Жоомарт БӨКӨНБАЕВ

Менин ырым: Тандалмалар

Жоомарт БӨКӨНБАЕВ

Суусунга балдай татыган
Сууларың кетпес көңүлдөн,
Көйнөгүм чечип, көпөлөк
Кууганым кетпес көңүлдөн,
Туткалуу кыргыз ак калпак
Тууганым кетпес көңүлдөн.

Эселек кезден торолтуп
Эсиңде жүрдүм, мен дедиң.
Энекем сенсиң Ала-Тоо
Эмчегиң соруп эмгемин,
Жашымдан көөнүм шат болуп
Жалтанбай жүрүп көнгөмүн,
Өлүмдөн жаман эмеспи,
Өч албай кайра келгеним.

Байлоосу жакшы келишсе
Байгеде ар ат чыга алат.
Элине бүлүк түшкөндө
Эр жигит шондо сыналат.
Кедери элдин кетпейби,
Кек албай калса кубалап.
Кагылам журтум ишенгин
Кара туткан балаңар –
Кармашкан жоосун жыгалат...

Аман кал, калкым аман кал,
Айлыңда чардап жүргөмүн,
Аралап, терип чоңойгом
Адырдын жашыл гүлдөрүн.
Сел алса кетпес эсимден
Селкилер менен каткырып,
Селкинчек тепкен күндөрүм.
Байлыгы суудай ташыган
Бактыга баткан жеримсиң,

Секетиң болуп жаш жаным
Сен үчүн каным төгүлсүн,
Балбылдап сары жылдыздай
Майданда уулуң көрүнсүн,
Курманы болсом мейличи
Курдаштар сүрчү өмүрдүн...

Жартыны бөлүп бир жешкен,
«Жан, каныбыз бир» дешкен,
Жарым менен коштошом,
Бактылаш курбу, замандаш,
Баарың менен коштошом,
Дүйнөдөн каргап жоготкун
Душмандын жолун тоспосом.

Тепкедей чактан өстүргөн,
Тентектик кылсам кечирген,
Агалар аман калгыла,
Кыянат ишке баспаган,
Кылчайып жоодон качпаган,
Абалар аман калгыла.

Эрлерге сүтүн эмизген,
Энелер аман калгыла,
Эмгектен жүзү албырган
Жеңелер аман калгыла.
Эркеси болгон адамдын
Ээлери жыргал замандын
Мөмөлөр аман калгыла...

Сактоого кетип баратам
Садагам, элим жыргалым,
Салкындап суун ичкемин,
Сарымсак терген жылганын,
Турумтай куштай талпынып,
Турмуштун көркүн ырдадым.
Угарсың элим шаңданып,
Уулуңдун жоону кырганын.

Айдаткан күлүк каламды
Алмаштым найза курчуна,
Кетемин кандуу сапарга
Керегим тийип журтума,
Абалдан келген нарк ушул
Азамат шундай кылчу да.
Кыйындык келсе чыдоого
Кызматың үчүн жаралган.

Элинин болуу курманы –
Эр жигит парзы абалтан,
«Кайрылып жоодон качат», – деп,
Камсанай көрбө балаңдан.

Көгөрүп жаткан Ысык-Көл,
Көркүсүң жердин билгенге,
Жел менен ойноп турчу элең
Жээгиңди бойлоп жүргөндө,
Толкунундай болоюн,
Толгонуп жоого тийгенде.

Эрибей мөңгү жаркырап,
Эзелден жаткан жерде өстүм,
Санаасыз көңүл кубанып,
Сайрандап салкын жерде өстүм,
Кордукту салып душманга
Колумдан намыс бербесмин.

 

Биздин дос

Ата Мекендик Согуштун Баатыры, Кыргызстан Коммунисттик (большевиктер) партиясынын Борбордук Комитетинин мүчөсү, ордендүү 8-гвардиялык дивизиянын командири, үч Кызыл Туу ордени менен сыйланган генерал-майор Иван Васильевич Панфиловдун өчпөс эстелигине арнаймын

«Убайын көрөм мунун» – деп,
Улуу эл сени төрөгөн.
Баатырлар жаткан бешикке
Барктап баккан, бөлөгөн.
Бороондой учуп талаада,
Чапаев менен бир жүргөн
Чаалыкпас, кайтпас эр элең.

Кыяндай душман каптаса,
Кылчайып артка качпадың.
Кылычың колдо жаркылдап,
Кыйылып түштү чапканың.

Өчүккөн жоону кыйратып,
Өлкөңдүн антын актадың...
Атынан айтып алкышын,
Ала-Тоо иет баштарын.

Досу элең кыргыз элинин
Балдарын жоого таптаган,
Артыңда берен көп калды
Айбыгып жоодон качпаган.

Урматтап, сүйүп атыңды,
Унутпайт кыргыз сендейди.
Каарман өлсө майданда
Кайратка калкы келбейби...

Кунуңду кууйт фашисттен
Күндөн күн элиң чыңдалып,
Береке толор жериңе
Бейитиң гүлгө чырмалып,
Акындын салган күүсүнө
Атагың калар ырдалып.

Таалимиң алган уландар,
Талкалайт келген душманын,
Ай-жылдыз көрүп таң калат
Айланып шумкар учканын,
Жабырды көрбөй өмүрдө
Жадырап өсөт кыздарың...

Сыйлыгын көрүп журтуңдун,
Сырттаны болдуң намыстын,
Кара күч көркоо фашисттин
Кандарын суудай агыздың,
Элиңдин кылып кызматын
Ээледиң бетин тарыхтын.

 

Белоруссия багында

Кадимкидей гүлдөбөй,
Карып болгон кайран бак.
Баштагыдай гүл терип,
Баскан жан жок сайрандап.

Күн чыкканча тил безеп,
Күкүк таңшыйт ар кайдан.
Жаш кырчындар майышып
Жалбырагы саргайган.

Айдап салкын жел сокпой,
Айлана муң... тумчугат,
Анда-санда кайгылуу,
Алсыраган үн чыгат.

Чычаладай карайып,
Чырпыктары кыйраган.
Өлгөн жарын кучактап,
Отурат бир кыз ыйлаган.

Жыйырмадан жаңы ашкан,
Жигит эле эр жеткен,
Калкын сактап тайманбай,
Каза тапкан желдеттен...

Жар түбүнө алпарып,
Жарын жерге жашырды.
Жашын сүртүп бетинен,
Жанга курал асынды.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.