Жоомарт БӨКӨНБАЕВ
Менин ырым: Тандалмалар
Жака-бели ызы-чуу,
Айланып учат өрдөк-куу,
Көтөрүлүп асманга,
Көк түтүнү кара буу,
Жиндиленип ээликкен,
Баш ийбес жанга жазгы суу.
Аккан суу
(Эл ырчысы Жеңижокту туурап)
Кырк миң жыл жердин алдынан,
Жарып чыккан аккан суу,
Толгон айдай жаркырап,
Жарык чыккан аккан суу.
Булаң куйрук жез канат,
Балык чыккан аккан суу.
Адамзаттын сообун,
Алып чыккан аккан суу.
Курт-кумурска жандыкты,
Багып чыккан аккан суу.
Кара жердин алдынан,
Жарып чыккан аккан суу.
Көз жетпеген кара кыр,
Тоого чыккан аккан суу.
Кош тегирмен парага –
Ноого чыккан аккан суу.
Жети кабат жер менен
Зорго чыккан аккан суу.
Жер жүзүндө баарынын,
Бетин жууган аккан суу.
Ак ылайлуу өзөн таш,
Четин жууган аккан суу.
Адам менен айбандын,
Этин жууган аккан суу.
Көз жетпеген ала кар,
Сайда болгон аккан суу.
Чаңкаганда адамга,
Пайда болгон аккан суу.
Азган менен тозгонго,
Айла болгон аккан суу.
Кызыл-тазыл жайнатып,
Гүл жараткан аккан суу.
Жер жүзүндө сонорго,
Түр жараткан аккан суу.
Жашыл, ала түрдүү чөп,
Миң жараткан аккан суу.
Баасы кымбат, эти алтын,
Мал жараткан аккан суу.
Башатына көгөртүп,
Тал жараткан аккан суу.
Карылыкка күч-кубат,
Ал жараткан аккан суу.
Жадыратып жайкыга,
Чөп жараткан аккан суу.
Жан-жаныбар мүлдөсүн,
Көп жараткан аккан суу.
Жашыл майдан салкынга,
Көп жараткан аккан суу.
Кулаалы
(Тамсил)
Талааны, ойду кыдырып
Салпактап учуп эңиштеп,
«Кушмун» деп ойлоп бул дагы
Кулаалы чыкты жем издеп.
Чабыттап алыс кетпеди,
Чаалыкты, жемге жетпеди,
Салпылдап кайып келатып
Шумкарды көрдү көктөгү.
«Канткенде коркуп турайын
Канатым болсо менин да,
Амалын таап сермесем,
Ал Шумкар менин жемим да».
Аңдоосуз келип Кулаалы
Артынан тийип өттү эле,
Ажырап түштү канаты
Айланып Шумкар тепти эле.
(...га)
Таң атканча жалбарып,
«Сүйөмүн» деп карганып:
Куру сөзгө кубанып,
Жүрүптүрмүн алданып...
Көрсө жалган сөз тура,
Сүйгөндөрүң көп тура;
Алданбасмын кайрадан:
Алдагандар, кошкула!
Айлуу түндө көл бою
Айлуу түндө көл бою,
Ай нурунда ойнойлу.
Ай тамактуу – ардак кыз
Ал да келсе болбойбу.
Көп кечигип күттүрбөй,
Көп ойлонуп үшкүрбөй,
Көл да көшүп тим жатат
Көптөн сени күткөндөй.
Муздак шамал бетке урат,
Муң көңүлдү кош кылат
Асманданып ак чардак,
Алда кайдан ышкырат.
Айлуу түндө көл бою,
Ай нурунда ойнойлу,
Ай тамактуу – ардак кыз
Ал да келсе болбойбу.
Жеткен тилек
Чоң дайрасын турмуштун
Кечип өтөм дечү элем,
Тоодой тилек максатка
Жетип өтөм дечү элем.
Жазгы күндөй демиңе
Жалындайын дечү элем,
Карагаттай көзүңдөн
Кагылайын дечү элем.
Сонун турмуш балынан
Сорушалы, жалжалым,
Өмүрдүккө бар тилек
Болушалы жалжалым.
«Алдей, алдей алтын» деп,
Балабызды сүйөрбүз,
Таң-тамаша, салтанат
Таалайыбыз түгөнгүс.
Таң кызы
Ай жарык мемиреген түнгө окшойсуң,
Ачылган акация гүлгө окшойсуң.
Бетиңден таалай нуру балкып турса,
Безентип булбул салган үнгө окшойсуң.
Т...
Ачылып турган кызыл гүл
Жел соксо көркүн чыгарат.
Толукшуп турган сүйкүм кыз
Жар болсо көөнү кубанат.
Аземдеп тилин сайраткан,
Акыны менмин кыргыздын.
Алтындуу нуру балкыган
Чолпону сенсиң жылдыздын.
Акынга чолпон жакпайбы,
Ардагы болуп турмуштун.
Бутакта турган булбулдун
Гүл болсо тили чыкпайбы?..
Буралып турган жаркын кыз
Булбулдун үнүн укпайбы?..
Асмандап учкан чүрөксүң,
Алдымда жаркын тилексиң.
Ай жарык укмуш күнгө окшоп,
Айласын тапчы жүрөктүн.
Булбул менен гүл
Булбул:
Сен болбосоң менде тил жок,
Сайрай албай кетемин.
Гүл:
Сен болбосоң менде күн жок,
Саргаямын, өчөмүн.
Булбул:
Сайрап турган ушул күүм,
Жарашыктуу сен менен.
Гүл:
Жайнап турган ушул күнүм,
Таттуу чечен тил менен.
Булбул, гүл:
Жадыраган бул турмуштун
Эркеси биз, көркү биз.
Сен жайнагын, мен сайрайын,
Саймалансын өлкөбүз.
Булбул
Өткөн жазда сайрачу элең кайыңда,
Өлбөй тирүү келгениңе шаттанам.
Амансыңбы, көңүлүмдүн курбусу?
Учурашып жүрчү элек го бакчадан.
Эзилишип жаным сүйгөн жар менен,
Эсиңдедир, жылуу түндө отургам.
Сыр алышып назик үнүң күлкүгө
Кубулжуган сенин үнүң кошулган...
Ошол күүм кулагымдан кеткен жок,
Өмүр, достук, кубанычты ырдадың.
Мактап айттың балдан ширин тил менен,
Коюндашып кошулуунун жыргалын.
«Бактылуу бол, өмүр бою» дегениң,
Орундалган ошондогу тилегиң.
Ай чыгарда сыр чечишкен жар менен
Ойноп-күлүп рахатта жүрөмүн!