Кеңешбек Асаналиев
АДАБИЙ АЙКАШ: Китеп кумары
Китептин түгөнгүс асыл-наркы жөнүндөгү ушул жөпжөнөкөй, бирок эң бир таза айтылган чындыкка башкалар эрте жетсе жеткендир, мен өзүм кечигип, өтө эле кечигип жеттим. Бала кезимен бир тууган Гриммдердин, Ханс Кристиан Андерсендин жомокторун окуп, Пушкин менен Лермонтовду жаттап чоңоюп, жетилген үй-бүлөдө төрөлгөн жокмун. Бул жарык дүйнөдө Гомер менен Данте, Сервантес менен Шекспир, Лев Толстой менен Федор Достоевский бар экенин кадыресе эрезеге жетип, Кыргыз пединституттун тил жана адабият бөлүмүндө окуп жүргөнүмдө зорго билдим.
Маселен, Аргентинанын улуу жазуучусу Хорхе Луис Борхес “бейишти мен китепканага окшоштурам” деп жазганы бар. Бул салыштыруу түк бекеринен чыкпаптыр. Көрсө, ал жарык дүйнөгө келгенде эле китепкананын дүйнөсүнө туш келип, ошондой атмосферада дем алып, чоңойгон экен. Эч кандай күмөн жок, Борхес жаралышынан эле айрыкча таланттуу. Ошого жараша, ал төрөлгөн чөйрө да анын индивидуалдуу өзгөчөлүгүнө эриш-аркак, шайкеш келиптир. Ошондуктан бала кезинде эле англис тилин эң жакшы өздөштүрүп, алты жашында Стивенсонду окуп, сегиз жашында Уайльдды которгону дегеле кокусунан эмес.
Артыкбаш болбос, дагы бир мүнөздүү мисал келтирейин. Орустун эң бир атактуу философторунун бири Николай Бердяев “өзүмдү таанып-билүү” деген автобиографиялык –философиялык трактатында өтө жаш бала чагынан эле “Согуш жана тынчтыкты” окуганын, ошондой эле ойноп жүргөн куурчагын Андрей Болконскийге айландырып алганын эскерет. Он төрт жашында эле Шопенгауэрдин, Канттын жана Гегельдин чыгармаларын кадимкидей окуй баштаганын, атасынын китепканасынан Канттын “Нукура аң-сезимди сындоо” (“Критика чистого разума”), Гегельдин “Рух философиясы” (“Философия духа”) деген китептерин издеп таап алганы жөнүндө билдирет.
Байкап жатасыздар го, мен бул жерде турмушта, адам баласынын тагдырында өтө сейрек кездешчү кырдаалдарга атайы басым коюп жатам. Аргентиналык Борхеске, Россиялык Бердяевге окшоп бала кезинен классиктерди окуп, дүйнөнү таанып-биле баштагандар реалдуу турмуш-жашоодо өтө эле чанда кездешет, алар дал ошондой түрдө, дал ошондой тагдырга туулуп, жаралышат. Тагдыр тагдырга эч качан окшобойт. Андай болсо мен эмне үчүн ушундай феноменалдуу мисалдарга кайрылып жатам. Сөз түйүнү ушунда.
Апам биринчи жолу мага сатып келген китеби, М.Горькийдин “Эне” деген китеби, жайы менен безгектен айыккыча аябай эле “эрмек” болду. “Эрмек” эле болдубу, жок бул менин тагдырым экен. Апам байкуш кайдан билсин, дал ушул “ Эне”деген китеп дүйнөлүк көркөм процессте жаңы доор ачкан, болгондо да социалисттик реализм адабияты деп аталган жаңы доор ачкан чыгарманы мага, келечекте ошол адабияттын ар түркүн кырдаалдарында бирге, кошо болуп, ошол тагдыр менен жашай турган, бирок азыр ал жөнүндө эч кабары жок, аны дегеле билбеген, туйбаган жалгыз баласынын тагдыры дал ушул китеп болорун кайдан билсин. Бул эмне жазмышбы…
Кийинчерээк өспүрүм кезимде кездешкен экинчи китеп Касымаалы Жантөшевдин котормосунда жарыяланган Н.Островскийдин “Болот кантип курчуду” деген романы болду. Бул китеп мага 1941-жылы 6-классты бүтүп жатканда дирекция тарабынан сыйлык катарында берилген эле. Ошон үчүн ал мага өзүнчө олжо, асыл мүлк катары бааланчу. Кудум эң аялуу буюмдай кирдебесин, айрылбасын дегенсип сыртынан ак кагаз менен ороп, кастарлуу жерде сактап жүрдүм. Ошол жылы жайында Улуу Ата Мекендик согуш башталып, мурдагы агайларыбыздын бир тобу дароо эле аскерге жөнөп кетишти. Алардын ордуна бизден бир аз, бир аз улуураак, көрсө, Фрунзедеги педтехникумду жаңыдан бүткөндөр экен, айтор, мектебибиз жаш мугалимдерге (жаш кыздар, жаш жигиттер) толуп кетиптир. Ошолордун ичинен тарых, географиядан сабак берген Бакир деген (фамилиясы эсимде жок) кара чырай жаш жигит биздин үйдө туруп калды. Окуу жылы жаңыдан башталган, бир күнү сабактан бошоп үйгө келсем, баягы бапестеп, таптаза сактап жүргөн китебимди алыптыр да, титулундагы “Болот кантип курчуду” дегенди сызып, анын ордуна “Болот кантип чыңалды” деп химический сыя менен балчайтып гана жазып салыптыр. Көзүмөн жаш атып кетти көрүнөт. Аздектеп сактаган дүнүйө-мүлкүм бир заматта, көз ачып жумгуча бузулуп, кыйрап калгандай туюлду. Эгер муну кылган жаңыдан келген жаш мугалим эмес, мугалим болгондо да өтө билимдүү, өзгөчө география сабагынан биз укпаган аралдарды, өзөндөрдү, тоолорду, булуңдарды, өлкөлөрдү картадан көрсөтүп, ар бир сабакта улам жаңы “бирдемелерди” үйрөткөн, баарыбызга, 7-класстын окуучуларына бирдей жагып калган мугалим эмес, башка бирөө болгондо, тим эле өлбөгөн жерден калмакмын. Айла жок, кадырлап-сыйлаган Бакир агай экен, ылдый карадым да, капалык ызалыгымды билгизбөөгө аракет кылып, “а эмне үчүн мындай” дегенге араң жарадым. Ошондо Бакир агайдын “болот курчубайт, болот чыңалат” деген кескин жообу кудум атылган октой мерчемине дал тийсе керек, ошол сөздөр дале эсимде. Мен үчүн ал мезгилде кандай гана китеп болбосун, анда эмне гана жазылбасын, анын баары текши эч катасыз, эч күмөнсүз, эч качан өзгөрүлбөс чындыктай көрүнчү.