Күздөгү жаандар
Мар Байжиев
…Баса уулунун ордуна келген кара кагаздан кийин эмне болду дейсиң?
Согуш бүттү. Кээ бирөөлөр алты саны аман кайтып, кээси жарадар, мунжу, майпар болуп кайтты. Иши кылып тирүү калгандар жашап, өздөрүнүн мурдагы кесиптерине кайтышты, согушка чейин турмуш жолун таппагандары эми изденип, эми табышты.
Адегенде Айша уулунан түбөлүккө ажыраганына түк ишенбей жүрдү. Илгери уулунун өлгөнүнө ишенбесе, эми уулунун болгонуна ишенбегенсийт… Мына, азыр деле, тамбурда туруп, бир кезде анын үй-бүлөсү, уулу болгонуна көп ишенбегендей. Анын бардыгы жомок, же түш сыяктуу. Ал көркөмдүү жомок эң кызык жерине жеткенде кимдир бирөө аны чочутуп ойготуп, татынакай үмүтүн үзүп, бардыгынан ажыратып салгандай. Согуштан кийин бир нече жыл кенже класстардагы балдарды окутуп жүрдү. Сабактан кийин үйүнө чарчап келип, бир кучак дептерди столго коюп, туфлийин чечип, диванга кулачу да, эч нерсе жөнүндө ойлобой кырк-элүү мүнөт, мемиреп жатчу. Ал эми ар түрдүү капалуу ойлор кумурскадай чубап келсе да ага моюн бербей, жок, бардыгы жайында болот! Уулум кайтып келет, – деп өзүнө өзү кайрат айтчу. Айланасындагы күркүрөгөн өмүр-турмуш жалгыз бой аялды чөктүрбөй күнүгө жаңы дем, жаңырган кудурет берип тургандай болчу. Ал тарбиялап окуткан балдар бир кезде эр жетип, жакшы адам болушат деп үмүттөнчү. Кээде Айша-эжейдин үйүнө окуучуларынын ата-энелери келип, аңгемелешип, акылдашып кетишчү. Айша аларга күлкүлүү окуяларды айтып эрмектешип, убакыттын өткөнүн байкабай да калчу.
Мектепке жаңы директор келип, эми мындан ары негизинен диплому барлары гана иштейт деген шаардык эл агартуу бөлүмүнүн приказын окуп бергенге чейин Айшанын турмушу ушундай болчу.
– Менин дипломум болбогону менен тажрыйбам бар, ал тургай кенже класстар үчүн окуу китебин түзүүгө катышкам, – деди Айша.
– Айла канча, эже. Согуш болсо бүттү. Шарт өзгөрдү. Пединститутту бүткөндөр кызмат издеп жүрүшөт, – деди жаңы директор.
Бир жумадан кийин Айша редакциянын машина бюросунда чакылдатып машинка басып отуруп калды. Бул ишке аны дароо эле алышты.
Поезд жүрүшүн бир аз басаңдатты. Дөңгөлөктөр барган сайын жайыраак дүкүлдөй баштады. Паровоз катуу үшкүрүп, вагондорун шарак эткизип алып токтоду. Тамбурга колуна түрүлгөн сары желекчесин кармап проводник чыкты.
– Вагонго кириңиз, – деди ал.
– Келип калдыкпы?
– Аз калды, – деди проводник.
Айша вагонго кирди. Адамдар чемодандарына, мешокторуна бирдемелерди салып, буюмдарын издешип, чачтарын тарап, кийимдерин кийишип, бирдемелерин байлашып, таңышып, ачышып, жабышып, кобурап бир нерселерди сурашып, ага жооп беришип, сүйлөшүп – иши кылып шашып-бушуп ар бири өзү менен өзү алек.
– Апа, айып этпесеңиз мага жардам берип коюңузчу, – деди келин. – Тигинин такыр эби жок, мени жарым сааттан бери кийинте албай жатат…
Күйөөсү купеден чыгып кетти. Айша келинди кийинте баштады.
– Ушул жерде калалы дедиңерби?
– Ооба, шаарга жете алгыдай эмесмин. Тетиги чемоданда жаңы ич көйнөгүм бар эле, – деди келин.
Айша чемодандан кызыл гүл саймасы бар сары көйнөктү таап чыкты.
– Мен сизге кандайча рахмат айтарымды билбей турам. Мобу жоолукту алып коюңуз. Жапжаңы. Эрим 8-мартта алып берген, – деди келин.
– Жөн эле кой, садагасы! Жоолугум бар.
– Алып коюңуз, апа, – деди келин уялып. – Сиз, мага көп жардам бердиңиз. Купеге кире албай, биздин айыбыздан тамбурда турдуңуз, жакшыраак эс алган да жоксуз. Адамкерчилигиңизге ыракмат, апа.
– Андайды ким болсо да жасамак, кызым. Мындай кооз жоолук жаштарга жарашат, өзүң эле салын, – деп күлүмсүрөдү Айша.
– Бул сиз үчүн өтө эле кызыл-тазыл болсо, келиниңизге, кызыңызга же небереңизге, айтор, кимиңиз болсо, ошонуңузга бериңиз… – деди келин.
– Ыракмат, садагасы! Күйөөң берген белек, өзүңө эле буюрсун, – деди Айша.
– Андай болсо жок дегенде адресиңизди айтып коюңуз? Жакшылык болуп аман-эсен төрөп алсам барабыз, балким, кудалашып каларбыз, – деди келин.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.