Күздөгү жаандар
Мар Байжиев
Согуш башталганда Мукаш биринчилерден болуп майданга аттанды. Айша вокзалга барып, коштошуп, анын жүзүн көрүп, кебетесинде илгерки жосундарынан бир нерсе калган калбаганын байкагысы келди. Бирок аялдык намызы, ич күйүүсү аны вокзалга жибербей, кармап калды. Майданда жүргөндө Мукаш кат жазды, бирок Айша жооп кайтарган жок, килейген квартирада жалгыз уулу менен калды, башталгыч класска сабак берип, эртеден керээли кечке мектепте. Уулу Эркин окуусуна келип отун жарып, меш жагат, казанга жүгөрү нан бышырат, дүкөндүн очерединде турат, кечинде тамак жасайт, сабагын бышыктап, көчөгө чыгып лыжа тебет. Айша менен уулу эртеңки тамакта жана кечинде кезигишип, сейрек сүйлөшөт, Мукаш жөнүндө эч кеп салышпайт. Эки унчукпас адам эмне себептен унчукпай, эмнени айткысы келбей жүрүшкөнүн өзүлөрү жакшы билишет.
Күндөр өттү, айлар өттү. Жылдар өттү. 1944-жылдын декабри да келип жетти. Эркин онунчу класста окуйт. Ал чоңойгон сайын унчукпаган, уялчаак бала болду, көп окуйт, юристтик кесипке кызыгат. Чынын айтканда, Айша өз уулунун ой-санаасын жада калса кандай адам болуп өсүп келе жатканын көп биле бербейт. Өзү окуткан класста доскага шайтан-пайтандын сүрөтү тартылып калса, сыя челектин ичине соргуч кагаз же бор тыгылып калса, кырк баланын кимиси тентектик кылганын жаңылбай таап койчу. Ал эми өз баласы кандай жорукка барарын, кандай мүнөздөгү адам экенин билбейт.
Уулу менен бирге акыркы жолу жаңы жыл тоскону эсинде. Эркин үйгө классташтары менен келди. Үч бала, бир кыз бийлешип, шаракташып күлүшүп, саат он экиде жаңы жылды ураалап тосушту. Анан келген балдар Айшага өз ыктыярлары менен согушка кетип жаткандарын айтышты. Эртеси Айша шаардык военкоматтын алдында болду. Эл көп. Гармондор тартылып, чогулгандар ырдашып, бийлешип, ыйлашып, семичка чагышып жатышты. Топ элдин арасында анда-санда: «Пап-пирос!» – деп кыйкырып, шыпылдаган балдар тамеки сатып жүрүшөт. Айша алардын бирөөнү чакырып, бир пачка «Цветок» деген арзан папирос сатып алды, ичинде жүз даанасы бар экен. Өзү бирөөнү алып чекти.
– Апа, мага да бирди чектирип коюңузчу! – деди далдайган жаш бала. Айша ага бир нече папирос берди, аны көрүп чачтары алынган, анча-мынча кызымтал жолдоштору да келишти. Айша колундагы папиросту балдарга таратып берди. Узатканы келгендер согушка кетип жаткандарды Пишпек станциясына алып кетерин күтүп турушту.
– Келе жатышат, келе жатышат! Комиссариаттын жашыл дарбазасынан колонна көрүндү. Ир алдыда тыпылдаган жаш лейтенант жерди ое басып келе жатат. Тула бою зымпыйып, жап-жаңы мундир шыңга боюна деле жарашыктуу, өзү колоннада келе жаткан балдар курактуу болсо да алардан бир топ улуудай көрүнөт. Аскерге жаңы чакырылгандар жумуш кийимчен, эски-уску пальто, куфайкачан, баштарында жазгы фуражкалар, майданга чыгардын алдында бары бир өзүлөрүнүкүн таштап аскер кийимин кийишет эмеспи.
Колонна вокзалды көздөй жөнөдү. Узатуучулар топурашып алардын аркасынан түшүштү. Эгерде кемпирлердин көз жашы, келин-кыздардын бышактаганы, абышкалардын түнөргөнү болбогондо, булар кайсы бир чоң майрамдагы парадда бара жаткансыйт. Колоннадагы балдар олдоксон тамашалашып, бир туугандары, сүйгөндөрү, өнүп-өскөн шаары, ачык асманы менен коштошуп кетип бара жаткандарын байкатпас үчүн, атайын катуу күлүшүп, согуш анчалык деле коркунучтуу эмес деген түрдү көрсөтүүгө аракет кылышат. Жалаң жапжаш балдар, ар бири ашып кетсе он сегиз, он тогузда.
Эркин оң жак четте бара жатты. Айша уулунун колун кармап, анда-санда көз жашын сүртүп баткак, чалчыкты байкабай башкалар менен бирге кете берди. Эркин: «Ыйлабаңызчы, мама», – деп акырын сүйлөп, жанында бара жаткан татынакай Санияга күнөөлүүдөй карайт.
«О, кагылып кетейин олдоксон балдарым! Силерди ким зордоп, кайда баратасыңар? Өлүгүңдү ит жеген Гитлердин көзүн өз колум менен оюп салсам, моокумум канбас беле! О, чүрпөлөрүм, силердин далайыңар кайра кайтпайсыңар, канчаңар мунжу болуп келесиңер, аны өзүңөр билбей, тамашалашып, күлөсүңөр. Жок дегенде каткырбасаңар боло! Жаркырап-жайнап бара жатканыңарды көргөндө жүрөгүм ого бетер туйлап жатпайбы! Сак болсоңор экен, кагылайындарым!» Айшанын түшүнүгү боюнча душмандын огу этиет кылбаганга жаңылат десе керек, балдарын майданга жөнөтүп жаткан энелердин бардыгынын түшүнүктөрү деле ушундай болсо керек…
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.