Кеңешбек Асаналиев
Адабий айкаш: “Майдан” романынын майданында
Узакбай Абдукаимов менен кайрадан кездешип, кайрадан көркөм чыгармачылыктын татаал жолдорунда дал ушул залкар ишмердин өзүнүн жеке адабий тагдырына кадимкидей катышып, күбө болом деп эч качан ойлогон эмесмин. Ырас, элүүнчү жылдардын экинчи жарымында Ленинграддан кайтып келгенден кийин Узак ага менен көп эле жолугуп, көбүнчө тиричилик-турмуш деңгээлинде сүйлөшүп, аңгемелешип деле жүрдүк. Фрунзе шаары анда азыркыга салыштырганда өтө эле чакан эле, “Ала Too” кинотеатрынын тегерегинен, “Дубовский парктан”, Дзержинский бульварынан айрыкча дем алыш күндөрүндө каалаган кишиңе жолугуп калышка толук шарт бар болчу. Узак аганы көбүнчө балкар акыны Кайсын Кулиев, котормочу С.Бектурсунов, адабий сынчы Ө.Жакишев, дунган акыны Ясыр Шивазанын ж.б. чөйрөсүнөн көрүп калчу элем. Анда мен да адабий көркөм процесске анча-мынча аралашып, “активге” кире баштаган учурум, ошондуктанбы, же жогоруда аталган адамдардын жашы бир кыйла жогору болсо да мени сыйлашабы, айтор тобуна кошуп алышчу. Арийне мен өз абалымды сезип, дистанцияны сактоого, чектен чыкпоого зор аракет жасачумун. Мындай капыстан болгон жолугушуулар көп эле болгон. Айтайын дегеним, ошондой кездешүүлөрдүн биринде да баягы жарыкка чыкпай калган шордуу китепченин “сыры” жөнүндө мен да батынып эчтеке сураганым жок, Узак ага да “эчтеке болбогондой” унчукпады. Ал маселеге, өзүнүн негизинде каргашалуу, кирдүү-ыплас маселеге, кайрадан кайрылуунун эч кандай зарылдыгы жок экенин ал киши дагы, мен дагы жакшы түшүндүк. Мунун ички себептерин, психологиялык татаал бурулуштарын өз башыман өткөрүп келген мен өзүм кандай сезсем, анын ички татаал “механизми” кандай экенин, ал эмнеден турарын Узакем сөзсүз таасын билчү.
Ырасын айтканда, Узакбай Абдукаимов табиятынан чоң акын, чоң прозаик экенин баарыбыз эле билчүбүз. Эгерде андай акындык, прозаиктик потенциал жок болсо, анда Пушкин менен Байронду, Гоголь менен Чеховду кыргызчага которууга батынат беле. Дүйнөлүк адабияттын классикалык үлгүлөрүн кыргызча сүйлөтүү үчүн эки тилди билүү жөндөмү, эки тилде бирдей сүйлөй билүү артыкчылыгы алда кайда жетишсиз. Улуу котормочунун алдында улуу классиктердин көркөм “байлыгын” коротпой, коромжуга учуратпай өз эне тилинин мүмкүнчүлүктөрү менен кайрадан жаратуу милдети турат.
Бирок ушундай таланттуу адам өзүнүн төл чыгармасын жазбаганына, тагыраак айтканда, көркөмдүк толук мүмкүнчүлүктөрү бар туруп, төл чыгарма жазганын токтотуп койгонуна, жеке мен өзүм, таң калчумун, жооп таба албачумун. 1930-жылдардагы кыргыз повесттеринин ичинен эң татынакайынын бири “Кыздын таалайы” аттуу повесттин бүтпөй калышы, ошондой чыгарманы жарата баштаган автордун кийин “үн чыгарбай” токтолуп калышы мен үчүн жандырмаксыз табышмак болчу.
Ошентип, биз ал кишиден оригиналдуу эчтеке күтпөй, жашы элүүдөн өтүп калган учур, мындайча айтканда үмүт үзүлүп калган кезде адегенде “Ала Too” журналына айрым үзүндүлөрү, ал эми 1961-жылы “Майдан” романынын биринчи китеби жарыкка чыгып келди. Эгерде жалпы сомосунан алып карасак, романдын пайда болушу, бул принципиалдуу түрдөгү күтүүсүз көрүнүш. Күтүүсүздүк – бир жагынан Узакбай Абдукаимовдун котормочулукка кеткен көп жылдардан кийин роман жараткан фактысы болсо, экинчи жагынан чыгармада сүрөттөлгөн согуш турмушунун мурда айтылбагандай чындыктуулугу болду.
“Майдан” романынын биринчи китеби жарыкка чыкканда Узак агай 52 жашта экен. 54 жашында каза болду. Экинчисинин типографиялык китеп болуп жаралышын көрбөй кетти. Бул чыны менен “Аккуу ыр”, Узакбай Абдукаимовдун адабий керээзи. Ал жашоо өмүрүнүн финалы жакындап келип калганын жазбай сезген. Тагдырдан ушул финалга берилген мөөнөттүн жылына, айына, жумасына, күнүнө чейин так эсептеп, чектелген ошол мөөнөттү бир гана “Майдан” романына эксклюзивдүү жумшоого багыттайт, Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндөгү өзүнүн гана чындыгын жазып үлгүрүүгө далалаттанат. Артыкбаш болбос бир үзүндү келтирели: “1941-жылдын 15-ноябрь күнү таңга маал Москванын тегерегиндеги токойлор жымжырт болуп, тунжурап, кызыл карагайдын баштары гана желге акырын күүлдөп, акырын ыргалып, кучак жеткис көөдөндөрү акырын кычырап турду. Ак көйнөкчөн келиндей болгон ак кайыңдар, арча карагайлар жай баракат теңселип, түнт токой мурунку калыбына келип, мурункусундай магдырап, таң атаркы боз закымга оролуп, жаратылыш жай алып тургандай эле. Токойдун тынчы кеткен канаттуулары, айбанаттары, кайтадан тынчып, кайтадан үн алышып, кайтадан эркин учуп-конуп, ээн-эркин чуркап, кайрадан тилге кирип, кайтадан өздөрүнүн дооранын сүрө баштаган эле. Тынчы жок адамдардын шойкуну басылып, дүйнө өзүнүн тынч бешигине кайтадан жатып, жер кайтадан бейпилчилик, ырыс- таалай, сүйүү, кубанычка маарып тургандай болчу”.