Жоомарт БӨКӨНБАЕВ
Менин ырым: Тандалмалар
ЫРЛАР
Менин ырым
Менин ырым – кимдер үчүн ырдалат,
Толкуп жүрөк кимдер үчүн ыргалат?
Күндүр-түндүр кубулжуган үн менен,
Булбул добуш кимди мактап күү чалат?
Мен ырдабайм кызыл алтын зер үчүн,
Мен ырдабайм напси бузуп мал үчүн.
Мен ырдаймын – кайрат болуп эмгекке,
Таза жүрөк – жанган жалын ал үчүн!
Калемге
Көңүлдүн ачып пардасын,
Күкүктөй күүң сайрасын!
Деңиздей ташып,
Кайратың ашып,
Жаранын тапсын айласын.
Балкасын соккон баатырдын,
Кайратын мактап ашыргын.
Адымдап басып, кызыл чок чачып,
Эскини кууп качыргын!
Толкундар арасында
Толкунум толкур убагым,
Толкундан ырлар сурадым,
Толгоосун тартып толкундун,
Толготуп мен да турамын.
Толкунум толку ар дайым,
Толкундуу доошуң угайын.
Толкундап сенин доошуңа,
Толголуу күүлөр табайын.
Жүрөк
Муштумдай тарам –
Кызыл эт,
Түрс-түрс кагып жатпаган,
Ташып, сайрап,
Күү чалып,
Турмуш ырын жаттаган.
Өмүр
Санап, санап эсептесем өмүрдү,
Өткөн өмүр балдан ширин көрүндү.
Жел жетпеген желмаяндай мал минип,
Жетип кууп, жеңер белем өлүмдү!
Күүгүм кирип, күн батканын койсочу,
Саат жылып баратканын койсочу,
Оюн, күлкү салтанатка жарашкан,
Өмүр шагы бүрүн какпас болсочу.
Энемдин мүрзөсү
Эзелтен ээн жаткан эски мүрзө,
Эзилип топурагы кеткен күнгө,
«Айнегим, ардагым» деп эркелеткен –
Апаке, баш көтөрчү, балаң келди!..
Үстүндө чым аралаш боз топурак,
Үшкүрдүм, көздөрүмдөн жаш тамчылап,
Жашымда көпөлөктү кууган жерим,
Кайгымды бөлүшкөндөй карап турат.
Алдымда буудан ат болсо
Куштай учкан –
Желдей сызган,
Алдыма буудан ат минсем.
Жаныма кылыч байланып,
Шайманды тегиз камданып,
Кыл куйругун шарт түйсөм.
Бууданым башты чулгалап,
Мен күлсөм колду булгалап.
Турналар көктөн чуулдап
Алышса мени кубалап.
Качканга жетсем кармасам,
Кууганга караан салбасам.
Турдөн-түргө өзгөрүп,
Сүйгөнүмдү тандасам.
Алдымда буудан ат болсо,
Бар тилек – талап так болсо.
Булбулдай сайрап ырдасам
Акынга тоодой бак консо.
Карыянын сөзү
Эскирип өмүр баратат,
Эсимден кетпейт бала чак.
Картайып өмүр баратат,
Кайрылбай кеттиң бала чак.
Ачылган гүлдөй таңдагы,
Албырган бетим кубарды.
Чолпондой жанган эки көз,
Шоросу агып тунарды.
Асманда болсоң, жашчылык,
Алгырдай жетип имерем.
Аскада болсоң, жашчылык,
Боюмду таштап жиберем.
Деңизде болсоң, жашчылык,
Балыктай сүзүп табармын.
Белгилүү жерде сен турсаң,
Берендей учуп барамын.
Амалды издеп көрөйүн,
Айтсаңчы кайда турасың?
Кайрылып келчи, жаштыгым,
Картайган өмүр кубансын.
Шаңшыгын, бүркүт
Шаңшыгын, бүркүт, шаңшыгын!
Шарапат, сайран күнүмдө.
Ааламдын көркү көрүнөт,
Аскадан чыккан үнүңдө.
Шаңшыгын, бүркүт, шаңшыгын,
Шааниси сенсиң асмандын.
Кайкысаң, көктө эрисең,
Кайраты сенсиң жаш жандын.
Башынан булут кетпеген,
Чокудан кабар бер, бүркүт!
Карайын, көңүлүм кубансын,
Карааның көрсөт, кел бүркүт!
Жүрөгүм менин добулбас
Жүрөгүм сокчу добулбас,
Добулдар тегин согулбас.
Санжырга көркөм жеримден
Сайрадым, ырдап – сонундап...
Жемишти терип алууга
Жеткинчек өстү жалындап,
Турмушту жеңип жыргайлы,
Добулбас, турба сабырдап!
Менин каным
Каным – ташкын, азоо ээ-жаа бербеген,
Каным – үмүт, көккө колду сермеген.
Каным – кайрат, көздөгөнүн ала алат,
Каным – чынчыл, калп-карага көнбөгөн.
Каным – адил, ага-буга берилбейт,
Каным – шыктуу, эмгек кылат, эринбейт,
Каным – тапчыл, өз табымды сүйөмүн,
Каным – таза, маңгиликке чирибейт.
Каным – баатыр, эмгекчи үчүн төгүлөт,
Каным – жарык, теңдик жерге себилет.
Менин каным – заводдогу жумушчу,
Мен да кылам колум кысып жумушту.
Эмгек
Алтынды сансыз кылып тапкан эмгек,
Адамды адам кылып баккан эмгек.
Түрдөнтүп албан-албан жердин бетин,
Килемди, бачайыны жапкан эмгек.
Аткарып калети жок турмуш шертин,
Берметти безелентип таккан эмгек.
Жалпыны жадыратып берген эмгек,
Жер сырын бир казанга терген эмгек,
Жаңыртып куу турмушту башка түргө,
Эскини энтелетип керген эмгек.
Шакылдап түмөндөгөн кайрат менен
Душманын как жүрөккө челген эмгек.
Жемишти жер бетине сепкен эмгек,
Гүлдөтүп берекесин төккөн эмгек.
Балкылдап көк деңизде күлүмсүрөп,
Кучактап күндүн нуру өпкөн эмгек.
Козголбой ичин сылап жөн жаткандын,
Чубалтып ичегисин тепкен эмгек.