Күздөгү жаандар

Мар Байжиев

Күздөгү жаандар

«Белоруссию родную,

Украину золотую,

И наше счастье молодое

Мы стальными штыками отстоим!» – деп, алдыда кетип бара жаткандар ырдаганда, арткылары да күркүрөп коштоп, жүздөгөн жаш муундардын хору жерди дүңгүрөттү. Шаркыратмадай күрүлдөгөн үндөрдүн илебинен жол жээгине аза күтүп тургандай тизилген мырза теректерден сары жалбырактар куюлду. Кийинки мүнөттө ырды колоннаны узатып бара жаткандар да улап кетишти. Адамдардын эбегейсиз кудуреттүү толкуну жолунда учураган кедергинин баарын козголтуп агызып, өзөнүнө батпай, ашып-ташып тоо ылдый буркандаган селди элестетет…

Вокзалга жетип келишти. Коштошуулар башталды. Көз алдындагы окуя Айшага түш сыяктуу сезилет. Эркин баягыдай эле кичинекей чыт курсак бала, ал эми алдында турган шыңга бойлуу, муруту жаңыдан чыгып келе жаткан жигит бейтааныш башка бирөөдөй. Унчугушпай турушту. Мындай учурда кандай сөз айтылат… Вокзалда патефон ойноп, анан кимдир бирөө катуу кыйкырып, жолдомо үгүт-насаат сөз сүйлөдү. Мунун зарылдыгы канча? Кимди үгүттөйт. Согушка барабыз деп аскер билетин мөөнөтүнөн мурда алышкан уландарды үгүттөйбү? Өлкөнүн, элин-жерин, ата журтун сактап калуу үчүн өмүрүн курмандыкка чалууга өз ыктыярлары менен бел байлагандарды үгүттөйбү?

Радиодон: «На позицию девушка провожала бойца» – деген ыр перронду жаңыртты. Эл коштошуп, ыйлашып аскерге бара жаткандарды өпкүлөшүп, ызы чуу, бирок кокус кимдир бирөө майданга баруудан баш тартса, аны ушул эле балдарынан ажырагысы келбей ыйлап жаткан аялдар, кемпир-чалдар оңдурбас эле.

Ышталган капкара паровоз кыйкырып, биринчи коңгуроо кагылды. Адамдар удургуп, ыйлап жаткандардын ыйы, сүйлөп жаткандардын сөздөрү катуулады, репродуктордон салтанатттуу марш угулду.

– Эркинтай, өзүңдү сакта! Суук тийгизип алба. Киймиңди Ташкент­тен берет бекен? – деди энеси.

– Кам санабаңыз, мама.

– Кат жаз. Мен жөнүндө эч бушайман болбо, өзүңдү сакта, кагылайыным.

Экинчи коңгуроо кагылды. Айша уулун бек кучактап, мойнунан жыттап-жыттап алды… Өмүрүндө акыркы жолу…

– Ыйлабаңыз, мама. Мен аман-эсен келем…

– Кудайым, жалгызымды, кара чечекейимди ажалдан сактай көр.

Эркин ошого чейин үн катпай жанында турган Санияга бурулду. Эки жаш унчугушпай, бири-бирин тиктеп турушту.

– Мына, ушинтип жөнөп жатабыз, – деди Эркин шаардын четиндеги пионер лагерине жөнөп жаткансып.

Саниясы унчукпай башын ийкеди. Энеси жаштар уялбай коштошсун деп вагонду көздөй басты. Эркин кыздын ийнин назик сылап, анын кичинекей колдорун бекем кысты да, элдин көзүнчө өбүүгө батына албай, вагонго чуркап кетти.

Акыркы коңгуроо кагылды. Эркинди кимдир бирөө кол сунуп вагонго тартып алды. Узатуучулар поездди көздөй умтулушту, ый-кыйкырык, ызы-чуу, коштошуулар, опур-топур! Кара паровоз мунун бардыгын түшүнүп тургансып, оор үшкүрүп, жаш уландарды өлүм-житимдүү, каарду майданга сүйрөп кеткенди ыраа көрбөгөнсүп үч төрт кыйкырды да ордунан козголду. Чоюн дөңгөлөктөр жайбаракат кыймылга келип, бир айланды, экинчи айланды, анан дагы… Дагы. Дагы! Катуулады! Катуулагандан катуулап, перрон кыймылга келип, артта кала берди. Узатканы келгендер поездди ээрчип чуркашты, улгайган аял вагондогу баласынын колун кармап, поезд менен кошо чуркап:

– Э, кудай талаа! Былтыр атаң кетип жок болду, эми сен! Ушинтип баарыңар кетип каласыңарбы? – деп буркурайт.

Айша да поездди кубалап жүгүрдү. Ал уулунун күлүмсүрөгөнүнөн башка эч нерсени көзүнө илген жок, башынан жоолугу учуп кетти эле, аны икмдир бирөө ала коюп аркасынан жүгүрдү. Эне вагонду кууп жетейин деп калганда поезд үстүнөн бир нерсени силкип таштагандай булкунуп алып, жүрүшүн катуулатты. Айша поездди токтотуп калчудай жүгүрдү.Бирок, кара мүртөс паровоз вагондорундагы кырчындай жигиттерди ала качып, жеткирбей кетти. Көрпө тебетейчен жигит вагондон башын чыгарып:

– Күткүлө! Бардыгыбыз аман келеби-и-и-и-из! – деп кыйкырды.

Анын кыйкырыгын поезддин күрүлдөгөнү басып, паровоздун кара морунан кара түтүн бурк этти. Узаткандар токтоп, поезд көк жээкке жетип көрүнбөй калганча тура беришти.

26.04.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.