Күздөгү жаандар
Мар Байжиев
– Тилегиңе ыракмат, садагасы. Адресимди айтканым менен баары бир таппайсың. Жакында кызымдыкына кетем, күйөөсү военный, жакында башка бир шаарга которулат, – деп койду Айша.
Купеге ак халатчан, жеңил замбил көтөргөн эки кыз кирип келди. Келинди этияттык менен жаткызып, вагондон алып чыгып кетишти.
– Аман бол, кагылайын, коркпо, – Айша келиндин чекесинен өпкөндө ал астыңкы эрдин тиштеп, өңү манаттай албырып, чекесиндеги күрөө тамырлары барсайып чыкканын байкады. «Жараткан, жаш неменин жанын кыйнабай аман сактай көр!» – Айша ичинен алкады.
Аңгырай түшкөн поезд ары жөнөдү. Айша өз текчесине барып жатты, ал эми бир купеде жалгыз калса да уктай алган жок. Анын кулагына жаш келиндин сөздөрү дагы эле угулгансып, көз алдында анын шишимек тарткан өңү, барсайган күрөө тамырлары: «Бактылуу экенсиң, тагдырың бактыдан ажыратпасын».
Ташкентте Айша көп буйдалган жок, Вера иштеген фабриканы дароо эле тапты. Директордун орунбасары кадрлар бөлүмүнүн башчысын чакырып, архивден мурдагы кызматчысы Вера Сергеевнанын маалыматтарын издеттирди. Айшага сүрөтүн көрсөткөндө Вера экенин тааныды. «Бирге иштегенбиз, анын кызын да билем, алгач балдар бакчасына, андан кийин музыкалык-интернатка өзүм орноштургам. Бизде иштеп жүрүп жакшы бир жигит менен баш кошуп, андан эки уул төрөгөн. Мындан он жыл мурда күйөөсү жаңы ишке дайындалып, Чимкенттин түбүндөгү райцентрге көчүп кетишкен», – деди кадрлар бөлүмүнүн башчысы. Демек, Вера тирүү экен! Турмушун оңдоп алган тура, башка жакка кетпей, мында калып, казак жигитке тийген экен. Кандай гана болбосун аны табам! Аны табыш үчүн калган өмүрүмдүн баарын жумшаймын! Тапсам, өлөр-өлгөнчө жанынан кетпейм, балдарын багып берем!».
Поезд эки сааттан кийин жөнөйт экен, ага чейин Айша шаарды кыдырып көрөйүн деди. Ташкент абдан өзгөрүптүр, таптакыр таанылбайт. Чаңы буруксуп жаткан көчөлөр асфальтталган, чайханалардын ордуна ресторандар, магазиндер, кинотеатрлар, көп кабаттуу үйлөр салынган, айрыкча шаардын борбору катуу өзгөргөн: Эли да жаңы, жери да жаңы.
Жеке гана шаардын борбору эмес, чоподон жууруп, чабалекейдин үйүндөй кылып салган жепирейген тамдарды бузуп, шаардын чет жакаларын да оңдосо болмок. Жер-жемиши жайнаган базардын жанынан өтүп бара жатып, «Мүмкүн, Веранын неберелери да бардыр», – деп жыты буркураган чоң коон сатып алды.
Кечке жуук аба ырайы өзгөрдү, түн бою вагондун төбөсүн тырсылдатып жаан жаады. Купеде Айшадан башка бакжайган аппак сакалдуу, ак көйнөкчөн, белине шайы жоолук курчанган чал бар экен. Карыя жолду ката унчукпай анда-санда гана жөтөлүп, чоң макиси менен жылтыраган помидорду төрткө бөлүп, тузсуз жана нансыз жеп коюп келе берди. Айша да үн катпай отура берди.
Бир кезде чал төшөгүнө тетири карап жатып коңурукка кирди. Ах, чиркин калган өмүрдүн бардыгын, эч нерсе жөнүндө ойлонбой, дал ушинтип күлүк поездге түшүп алып аны сагынып күтүп жаткан бала-чакасын көздөй зуулдап кете берсе андан ырахаттуу турмуш болор беле?!..
Терезеден жаан көз жашындай мөлт-мөлт куюлуп, сыртта күйгөн фонарлардын жарыктары жалт-жулт этип кайып өтүп, дөңгөлөктөр оор күрсүлдөйт. Поезд эч нерсе менен иши жок, алга зымырай берди. Ыраакта билинер билинбес оттой болуп үмүт үлпүлдөйт. Вера менен кызы өткөндү кечирер бекен? Балким, Вера сенин чоң энең ажаан, ачуулуу, биз барсак ишенбей, кабыл албай койгон, – деп кызына жамандап салгандыр. «Согуштун каарына калып сүйгөнүмөн, эне-атаман ажырап, жетим-жесир, мусапыр болуп, кыйын кезеңде сизди издеп жер түбүнөн келгенде ишенбей, тырмактай кызым экөөбүзгө энелик мээримиңизди ыраа көрбөй кабыл албай койдуңуз эле. Эми эмне келдиңиз?» – десечи. Мейли эмне десе, ошо десин! Жек көрсүн. Үйүнө киргизбей койсун. Кечирим сурайм! Жалынып-жалбарып ыйлайм. Кетпейм… А эгер кызы күйөөгө тийген болсочу! Анда төтөн жакшы, анда баарын Фрунзеге көчүрүп кетем.
Поезд кичинекей станцияларга бир нече жолу токтолду да, кайрадан жүрүшүн катуулатты. Чоюн дүңгөлөктөр жүрөктүн сокконундай дүкүлдөй берди. Калың нөшөр терезени чапкылады. Бир аздан соң күздүн муздак жааны жумшак карга айлана баштады. Айша-апа караңгы купеде олтура албай чынысын алып сыртка чыкты. Вагон бопбош экен. Ашып кетсе төрт-беш адам бар көрүнөт. Проводниктердин купесинде эки кыз чай ичип отурушуптур.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.