МАРКЕС ГАБРИЭЛЬ ГАРСИЯ

АЙТТЫРЫП КЕЛГЕН АЖАЛ БАЯНЫ

МАРКЕС ГАБРИЭЛЬ ГАРСИЯ

— Түшкө канаттуулар кирсе, дени-карды сак болот деген ошо, — деди ал мага.

Мен аны менен күүдөн тайып, көрөр күн, ичер суусу аз калганда, эртеги эсиндегилер күзгүдөй күбүлүп сынып, аны күкүмдөп чогултуу аракетинде унутулуп бараткан ушул кыштакка кайтып келгенде жолуктум, ал дагы уулун тордон жасалган ушул асма керебетте ушул калыбында жатып көрүптүр. Пласидо Линеро кишилерди араң тааный турган болуптур, жарык жаркырап тиймейинче алар ага жөнеле кара-кубаң көлөкөдөй көрүнөт экен, башы басылбай ооругандыктан шаша-буша чыгып бараткан баласына акыркы ирет жолуккандан калган дары жалбыракты желкесине таңып алыптыр. Ал кырынан жаткан, тордун баш жагындагы жибин кармап турайын деп аракет кылды; таат-ибадат идишинде туруп калган суунун бүксүгөн жыты бөлмөнү өрдөй баштады, андай жыт кылмыш болгон таңда аны айраң азыр калтырган.

Мен босогону аттап-аттай электе эле ал Сантьяго Насарды эстеп кирди. “Дал сен  турган жерде турган, — деди ал. – Кийгени батталбаган ак болотнай кастум эле, териси ушунчалык сезгич болчу, крахмалдын жытын да көтөрө алчу эмес”. Ал кардамон данын шимип, асматор керебетте кыйла, элесинде уулу кайтып келип, эми эч жакка кетпечүдөй болгончо отурду. Анан ал: “Таянган таянычым жалгыз ошол эле”, — деп үшкүрдү.

Анын элесинде уулу кандай калганын эми мен элестетип кирдим. Январдын акыркы жумасында ал 21ге толмок, куба жүлүн, шыңга бой жигит эле, көздөрү арабдыкындай, чачтары атасыныкындай тармал боло турган. Сантьяго Насар байлыгына кызыгып алган аялынан эле, эрди-катын бир ирмем да эриш-аркак жашаган жок, арийне үч жыл мурда өлгөнчө чейин андай атасы бардыгы үчүн ал өзүн бактылуу сезчү; кечээ өзү өлгөн күн – дүйшөмбүгө дейре энеси менен деле бактылуудай жашады. Алдыны туюк туюу күчү, ага апасынан келген. Атасы ага бала чагынан мылтык атууну, атта жүрүүнү, куш таптап салууну, эң негизгиси, эрдик менен этияттыкты үйрөттү. Ата менен бала өз ара арабча сүйлөшөр эле, арийне Пласида Линеронун көзүнчө антишчү эмес, ал сөзгө аралашпай калганына ардыкпасын дешчү. Алар мылтык асыныпа айыл аралап чыкканын эч ким, эч качан көргөн эмес, ал эми тапталган куштарын бүркүт салуу өнөрүнүн соопкерчилик жарменкесине көрсөтүү үчүн бир ирет алып чыкканы эстеринде бар. Атасы дүйнөдөн кайткан соң Сантьяго Насар орто мектептен нары окуусун улантпай, үй-бүлөгө тиешелүү асьенданын иши менен алек болууга аргасыз болду. Эми анын керт башына келсек, ал ажары ачык, көңүлү жарык, шатыра-шатман, ак көңүл жигит эле.

Аны өлтүрүп кеткен күнү апапак кийинип алганын көргөн апасы күн эсебинен жаңылып калганбы деп ойлоптур. “Бүгүн күнгө дүйшөмбү дедим”, — деди ал мага. Ал епископтун касиеттүү колуна колум тийип калабы деп, майрамдык кийим менен баратканын айтты. Апасы ага муюган жок.

— Ой, ал кораблден түшпөйт, — деди ал уулуна. – Байгамбардын батасын берет дагы келген жагына кете берет, анын милдети ошол. Епископтун биздин шаарчаны көрөйүн деген көзү желкесинде.

Айтылган сөздө акыйкат арбындыгын Сантьяго Насар билет, бирок чиркөө расмисинин салтанаты аны биротоло аркандап алган. “Кудум кинодогудай”, — деди бир ирет ал мага. А эне байкуш канетсин, епископ келет менен ээлигип алган баласы жаанда калып өпкөсүнөн кагынабы деп жаны чыгып атыр: түн уйкуда бир топ жөтөлүп чыккандай болгон. Анда эмесе колчатыр алып ал дегенине уулу көнгөн жок, кол булгап коштошуп үйдөн чыгып кетти. Ошол бойдон энеси аны тирүү көргөн жок.

Ашпоз аял Виктория Гусман ал күнү, атургай бүт февраль бою жамгыр жаабаганын айтып безилдейт. Дүйнөдөн кайтарынын алдында аны менен жолукканымда: “Күн теңирден тескери түшүп, август айынан да жаман куйкалап турду”, — деди ал. Тилдерин салаңдатып акактаган иттердин курчоосунда ал үч коёндун согуму менен алек болуп, түшкү тамактын камын көрүп атканда Сантьяго  Насар ашканага баш бакты. “Түндү кандай өтөгөнү түрүнөн эле көрүнүп турат”, — деди Виктория Гусман аны жактырбаганын жашырбай. Кызы Дивина Флор – жадырап-жайнап ачылып бараткан кереметтүү Гүлкайыр, — ар дүйшөмбүдө боло жүргөндөй Сантьяго Насарга ром кошулган бир чашка канты жок кофе апкелди, өткөн түндөн сынган башын жазууга берген жардамы ошол болду. Кенен-чонон ашканада от лаулдап күйүп жатыр, чатыр алдындагы туура жыгачтарга конгон чала уйкулуу тооктор үлгүлөп отур; турмуш ошентип калыптуу ыгында баратыры. Сантьяго Насер дагы бир таблетка аспирин ичип, колундагы кофеден салмактуу ууртап, коёндордун этин жууп-тазалап аткан эки аялдан көзүн албай, ыкшоо ойго батып отуру. Жашы келип калганына карабастан Виктория Гусмандын сыры кетип, сыны бузулалек. Али үйүргө кирип, үйрөтүлөлек кызы күүгө келип, күзөп бараткандай. Ал бошогон чашканы алайын деп келгенде Сантьяго Насер чап колдон алды.

04.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.