Жоомарт БӨКӨНБАЕВ

Менин ырым: Тандалмалар

Жоомарт БӨКӨНБАЕВ

Мөрөйдү өз колуна алган эмгек,
Цементтеп кетер жолун салган эмгек,
Жагылып караңгыга жалындалып,
Балбылдап чырак болуп жанган эмгек.
Сайган бак, сепкен эгин жана башка,
Көкөлөп эмгек менен өсүп-өнмөк.

 

Жаштык кез

Жаштык кез – майтарылбас алмаз курал,
Жаштык кез – көз жетпеген бийик мунар.
Жадырап жер бетине гүл ачылса,
Жаркырап асмандагы күн кубанар.

Жаштык кез – чабыттаган кыраандайсың,
Жаштык кез – сайрап турган улардайсың.
Жайлоодон салкын соккон жел жапырган
Жайкалган жашыл шибер ыраңдайсың.

Камыкпай каарданып чексең сапар,
Калың эл жаштыгыңды мактап айтар.
Камы үчүн калайыктын тартынбасаң,
Кайратың кара жерди солкулдатар.

Жаштык кез – жадыраган тийген нурча,
Жаштык кез – жайдарысың күлгөн кызча.
Жаралдың жаңы заман бактысына,
Жалтанбай жаштыгыңды элге жумша.

 

Туулган жерди көргөндө

Ушул аска бешиги эле өмүрдүн,
Ушул дайра дабасы эле көңүлдүн.
Берки кайың, берки бутак, карагай
Эстен кетпес белгиси эле кегимдин.

Ойноп-күлбөй балалыкты кечирген,
Ойноп-күлбөй зар-кайгыда жетилген.
Балаң келди, аманбы жер, баш көтөр!
Балаң келди – кечээ күнкү жетимчең.

Амансыңбы, эркелетер сар аскам,
Муң айтышып, мен жетимге жарашкан.
Балаң келди, ырда катуу, үнгө сал,
Кулак салып жер дүнүйө карашсын.

Сен эмнеге томсоросуң, капчыгай?
Эске салып, бир терең сыр айтчудай.
Бир кезекте кучагыңда ыйладым,
Көздөн жашым тоголонду тамчыдай.

Эми мына ыйлабайын, күлөйүн,
Эркин турмуш, эркин өмүр сүрөйүн.
Эске салып муңайбачы, капчыгай,
Эстен чыккан шум замандын үрөйүн.

 

Бир кайың

Өткөн жазда мен көргөндө жаш элең,
Кырчын кезиң, менден боюң пас элең.
Быйыл көрсөм көкөлөпсүң өсүпсүң,
Бутагың көп, буран бойго жетипсиң.
Сен дагы өскүн, мен дагы өсүп гүлдөйүн,
Ойноп, күлүп өмүрүбүз бир өтсүн.

 

Жазгы тоо

Жашыл ыраң ыргалган,
Жарашыктуу сырдалган.
Желпинип башын теңселткен,
Жел досу гүлгө чырмалган.

Алдастап агып булагы
Сөлөкөтү чыңдалган.
Ал дагы тоонун ынагы,
Арчадан күкүк ырдалган.

Сермелип көркү келишкен,
Жел соксо – тосуп өбүшкөн.
Карагай, кайың шоодурап
Ээлеген алда жемиштен.

Оргуп булак – көбүргөн,
Баштарын нурга чөмүшкөн,
Жазгы тоо сулуу элирген
Асман менен челишкен!

 

Кышкы тоо

Тең тайлашкан асманга,
Бооруңда аска таштар да,
Кайгы менен муңайып,
Капталган муздак ак карга.

Булагы тоңуп муз болуп,
Туйлабайт эргип оштонуп,
Үнсүз-сөзсүз мостоюп,
Үргүлөйт тоом томсоруп.

Жайнаган гүлдү сагынып,
Ак кардан чапан жамынып,
Каарына алып кайран кыш,
Зыркырайт бороон чамынып.

Санжыргасы сайдагы,
Бетеге көлкүп жайдагы,
Кеткенин анын белгилейт
Кубарган кыштын аймагы.

Капчыгайлуу терең коо,
Каңылдап ырдайт аска-зоо.
Кармалып кыштын торуна,
Капалуу, көрксүз кышкы тоо.

 

Жайдын бир күнү

Муздак булак жылгадан
Агып турат шылдырап.
Кыя жолдон каткырган,
Кыз күлкүсү угулат.

Көлдөй толкуп көк шибер
Моокумуңду кандырат.
Асман тиреп сары аска
Карап турат жалдырап.

Улуу тоодон угулган
Ышкырыгы улардын,
Көз тойбогон сулуулук
Көрүп туруп кубандым.

Ушундай жерде төрөлгөн,
Ушундай жерде көгөргөн,
Кайгысы жок жайдары –
Кагылам кыргыз элимден!..

 

Жайдын кечи

Манаттай асман кызарып,
Магдырап барат айланам.
Чачырайт көбүк бетиме,
Чамынып аккан дайрадан.
Муңайым тартып угулат,
Булбулдун үнү сайраган.

Жалбыздын жыты буруксуп,
Жаныңа жыпар чачкандай.
Торгойлор тынбай таңшышат,
Токтогул күүсүн тарткандай.
Кызыгат гүлгө көпөлөк,
Кыз менен жигит жаткандай.

Үргүлөп тоолор баратат,
Уйкуга батып алсырап,
Карагай башын көрүүдөн
Карарган күүгүм жашырат,
Токтой тур, курбум, токтой тур
Чолпон да чыгар чачырап.

 

Кечки жел

Булуттар көчүп асманда,
Ойт берип шашып качканда,
Кечки жел берет серүүндү,
Эмгекти кылып жатканда.

Кургатып терин эмгектин,
Кубантып аны желдетип.
Ыргалтып башын кайыңдын,
Көргөздүң көзгө келбетин.

Кулпуруп күйгөн кара жер,
Кубанса кургап мончок тер,
Теректин башын терметкен,
Тентек го эскен кечки жел.

 

Жазгы суу

Киргилденип чамынып,
Күңгүрөнүп толкундап,
Алдас уруп агылып,
Көбүгүн бүркүп, орчундап,
Тундурат кулак жадатып –
Боюнда турса эл тыңдап.

Жар башына эңилип,
Чатырап батпай тебилип,
Шарпылдап керсе кучагын,
Эңишке карай теминип.
Бүркүп салып жулкунса,
Балыктар тышка терилип.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.