Кадыркул Даутов

КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ

Кадыркул Даутов

 ...А куруучу болуш үчүн кирпичтин

Катуусунан дагы катуу эрк керек

Мына ошондо кирпич кырка тизилип,

Мына ошондо аалам карар көрк берет.

 

Бирден койгон кирпичине куруучу

Жүрөк демин, дене демин калтырат.

Ошондуктан сен жылыйсың заматта

Үшкүрүнүп, үшүп келип-калтырап.

Бул үйлөрдүн өскөн сайын катары

Бул адамдын өсүп барат атагы

Бул үйлөрдүн бүтпөгөндөй акыры

Бул адамдын бүтпөйт күнү, жашаары!

 

(Мөлтүр сезим. Ф., 1973. 6-б. «Куруучу»).

 

   Сөз бул жолу ырдын окула баштаганда эле көзгө көрүнүп, көңүл бургузчу курал-жарактарынын ал-абалынан башталсын. Ар сап сайын өзүн конкрет көрсөтүп турчу уйкаштын жеткиликтүү иштелбей келатканы. Көбүнчө эле аттама уйкаштар колдонулат. Куплетте экинчи сап менен төртүнчү сап, биринчи сап менен үчүнчү сап уйкашпай калып калат. Биринчи мисалга тартылган «Революция баатырларында» кандай жазылса, мында деле ошондой (баарынын астын сызып келетам, сен да кайталап окуп келе бер – К. Д.).

  Эгерде поэзияда карала турган ашкере керектүү маселенин бири ушул делсе, мындан да баалуу, көркөм адабияттын бардык түрлөрүнө өзөк тамыры менен өмүр салаасы болуп берчү  УЛУУ  СӨЗ  кудурет-маанисин  туура түшүнүп, туура колдоно билүү зарылдыгын сезүү кандай? «А куруучу болуш үчүн кирпичтин катуусунан дагы катуу эрк керек – Мына ошондо кирпич кырка тизилип, Мына ошондо аалам карар көрк берет», – деп бар түшүнүк жыйынтыгын чыгарып жатпайбы. Туура аныктама бере алдыбы, түпкү мааниси бузулган жокпу?

  Мындай «аалам карар көрк берчү» таң каларлык кооз имараттар менен атайын бөлүнүп курулган маданий-административдик жайларды кирпич койчу жумушчу жаратпайт. Ал кара жумушун гана аткарат. «Катуу эрк» деле кетпейт. Андай оригиналдуу кооз курулуштардын проектисин архитектура тармагы боюнча эстетикалык терең билими бар профессионал адис гана түзө алат. Дагы кайталап айтайын, ага бекем чыдамдуу кара күч эмес, акыл күчү, табигый талант, ойлоп тапкычтык, практикалык чоң тажрыйба керек. Буларга кошумча жана бир талап: жаш акынды сөз менен иштөө, сөз байлыгын өстүрүү муктаждыгыдагы эле күтүп турат. Ырларынын ичинен өзүнүн  «МЕНИ» көрүнө элек.

  Ал эми «Куруучу» сыяктуу ырлар 60-жылдардын ортосунда эмес, 20–30-жылдардын ичинде жазылса отурукташтыруу, эмгек темасы, жумушчулардын образын жаратуу керек деген партиялык үндөөлөргө жооп иретинде убактылуу болсо да ойго алынып калууга жарамак. Ыр кайсы доордо, кайсы элде, кайсы жерде, кандай шартта жазылганы билинбейт. Алтымышынчы жылдардын экинчи жарымына оогон кезде кирпич койчу жумушчу жөнүндө көркөм чыгарма жаратуу проблема деле болбой калган. Негизинен курулуш кесибин өздөштүрүү маселеси жолго коюлган. Ар бир тармактын иш жүргүзчүлөрү жетиштүү адистештирилген. Өзүнүн мурдагы чоң проб­лема болуп турчу чоң ордун космоско бошотуп берген өзгөрүштөрдүн айырмасын да чындап ажыратып билгени ачык көрүнбөйт.

  Кайсы кесип, кайсы проблема болбосун, ар бир учурдун өз талабы, өз деңгээли болот. Мисалы, орустар, же француздар менен немецтер, англичандар менен италия­лыктар, гректер менен австриялыктар буга окшогон темаларды алды байыркы замандан тартып жазбай калышкан. Бүгүн андай проблеманы билишпейт. Көркөм адабият үчүн да, саясат үчүн да, жашоо зарылдыгы үчүн да, мындай тема эч кандай пайда келтирбейт. Космос доорундагы ачылыштар менен Адам акыл-эс, ой жүгүртүүлөрүндө кандай муктаждыктар болуп жатканы жазылат. «Куруучу» – али өзүн таба элек жаш акындын жазыш үчүн эле жазылган ырларынын бири.

   Мисалы, ушундай эле темалар Алыкул Осмоновго да калем карматкан. Алар тиричилик өткөрүүнүн өзүнчө бир салаасын түзөт. «Дубалчы», «Плотник», «Маляр», «ФЗОдогу иниме», «Карабек», «Жумушчунун мүнөзү», «Завод көрдүм» аттуу ырларын аңдаштырып көрчү: буларды жаңы шарт, жаңы баскычка жол алуу зарылчылыгы жаздырган. Көчмөн тоолуктар колхоз, совхозго киришип, отурукташып там үйлөргө жашоо­го өткөндө ушундай кесиптер пайда боло баштабады беле. Күндөлүк колдончу эмгек куралдары да өзгөрдү. Жалаң гана колхозчу эмес, бирин-экиндеп эртең калыптанып кетчү жумушчу катмарынын уруктары ташталып жатты. Башкы маселе, көчмөндөр ыңгайына өзгөчө көнүп алган тоолуктар жаңы шарт талаптарын ыкчам өздөштүрүп кеттиби, албетте, дагы кыйла бар. Алыкул Осмонов мына ошолордун көзүн ачтырууга умтулууда. Акындын айтылгандарында куру кыйкырык, алдамчы саясат, жалган пафос, трафарет болуп бүткөн баарыга белгилүү жасалма чен-өлчөмдөр менен аныктамалар жок. Болбосо, «...Касиетүү мындай кымбат кесиптен, менин атам билбейм неге кур калган?» («Маляр»); «...Көңүл үчүн кол тездигин мага бер, сен бербесең кимге кадыр салалам» («Дубалчы»); «...Мен ырларда мындан алам үнүмдү, ...Турмуш көзүн, бүт мүчөсүн жасаган, мага кымбат ушул өнөр, ушул шык («Плотник») деген саптарды окуп көрчү.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.