөнүн шамалына желбиреп,
Досторду үндөп, сыр көрсөтөт кастарга.
Эркиндикти самап, самап аябай,
Эркиндикти сиңиришкен канына –
Өлсө дагы жеңиштерге шыктанып
Жүрөктөрдө алар тирүү дайыма...
– – – – – – – – – – – – – – – – –
(«Революция баатырлары», 3-бет).
Келтирген куплеттерде жаңы ойлордун жоктугу гана эмес, саптардын техникалык жабдылышы да чындап көңүл толорлук даражага көтөрүлө электиги көрүнөт. Сөз менен иштөө, уйкаш куруу маданияты жетчү чегине жете элек. 20–30-жылдардагы революцияны даңазалоо жөнүндө көп саясый-чакырык ырларынын алкагынан чыгалбай жатат. Айткандары логикалык жагынан да, түпкү реалдуу мааниси жагынан да, толук кандуу, толук жандуу, узун өмүрлүү чыгарма боло албай калган.
Атайылап кунтуңду коюп окуп көрүп, андан соң баа бер: Революция баатырларынын «Каны жерге сиңип кетпестен, байрак болуп алоолонуп асманда бүт дүйнөнүн шамалына желбиреп» турганын Америка менен Япония, Улуу Британия менен Германия, Франция менен Италия, Индия менен арап, парсылар, болбосо Африка мамлекеттери ушунчалык зор кубаныч менен тосуп алышып кол чаап турушабы? Же булар ушул өзгөрүштү чыдамсыз түрдө күтүп келишти беле. Символдоштуруп айтканда, Революция берген өлүм-өмүрдүн келечек тагдыры
«... байрак болуп алоолонуп асманда, бүт дүйнөнүн шамалына желбиреп» калышы чын бекен. Эгерде чын десек, төңкөрүштөн кийинки граждандык согуш, басмачылар менен болгон согуш, Улуу Ата Мекендик согуш кайдан чыкты. Эң акыркы сөз: жалаң гана партиялык саясый үндөөлөр жазууга көнүп алышкан чоң-кичине акын аттуулардын адабиятта алып жүргөн орду кандай комедиялык абалда башкаларга бошотулуп калганын өз көзүбүз менен көрүп, көбүнө күбө болуп келатпайбызбы.
Экинчи мисал катары эми жаш акындын бөлөк темада жазылган «Куруучу» деген ырын толук бойдон алдыга тартып алып, ички жана сырткы дүйнөсүн конкрет аңдаштырып, өзгөчө эстетикалык сапат деңгээли кандай экендигине басым жасай турганыбыз негизги милдет экендигин эскертип деле коёлу. Анда нени күтөбүз, кеттик: