Үмүт Култаева
ЗАЙЫРБЕКТИН ЖАН-ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ КАРАМА-КАРШЫЛЫК

Эгемендик жылдарында адабиятка келген жаштардын ичинде көптүн арасынан башы көрүнүп калган калемгер Зайырбек Ажыматовдун басма беттерине, интернет булактарына жарыяланган ырларын окуган окурман анын акын катары такшалып баратканын байкай алат. Ал көп жаш калемгерлерге таандык сүйүү-күйүү, жаштык-достук темаларына “эзилүүдөн” же жетпей калган сүйүүгө ашмалтайы чыкканча арман айтуудан (Ю.Тыняновдун сөзү менен айтканда “сентименталдык адабиятты” айланчыктоодон) эртерээк бошонду. Анын ордуна олуттуу ой жүгүртүүгө өтүп, изденүү түйшүгүндө чарк айлана чыгармачылыктын ар бир адамга бериле бербеген диалектикалык карама-каршылыгынын азабын баштан кечирүүнү өз мезгилинен эртерээк сезди:
Каршылашуу жүрөгүмдө, башымда.
карсылдашып кан-жинимди чачууда.
Өзүммүн мен чоң душманы өзүмдүн,
өзүмдөн түк болбойт экен качууга.
Көңүлүмдү өзүм жүрсөм калтырып…
кайран жүрөк жооруп бүттү жанчылып.
Билем мени коштоп барат өлүмгө,
тирүүлүктө бүтпөй ушул каршылык…[1]
З.Ажыматовдун керт баштын кайгы-трагедиясын өзгөдөн эмес, адегенде өзүнөн издегени байыркы философдордун “атасы” Сократ негиздеген: “Өзүңдү өзүң тааны”[2] − акылмандык формуласына төп келет. Балким, анын мындай “эрте жетилишине” – озгун ой-жүгүртүүсүнө балалык күндөрү тушуккан айрым өксүктөр[3] (атага болгон кусалыгы анын алгачкы чыгармасын жаздырганын эске алганда), кийин жаштыгынын бүтүндөй кыргыз коомунун эркин кылыч мизине койгон эгемендиктин “нөлү көп жылдарына” туш келиши себеп болгондур. Баш-аягын таппаган кырдаал кризисинин тереңдеши менен доордун тумандаган жүзүнөн күткөн идеалын таба албаган Зайырбектин үмүтсүз маанайы “Нөлү көп жылдарда” окурманды ойго салганга татып, калемгердин өзүнө бүдөмүк жүзү коомго бир топ жарык көрүндү. Анткени, окурманды коомдук аң-сезимди ойготкон ойлор гана өзүнө тартат эмеспи. Ырда азыркы “доордун портретинин” штрихтертери: социалдык, нравалык, интеллектуалдык көйгөйлөрдүн чырмалышкан түйүнү