Кадыркул Даутов

КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ

Кадыркул Даутов

Мындагы негизги ийгиликтин бири – акындын  к ө р к ө м  о й л о о  маданияты өзгөрүүдө экендигинде, же орус адабият таануу илиминин тили менен айтканда, индивидуально-художественное мышлениеси жаңыланып бараткандыгында. Акындын үйрөнчүк, жаштык доо­ру бүтүп калыптыр. Бул ырды жаш таланттын алоосу жаңыдан жанган маалында өзүн таанытып коюп кайып болгон туңгуч махабат ич дүйнөсүн өйкөп сыздатып келаткан арман-асирет күүсү экен десек, эми тээ ырааккы Памир тоолорунда жан эркеси көздөн учуп санаа тартып саргайып жүргөн учурун да жакындан көрүп койбосок болбос. «Неге жаным бир кат жок ?»

 

Күндө катты каратамын тажабай

Почточу кыз «жок» деп күндө жылмаят.

Так ошондо менин кырчын өмүрүм

Так жыйырма жашка чейин улгаят.

 

Адеп катты каратамын тажабай

Адеп ал кыз «жок» деп мага маңкаят.

Так ошондо менин жапжаш өмүрүм

Так отуз беш жашка чейин картаят.

 

Балыкчыдай күндө келген балыкка

Күндө келем кубанып кат каратып –

Неге жаным жок дегенде бир кат жок

Күндө кетем жүрөгүмдү канатып.

 

Тобокел деп тоого чыккан мергендей

Күндө келем сүйүнүп кат каратып –

Неге жаным жок дегенде бир кат жок

Күндө кетем көңүлүмдү канатып...

(64-бет).

 

Акындын ар бир тамыры сайын чындык каны тынымсыз жүрүп турган маалда жараткан абдан жандуу ыр экендигин адабий сабаты жайында, сергек эстетикалык сезими бар ар бир көркөм сөз ышкыбозу бул ырга салкын тартып окуган болуп кете бербейт. Автор өз башынан өткөрүп жаткан мөлтүр махабаттын, сагыныч менен эңсөөнүн эң күчтүү жерлерин кармаган. Нагыз сүйүүнүн жапан күчү кандай экендигин өзү да ырастап таанып- билип, окурман журтчулугуна да таанытып жатат.  Ичинде жылуу сезими, таттуу ширеси, музыкалык угулушу, сөз менен тартылган өң-түстүү элестер кантип  жараларын көрсөтөт.

Ал сүйүнүчтүү да, күйүттүү да күндөрдү керт башынан өткөрүп, бир жагынан, тунук махабат лаззатына көлкүсө, экинчи жагынан, азабын кошо тартып күн сайын зор үмүт менен почтага кат сурап келет. Анда иштеген кыздын бирде «жылмая карап» «жок» десе, бирде «маңкая карап» «жок» деп жооп бериши деле бул жерде жөн жайынча айтылып турчу көнүмүш сөз эмес. Аны катуу тийчү сөздү жумшагыраак кабыл алдырган аракет деп бил. Акын абалына көз салган кыз да бир нерсени сезип жатат окшойт. Сумсайып бош басып чыгып кеткен бейтааныш жигитке ичтен азыраак боор оорунун белгилери бар. Мында көркөм деталь, штрихтер туура табылган. Бул учур убактылуу болсо да санаага батып, ойго түшкөндүн баарын махабатка чырмалыштырып алган акындын көзүнө бөлөкчөрөөк көрүнүп, ар нерсеге  жакындаштырыла берет.

Ыр чындап кайнаган сезим, сыздаган жүрөктөн чыкканы, анын «Неге жаным бир кат жок»  деп аталышынан эле апачык сезилип турбайбы. Толук бойдон окуганыбызда ички сырлары кеңири ашкереленип бүттү го дейм. Кайдан бүтүп, кайдан басылсын. Дагы эле  ЖОК. Махабат кайра көтөрүлгөндөн көтөрүлүп баратат. Акын «Жазчы кат» деп чыдабай кайра зарыгып сурана баштады:

 

Катың менен жашап жатам жан эркем,

Мага тааныш демиңди угуп катыңдан.

Демиң турсун жылуулугуң сеземин,

Бир мен үчүн кат сабына катылган.

 

Көнүп калдым каттарыңды күтүүгө,

Каттарыңдан мен өзүңдү көрүүгө.

Каттарыңдан элестетип жүзүңдү

Кайта-кайта каттарыңдан өбүүгө.

 

Көп-көп жазчы убактыңды аябай,

Бүт каттарың мага дары-абадай,

Бүт дүйнөнүн ысыктыгын сездирген

Сөздөрүңдү кармап турган барак ай.

 

Ар бир адам өз бактысын күткөндөй,

Көп иштерим көңүлүмдөн иштелбей.

Күтүп келем сенин ар бир катыңды

Катың менен тагдырым бир бүткөндөй...

 

(«Жазчы кат», 66-бет).

 

Карачы, ушундай татаал шартта, татаал милдет аткарчу зор сыноодон өтө баштаганда эле махабатка кошо кабылып кызык абалда калган учурда кат да кадимкидей бир маанилүү иш жүргүзүп жатат. Аны бир жерден бир жерге кабар жеткирет деп коюш өтө аздык кылат экен.

Ар бир каттын келиши чындык күчү менен махабат күчүн жаңылап арттырып, акындын талантын ачышат; тийгизген таасирине жараша көркөм сезимдин жанданышына түздөн-түз катыш жасап, практикалык жагынан жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүп, издентип, иштетет. Андан шаттуу кубаныч да, эзилген күйүт да келип  ой-сезимди учуртат. Чыныгы жүрөктү жарып чыккан жандуу десең жандуу, өмүрлүү десең өмүрлүү жакшы  ырларды жаздырат.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.