Кадыркул Даутов

КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ

Кадыркул Даутов

   Турмуш керектөөсү түбү бир – баары тең жумушчу, аткарчу иши боюнча түрдүүчө айырмасы бар кесипке ээ болтуруп коёт экен. Жакында гана отурукташууга өтүп, кыйласы шаар көрүп, завод, фабрикалардан кабардар болуп келаткан кыргыз элине жашоонун ушул жагы эртеңки тагдырын аныктоочу эң башкы күч турбайбы. Муну Алыкул Осмонов бардык калем кармаган улуу-кичүү замандаштарынан мурда жана терең түшүнүптүр. Тууган элин ушундай артыкча керектүү кесиптерди өздөштүрүүгө жеткириш зарылчылыгы менен жашап келаткан чыныгы күйөрман акын адам гана ушундай санаа тартып жүрөт.

  «Ошондуктан акын атым болбосо, турмушумда мен да кара жумушчу» («Жумушчунун мүнөзү»), – өзүнө-өзү берген баасы. Экөөнүн жакындыгы – ак эмгек, жоопкерчилик, өз милдетин ыйык тутуу, ачыктык. Экөөнүн биримдиги менен болгон айырмачылыгы – «...Жумушчу калк дал өзүмдөй жөнөкөй, анда каруу, менде таттуу көмөкөй», – деп жөн жеринен айтылыптырбы («Жумушчу»). Өзүнүн эң өтүмдүү, эң пайдалуу, үлгүгө тартылчу жакшы жагы – «Жумушчулук сапатымды алып кал» менен аякталышында турганы («ФЗОдогу иниме»). Эртеңкисине чын ниеттен, ак көңүлдөн көрүлгөн камкордук.

  Тегерете ой жүгүртө келсең, кечээки көчмөндөр үчүн таптакыр жаңылык болгон жумушчулук кесип деле бирин-бири шарттап жаратышып, бирине бири туташкан түрдүү салаалардан куралары дапдаана көрүнүп келатпайбы. Алыкул Осмонов жумушчунун кесибин өздөштүрүү түпкүлүктүү маселе, татаал иш экендигин жакшы билген үчүн, ага ар тарабынан кирип кеңири караштырып, көңүлүндө ушундай ардактуу кесипке кыргыз балдары ээ болушун тилеп, ар бир жаңылыкты көргөн сайын көңүлүндө ошолорго багыштай берет. Андай зор иш-аракетке жан киргизип, алдыга карай жүргүзүп турган эң кубаттуу мотор – завод. Акын аны тек гана катардагы бир көрүүчү катары көргөн жок. Ошол үчүн:

  «...Туугандар завод көрдүм, өнөр көрдүм, ...ушунун кешигин жеп өсүп, өндүм» («Завод көрдүм») дейт. Буга караганда реалдуу жылыш бар өңдөнөт. Алгачкы үлгүлөрү кадимкидей көрүнө баштаптыр: «...Бул Карабек кыргызымдын эң туну, Заводумдун ууз сүтүн кана ичкен, заводумдун дулдул канат кулуну» («Карабек»). ...Акындын көптөн берки бир тилеги да: «...Уулум болуп ушундай бир Карабек, чийки болуп менде өскөнчө эркелеп, Чоңойсо экен Карабектен каккы жеп», дегени – заводдун аты чыккан кыргыз жумушчуларын даярдоо.

   Эгерде акындын ырларынын идеялык-тематикалык жагы менен көтөргөн маселелер ушундай болсо, асылдык дүйнө, көркөм адабий баалуулук кандайча каралат. Өзгөчөлүгү ушул: акын тарабынан айтылган ойлор менен көтөрүлгөн проблемалардын баары лирикалык каармандын, же акындын өзүнүн, индивидуалдуу мүнөзү, психологиялык белгилери, аң-сезим деңгээли менен айырмаланып турган тип катары жаратылган көркөм образ аркылуу өткөрүлөт. Дагы ачыгыраак, дагы ишенимдүү боло түшсүн десек, жаш акындын жогоруда эсептеп өткөн тогуз ырынын жана бирине операция жасап көрөлү. Негизги маселе: акындын адабий илим-билим деңгээлин текшерүү, таланты барбы, оригиналдуу ойлоно алабы, качантан бери кайталанып тарпы чыккан даяр ойлорго ыңгайлашып же туурап, конкрет предметтин өзөктүк чындыгын туура көрсөтүп, түп маанисин бузбай түшүндүрүп берчү сөзү, узагыраактан даана угулчу үнү, таамай таанытып турчу жүзү болбой, бирөөлөрдүн үстөмдүк жүргүзгөн калыбына кармалып калыштын терс жактарын билдирип бериш эмес беле. Ошол өксүктүн белгилерин жаш акындын башка темада жазган ырларынан да аңдаштырып көрсөк болот. Сапаттык айырмасын издебей эле кой. Анткени, баары бир эле баштан  чыгып жатат. Анда талапкер акындын «Душманга  сырын» окуп бак:

 

Мен жарылбайм чапканга,

Мен өлбөймүн атканга.

Анткени жаным айылда,

Адыр түз жаткан таштарда.

 

Мен өлбөйм ууну жутканга,

Мен өлбөймүн урганга,

Себеби жаным айылда

Созулуп жаткан сууларда.

 

Мени өлтүрө албайсың

Колго түшүп калганда.

Менин жаным түгөнбөй

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.