Алым Токтомушев
Кудайдын тизмесинин катасы бар
ЧЫГЫШ МОТИВИ
Күмөнү жок, күлүк озот күлүктөн,
Күдөр үзбө, тирүүлөрдөн тирүүлөр.
Күркүрөгөн далай азоо жигиттер
Күм-жам болду чындык, шарап, сүйүүдөн.
Бу дүйнөнүн кеңдигинен жок айла,
Күнү менен, түнү менен сүйүнткөн.
Таттуу уйкуда тамылжыган далайлар
Ойгонушту чындык, шарап, сүйүүдөн.
Айбатынан айланайын деш керек,
Агып жатат турмуш кудум деңиздей.
Бирөө эрте, а бирөөлөр кеч келет,
Бирок кургак эчким чыкпайт өйүзгө.
ТИЛЕК
Кайгы, шатты катар тутуп жүрүү үчүн,
О, Жараткан, бер махабат күйүтүн.
Карегимди калбас үчүн дат басып,
Кирпигимди турсун кээде жаш басып.
Муштум жүрөк эт болбосун бир үзүм,
Бер, жараткан, сокурлардын үмүтүн.
Дудуктардын карт кайгысын кеч дагы,
Кайгы канча картаң болсо, сөз жаңы.
Жашаш үчүн душманыма эзилбей,
О, Жараткан, эсен койгун эсимди.
* * *
Өлөт сүйүүм сенин ысык төшүңдө,
Өлгөн сымал бүтүн дооран, көз ирмем.
Өлөт сүйүүм ысып, күйүп, өрттөнүп,
Сүйгөнү үчүн сени ушунча жек көрүп.
Эки көзүм болуп эки ач дөбөт,
Күткөн күндөр болуп калат башка кеп.
Муз денелүү, айнек тилдүү жылдардай,
Айланасың үшкүрүккө, ырларга.
Өтөт жамгыр айнегимди чаба жаап,
Өчөт үнүм… ит үнүнө аралаш.
ӨЧҮП-ТАМЫП
Түшүп жатат дарактан жалбырактар,
А дарактан түшүндө жашыл жаз бар.
Соолуп барат аккан суу биротоло,
Миң жалбырак көгөртүп бир атому.
Жылдыз учат жалтырак коңуз сыңар:
“Добуш чыгар! Добуш чыгар”
Добуш чыгат – тымызын күйүп, боздоп:
“О, Жараткан, бизге эмес, өзүңө окшот,
Өзүңө окшот, биз билбес жаңы ысымды”.
Ойлор күйөт сокурдун шамы сындуу.
Дүйнө түшүп керемет алакетке,
Бир чоң мээнин чиймес жанат көктө.
АКЫНДЫН СҮЙҮҮСҮ
Жаркырап жанжагыңдан жанып турсам,
Сен кайда менден качып жашынасың?
Акылдуу, сулуу кылган, карып кылган
Көзжаш да сеники эмес – менин жашым.
Тумандай туш тарабың турсам чулгап,
Сен кайда менден туйлап секиресиң?
Сүйүнткөн, сүрү менен курсант кылган
Сөздөр да сеники эмес – менин сөзүм.
Жылдыздай бирди тиктеп, миңди карап,
Жай таппайт сенин жаның мен турганда.
Эзилбе, эркелетпе кимди гана,
Эч жол жок унутууга, унтулганга.
Күлөсүң кудум өзүм сыяктанып,
Күйөсүң түтүнү жок мен өңдөнүп:
Мен сени ачкалыктан мураска алып,
Мен сени токчулукка берем бөлүп!
КАРАРГАН ДЕҢИЗ, АГАРГАН ТОЛКУН
Мен турган тушта – сен туулган кыштак,
Тулпарлар туйлап, туйгундар учкан.
Жалгыз бир кезде жарк этти эске,
Жагоочон күндөр жадымдан чыккан.
Барайын дедим, баралган жокмун,
Карарган деңиз, агарган толкун.
Тунарган жакты турамын карап,
Туш-туштан шоокум шооладай жанат.
Бир мезгил келет жамгырдай төгүп,
Бир мезгил кетет шамалдай сабап.
Бүт дүйнө шундай жаралган достум,
Карарган деңиз, агарган толкун.
Шамалбы, карбы, өкүнбөйм эч бир,
Кезинде жаады, кезинде кетти.
Тек гана дүйнө жазындай болгон,
Кумарлуу кездер көзүмдөн өттү.
Сенин да билем, тизмеңде жокмун,
Карарган деңиз, агарган толкун.
КУМАР
“Келбе эми, күйөөм көрсө өлтүрөт,
Көмбө мени көп азаптын өртүнө!”
О дарига, бул жарыкта бир да жан
Чаңымды үйлөп, датым сүртпөс сенчилеп.
“Ушунчаңда тизгиниңди тарт эми,
Убалдын да, кумардын да бар чеги!”
О дарига, сен бар үчүн дүйнө маа
Көздү уялтып, жаркып турса кантемин?!
* * *
Кубат Жусубалиевге
Карады: дүрт карады, бүт карады,
дешкенсип кур закымга алданбайлы!
Жылт эте түшкөнсүдү куш карааны.
Көздүүлөр көрбөй калды, – кандай кайгы!
Тыңшады: бүт тыңшады, үп тыңшады,
дешкенсип: сүрөөн кана, айгайлаган?
Шыри эте түшкөнсүдү куштун шаңы.
Кулактуу укпай калды, – кандай жаман!
Куугундар келди кайтып шарак-шарак,
үн өчүп, караан сиңген тушка жетпей.
Асманда дайра сындуу булут агат,
Асманда бүркүт каалгыйт нуска кептей.
Алайда күлүк арбын, тандап алгын!
Азоо көп, адам камчы салбай калган.
Көздүүлөр көрбөйт, бирок, кандай кайгы!
Кулактуу укпайт, бирок, кандай жаман!
УБАЙЫМ
Төрт аттам – быяк жагым, тыяк жагым,
Шырт эткен шыбырт чыкса туят баарын.
Өзүмдүн калп, чынымды табалбасам,
Жараткан, неге адам сыяктадың…
Эшиктен тешик тиктейт чакчыгайдай,
Кайтарат жылдар, күндөр сакчылардай.
Кайдандыр шамал жортот… андан озуп.
Каңгырап кетким келет капчыгайга.