Мадина Тураева
ЖҮРӨГҮҢ МЕЙМАНКАНА
* * *
Жутуп алып чөптөр шамалды,
Чүчкүрүшүп жатат боз чаңды.
Узун буттуу арык суналып,
Карап жатат үнсүз асманды.
Тикесинен турган бир буттап,
Дарактардын кийими жамаачы.
Жалбыракты шамал ургулайт,
Жок ортого түшкөн арачы.
Айды карап көктө бараткан,
Кирпиктерим чабат алакан.
Түн бир оокум өчпөй жарыгы,
Бир үй турат бакка курчалган.
Суу желиндүү булут курсагын,
Сүзүп кирди жалгыз мүйүз Ай,
Дарактардын чечип колкабын,
Шамал өөп чыгат бирден жай.
Баш көтөрүп туман ар жерден,
Чыга келет чылым түтөтүп.
Тарата албай бугун шишиген,
Булут жылат көктө бүркөлүп.
Дарактардын чачын бир четтен,
Кырып кирди шамал ышкырып.
Жердин бетин басып кирдеткен,
Чаңды жамгыр кетти шыпырып..
* * *
Чачтарымдан тузак тартам жолуңа,
Аттап менин өтө албайсың баскычым.
Тумар кылып тагып алгам мойнума,
Сен баруучу эшиктердин ачкычын.
Сени өзүм чакырууга алсызмын,
Алы жетпей калса сага сөзүмдүн.
Сени мага каратууга жарамак,
Бир көз караш кыйкырыгы көзүмдүн.
САНААРКОО
Аз өмүрдө көңүлгө тийип бүттү,
Көбүк ырлар чубурган ооз учунан.
Сезилбейт же алардын толкун күчү,
Бороон сокпойт күрүлдөп ыр сабынан.
Калеминен акындын суу тамчылайт,
Учкун чыкпайт жылтылдап көзгө урунган.
Башы ырынын бет алдын караса да,
Буту артына бурулган баса тураган.
Беттеп урган өмүрдү бороону жок,
Анык турмуш акында болбосу чын,
Кайдан жүрүп ырлары оттуу болмок,
Табылса ал жүрөктөн күлгө толгон.
Бир ооздон чыккандай баардык үндөр
Окшош. Айрый албайсың бир да бирөөн
Күлүк ырдан угулса күчтүү дүбүрт,
Алар арттан кыйкырган куру сүрөөн.
Бу жарыкта жакшы акын болуш үчүн,
Акын болуп төрөлүү аздык кылат.
Жүрөгүндө болбосо жер титирөө,
Ырың кайдан атылып сыртка чыгат.
ЖҮРӨГҮҢ МЕЙМАНКАНА
Жүрөгүң – мейманкана,
Эл кирип чыгат ага.
Келгенге эшик ачып,
Кир дейсиң… Жылуу мында.
Өзүмдөн башка жанды,
Киргизбей такыр сага.
Кароол болуп алып,
Кайтарсам сени… Кана!
Көкүрөк тактасына,
“Бош орун жок деп мында”
Көрүнөө жерге илип,
Коймокмун ишен анда.
ӨРҮКЗАРГА КЕТЕЛИ
Жүр эрчитип кетейин өрүкзарга,
Сунушумду сулуу кыз четке какпа.
Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө,
Сыйыналы бир келген бактыбызга.
Мөл булакка барабыз ай тоскону,
Ат жалында шамалга ойношкону.
Кечикпейли бир келген бактыбыздан,
Өрүкзарга кетели макул болчу.
Каректерге жашырып сүйүүбүздү,
Мөл булакка аарчыйлы жүзүбүздү.
Жылдыздарды чакырып койнубузга,
Өткөрөлү экөөлөп түнүбүздү.
Айлуу түнгө никелеп сүйүүбүздү,
Өрүкзарга чачалы сүйүүбүздү.
Жылдыздардын терели чачыласын,
Булактарга сүйдүрүп жүзүбүздү.
Жүр эрчитип кетейин өрүкзарга,
Сунушумду сулуу кыз четке какпа.
Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө,
Сыйыналы бир келген бактыбызга.
АПАМА
Жаштыгымды өз билгендей чапкылап,
Жүрөгүңдүн ай-талаасын чаңдаттым.
Аскасына камап коюп азаптын,
Менден жүргөн көчкүлөргө каптаттым.
Карегиңден сел жүргүзүп канча ирет,
Канча ирет кайгы менен жаа тарттым.
Ошондо да, сен кебелип койбостон,
Жүрөгүңдү бута кылып карматтың.
Жаштыгымдын туягынан от жанып,
Жүргөн жерден от чыгарып, от чачтым.
Көп учурум махабатка алаксып,
Ырларыма сен кечигип баш бактың.
Тагдырыңдын таш кесесин кемирип,
Тагдырыңдын суу кесесин шимирдиң.
Ошондо да кабак-кашым дебестен,
Турмушуңду отто отуруп кечирдиң.
Бир дагы жан билбейт мени сенчелик,
Сендей болуп түшүнө албайт мени эч ким.
Курбалымсың – жаштыгыма сырдашкан,
Акынымсың – өмүрүмө ыр жазган.
Канышасың аптапка бай аймагың,
Күңгөйүңдө жуушап өттү жаш чагым.
Сен бар үчүн адам сүйүп өмүрдө,
Сен бар үчүн келет менин жашагым.
Ырларымдын көчүп түшүп шыбагы,
Канча ирет пайдубалы кулады.
Сенин гана үмүтүңдүн колдору,
Көчүп түшкөн дубалдарын шыбады.
Сүйүү менен ооруп калып жүрөгүм,
Сүйүү менен дарыланып жүрөмүн.
Бирок дагы сеникиндей сүйүүгө,
Кудурети жетпейт бир да бирөөнүн.
Жок болсо да ак сарайым, алтыным,
Бүт дүйнөдөн, бүт ааламдан мен баймын.
Менин дүйнөм, менин мүлкүм, байлыгым –
Сенин апа тирүүлүктө барлыгың.
* * *
Күздүн түнү. Жанда сен жоксуң.
Тыңшап жатам үнүн шамалдын.
Сага мендей эч ким болбосун…
Ортосуна камал жалындын.
Жүрөгүм — муз. Болду болоору.
Менде сүйүү болбойт экинчи.
Оңуп кетти өңдүн боёгу,
Өкүнтөмүн шашпа, сениби?!