Күздөгү жаандар
Мар Байжиев
«Келеби-и-и-из!» – деген кыйкырык Айшанын кулагына азыр да угулуп тургансыйт, анткени, бардыгы аман келген жок… Бир нече айдан кийин Эркиндин ордуна «Сиздин уулуңуз Прага шаарын бошотууда курман болду» – деген сөздөр жазылган алакандай кагаз келди…
«Уу!» – деп улуган паровоз катуу булкунуп, Айшаны эстөөсүнөн бузду. Поезд кайсы бир чакан станцияга токтоп калды. Вагондордон спорт кийимчен кыздар, балдар жүгүрүп түшүшүп, килейген ак топ менен ойной башташты. Вагон-ресторандан эки кызымтал жигит чыкты, бирөө килейген бош бөтөлөкөнү дөбөчөгө тикесинен койду. Вагондун жанында тургандар бөтөлкөнү бута кылып таш менен ургулай баштаганда, сигнал берилип, элдин баары кайра поездге умтулду. Бута күн шооласына чагылышкан бойдон аман-эсен кала берди.
Айша купеге кирди. Жаш аял бети тамылжып тердеп, чалкасынан жатыптыр…
– Эмки станцияда түшүп каласыңбы? – деди Айша.
– Үйгө дейре эптеп чыдайм дейт. Эми Кара– Сууга чейин станция жок, – күйөөсү кыйналып жаткан аялын жалооруй карады.
Аял үн катпай бир күйөөсүн, бир Айшаны тиктеп жалдырайт.
– Садагасы, сен тамбурга барып салкындап келчи, аялыңа мен көз салып турайын, – деди Айша.
Жигит кечирим сурагансып аялын карады, ал: «Бар, менден кам санаба» – дегендей ишаарат кылды.
Күйөөсү бешмантын алып, купеден чыгып кетти.
– Мындай ахвалда болгон соң, жол жүрбөй эле койсоң болмок экен, кызым, – деди Айша, келиндин бетин сүлгү менен сүртүп.
– Мындай болорун күткөн эмесмин. Дагы жарым ай бар деген. Врачтар жаңылышкан окшойт, – деди келин.
– Бу биринчиңби? – деди Айша.
– Оо, жок, – деп күлүмсүрөдү келин. – Бешинчиси.
– Э, көлөкөм, өзүң канчадасың?
– Жакында отузга толом…
– Кыйналат турбайсыңбы, жаш балдарың менен?
– Кантебиз эми… Экөөлөп эптеп-септеп чоңойтобуз да. Жолдошум жакшы киши, боорукер, ичпейт, баланы жакшы көрөт… Тун балабыз чарчап калган… бир жашында… ошого абдан капа болгон… Ошондон бери бала дегенде жанын берет. Мага эч жумуш жасатпайт. Мейли, жыйырмага жетсе да, төрөй бер дейт. Бала деген жакшы, бирок, минтип жылыга эле чардайып жүргөн уят экен.
– Эмнеси уят? Бала деген асыл да… Кудай баласыздыкты көрсөтпөсүн, – деди Айша жаш кылгырган көзүн жашырып.
– Мунусу поездде бара жатканда төрөлсө, атын Жолоочу же Поюзбек деп коебуз да, – келин жымыйып койду.
Айша анын жаздыгын оңдоп, белине тоголоктолгон сүлгүнү койду.
– Дагы канча жол жүрөбүз? – деди келин
– Билбейм, кагылайын. Жакында жетебиз го…
Сырттан күйөөсү кирди. Аялы кыйналып, ысып-тердеп жатканда өзү салкын тамбурда отура албай койду окшойт.
– Эмне келдиң? Салкын жерде дагы отура турсаң болмок… мага бул апа жакшы жардам берип жатат, – деди келин.
– Эч нерсе эмес, азыр Кара– Сууга келебиз, жаныңда эле болоюн. Сизге чоң ыракмат, апа, – жигит өзүнүн текчесине отурду.
Тар күпө бир заматта үп болуп кетти. Айша тамбурга чыкты.
Поезд пахтанын аңкыган талаасын аралап какылдап-шакылдап кете берди. Узун көйнөкчөн зайыптар талаа жумуштарын бүтүрүп турнадай тизилип, бийлеп жаткансып жалгыз аяк жол менен кетип бара жатышат. Ар биринин башында коюп алган жүгү бар. Батып бара жаткан кып-кызыл күн алардын назик жүздөрүнө акыркы нурларын чачат. Аны көргөн Айша суктанды. Бул аялдар таң эртеден талаада иштешип, тамашалашып, күлүшүп, бакылдаган бригадирлерге шылдың, какшыктарды жаадырып, эми чарчашып, бүгүн бүтүргөн жумуштарына өзүлөрү ыраазы болушуп, шаракташып кетип баратышат. Үйлөрүнө келип, муздак сууга жуунушуп, сабиз, чамгыр, кызыл мурч аралашкан жыты буркураган тамактарды бышырып бала-чакасын, кемпир-чалын тойгузуп, анан кату уйкуга киришет. Алар уйкусуз узун түндө көз ирмебей, чакчайып терезени карап жаткан кандай мээнет экенин билишпейт.
Тамбурда салкын тарта баштады, кечки шамал бетке уруп, Айшанын аппак чачтарын сеңселтти. Поезддин жанынан талаалар, адамдар, туттун арбайган бактары зуулдап өтүп, алыста көрүнгөн тоолор калбай ээрчий берди…
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.