Жоомарт БӨКӨНБАЕВ

Менин ырым: Тандалмалар

Жоомарт БӨКӨНБАЕВ

Сагынышкан тааныш курбум келипсиң,
Салам берип, куттуктаймын атайын!
Таңшып мени кубандыра сайрачы,
Таңкы желде тереземди ачайын!

Бешиктеги сага окшогон булбулум
Үн чыгарсын, сен да кошкун үнүңдү.
Түгөлүнөн бирин койбой үйрөнсүн,
Дүнүйөнү тамшандырган тилиңди!

Жаш бурактай түнкү желде сергиген,
Жаңы ачылган бакта гүлдөн тандагын.
Ай ааламга таттуу күүң угулсун,
Айдат булбул, аземдетип сайрагын!

 

Бүркүттүн канаты

Ак булут асманында ойноп турган,
Үн чыгып капчыгайда аккан суудан.
Жел жүрүп көңүлүңдү эркелеткен
Жер ушул баатыр кыргыз мекен кылган.

Жашыл чөп – жарашыгы салкын
                                                  жайдын,
Жайкалып, суу башына басып бардым.
Уюган ак мөңгүнүн этегинен,
Бүркүттүн бир канатын таап алдым.

Айланып учуп жүргөн эркин тоодо,
Эргиген эр берендин канаты го.
Асемдүү жаркыраган ачык түндө,
Акындын толкуй турган адаты го.

Ташыган дарыядай кыял чиркин,
Отуруп ойго кеттим түркүн-түркүн.
Канатты оң колума кармап алып,
Кадимки Лермонтовчо сөзгө кирдим.

Сен канат, кайсы аскада туулгансың,
Кайсы тоо, кайсы адырды кыдыргансың?
Не себеп, эмнеликтен өзүң жалгыз,
Ажырап үйүрүңдөн жулунгансың?

 

Ала-тоонун аскасынан ашалык

Ырас,
Курбум, акын болдуң жашыңдан,
Ырас,
Курбум, акындыгың ашынган.
Бирок,
Курбум, ал талантың уялчаак
Ала-Тоонун аскасына жашынган...
Көп ырдадык –
Көк шиберди мактадык,
Чалкыган көл,
Чар тарабын каттадык.
Мезгил өтүп,
Өнөр бойго жетсе да,
Калың кенчтин
Капкактарын ачпадык.
Жер дүйнөгө
Атактары жайылган,
Ай, жылдыздай
Байрон, Пушкин, Лермонтовдон
Эмнең кем? –
Бирок,
Курбум, чыгалбадың айылдан.
Кана, курбум,
Калам – тулпар
Биз минип,
Жар салалы,
Европага шам кармап!

 

Курбум

Акырын чыгып алтын күн
Ала-Тоо башын нур кылды.
Ак мөңгү эрип тамчылап,
Алдастап төмөн жылжыды.
Алыстап койчу үн салып,
Аземдүү сөздү ыр кылды.
Кадырлап элим тыңшады,
Качанкы өткөн булбулду.
Капчыгай кырда бир жүргөн
Кыргыздын Пушкин курбусу.
Ардагы болдуң туңгуздуң,
Акыны болдуң кыргыздын.
Жайдары көркөм заманды,
Жардамдаш, сен да куруштуң!
Кыялың бүгүн чын болду,
Кыргыз, туңгуз эл болду.
Аскалуу тоону, талааны,
Толкундуу деңиз, аралды,
Тумандуу, кардуу түн жакты,
Гүлдөгөн түштүк күн жакты,
Аралап Пушкин жүрөсүң,
Казак, татар бар жакты.
Сайрады сенин комузуң,
Чыныгы кыргыз болупсуң,
Бир обондо, бир тилде
Биз менен Пушкин жолуктуң,
Кучактайын, өбөйүн,
Жан курбум, кыргыз түгөйүм!

 

Абайга

Сар арканы турак кылып,
Шамал менен көчүпсүң,
Кун жетпеген чечен булбул,
Кумда сайрап өтүпсүң.

 

Жер кепе

Таң атса алыс мен кетем,
Талыкпай далай жер кезем.
Койнуңдан кетип баратам,
Кош аман бол, жер кепем.

Ээ караңгы жер кепем,
Эрмек болдуң, дос болдуң.
Үйүмдөй көрүп жүрчү элем
Үңкүрүм эми кош болгун.

 

Текес

Теңирден тескери аккан тентек Текес,
Башынан чыккан жери кең Тянь-Шань.
Түпөктүү найза өңөрүп жайыгында,
Турактап жүргөн экен өткөн атам.

Асмандап ак кайыңың менменсинген,
Ак туйгун түнөк кылып куш ээлеген.
Эр Манас өзүң үчүн курман болгон,
Эзелтен Текес сенсиң тууган энем.

Көк тиреп турган Кан-Теңир,
Көркүсүң кенен дүйнөнүн.
Кадимден кыргыз жайлаган
Касиет конгон бул жерим.
Тентек суу жаттап ыр кылат,
Текесте кыргыз жүргөнүн...

 

Кош, Ала-Тоо, уулуң кетти майданга

Дүйнөнүн жүзүн өрт алып
Кара жалын каптады,
Кыяндай жүрөт шаркырап,
Кызыл кандын акканы,
Ушундай апаат күндөрдө
Уяттан-уят эмеспи
Уулуңдун үйдө жатканы.

«Айланам коркок болбо» деп,
Айтканын эстейм эненин.
Ай чапчып суудай толкуган –
Артымда калкым турганда
Айыгышкан жоону жеңемин,
Барыктап багып өстүргөн
Балаңдын сына өнөрүн.
Жеримдин бетин булгатпай
Желмогуз канын төгөмүн...

Кулжалар оттоп семирген
Кулпунган гүлү төрүмдүн,
Колоттон сууң шаркырап,
Комузу болгон көңүлдүн.
Асмандап эркин ылаачын
Ардагы болгон көркүңдүн.
Көркүңдү жерим сактоого
Куралды колдон таштабай,
Курманы болом элимдин.

Атылып тоодон секирген,
Булагың эстеп жүрөрмүн,
Таң менен шаңшып ышкырган
Уларын эстеп жүрөрмүн,
Аскадан аркар көтөргөн
Кырааның эстеп жүрөрмүн.
Чымчыктар сайрап отурган
Чынарың эстеп жүрөрмүн.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.