МАРКЕС ГАБРИЭЛЬ ГАРСИЯ
АЙТТЫРЫП КЕЛГЕН АЖАЛ БАЯНЫ

Виктория Гусман буйдалган жок: Сантьяго Насарды өлтүрөбүз деп кимдир-бирөөлөр жол тосуп турганын кызым да, мен да уккан-көргөн эмеспиз деп так кесе жооп берди. Арийне, кийинки жылдары иштин андай ыңгайы Сантьяго Насар ашканага кофе ичкени келелекте эле мага да, кызыма да бештен белгилүү болчу дей баштады. Аны таңкы беште өзөк жалгаар сүт сурап келген кайырчы аял кабарлап, кай жерден күтүп турганынан, эмнеге өлтүрөрүнөн өйдө айтып бериптир. “Мен аны алагүүлөрдүн апыртмасы деп ага эскерткен эмесмин”, — деди Виктория Гусман мага. Бирок Дивина Флор менен кийин – энеси өлгөндөн соң жолукканымда апасы Сантьяго Насарга айтып, саксактабаган себеби, анын өлтүрүлүшүн ичинен аябай самап турган деди. Дивина Флор анда али секелек кыз эле, апасынан озунуп өзү баштык кылалмак эмес, анын үстүнө алгач укканда алаңдап коркуп кетти; Сантьяго Насар анын манжаларын кыса кармаганда жүрөгү оозуна андан беш бетер тыгылды: колу кудум өлүктүкүндөй муздак экен.
Таңкы акшамга аралаш епископту тарткан кеменин кубанычтуу гудогуна кудуңдаган Сантьяго Насар үйдөн шаңдуу басып чыкты. Дивина Флор эшик ачмакка озуна чуркады; ал андан буйтап кетүү үчүн ашканада куш уктаган капастарды, чырпыктан согулган буюм-тайымдар менен папоротниктерди, потолокко салаңдата илинген карапа кумураларды аралай чуркады, арийне эшиктин бекиткичин тарта берерде темирдей бекем колдун капканына кабылбаска арга калбады. “Ал мени камырдай мыжыгып кирди, — деди мага Дивина Флор. – Эл жок булуң-бурчтардан жолуга калса ушунтмей адаты бар эле, бирок эмнегедир бу саам анчалык коркконум жок, бирок кооп санаганыман ыйлагым келди”. Ал жол бошото четке чыга берди, ачык каалгандан аппак кардай таңкы шоола жамынган бадам бактарын көрдү, башкасын кароого батынбады.
“Ошол маалда, — деп сөз улады ал, — кеме гудогунун үнү өчүп, короздордун чакырыгы угулду. “Ушунчалык чакырды дейсиң, мен оболу аларды епископ ала келгенби деп ойлогом, көрсө шаарча короздор өзүнчө эле бир короо экен”. Талпынган менен тагдыр буюрбаган эркекке Дивина Флордун кылган жакшылыгы ушу болду: капыстан үйгө кайра бачым кайтууга туура келсе, түз кирсин деп, Пласида Линеро улуксат бербесе да эшикти бекиткен жок. Ким экени белгисиз кимдир-бирөө эшиктин алдынан кат сойлотуп, Сантьяго Насарга аны өлтүргүсү келгендер күтүп турганын, кай жерден күтүп, эмне үчүн өлтүрөрүн жана башка экен-бекендерди эскертиптир. Ал кат Сантьяго Насар үйдөн чыкканда полдо жаткан экен, бирок аны өзү да, Дивина Флор да, дегеле бир да киши көрөбөптүр, ал кылар кылмыш кылынып, кыл жип менен буулгандан көп өтүп табылды.
Саат алтыны какты, бирок көчө шамдары өчөлек. Үйлөнүү үлпөтүнө даярдалган кагаз гүлдөрдүн өрүмү бадам бактарынын бутагында, анан айрым балкондордо али самсаалайт, аны азыр көргөн киши епископтун урматына эшип илгенби деп ойлошу мүмкүн. Алдына музыканттар үчүн секиче курулган чиркөөнүн тепкичтерине дейре таш төшөлгөн аянт топураган тойдон калган бош бөтөлкөлөр менен жана башка акыр-чикирлердин таштандысын элестетет. Сантьяго Насар үйдөн чыкканда кеме гудогу шаштырган бир топ киши портту карай чуркап баратыптыр.
Аянтта чиркөөдөн анчалык алыс эмес сүт саткан күркө гана ачык болучу, анын ичинде Сантьяго Насарды өлтүрөбүз деген экөө күтүп жаткан. Сантьяго Насарды күркөнүн ээси Клотилде Армента биринчи көрө койду, таң нуруна кудум калайдай чагылышып келатыр. “Ал ошондо эле арбакка айланып калгансыган” – деди мага сүттүн ээси. Аны өлтүрмөк болгондор күркөнүн ичинде бүрүшүп, оролгон гезитти бооруна кыскан бойдон уйкуда эле аларды ойготуп албас аракетинде бу Клотильде Арманта демин ичине катып дымый түштү.
Булар эгиз уул – Педро менен Пабло Викарио эле. Экөө тең 24 жашка толгон, коёндой окшоштугунан бири-биринен араң айрып тааныла турган. “Сырттарынан жагымсыз көрүнөт, бирок адептүүлүгү менен айырмаланышат” – делинет протоколдо. Мектеп босогосун бирге аттагандан баштап билген мен деле ошентип жазмакмын. Ал таңда экөө тең каралжын нооту кастум кийип алыптыр, анысы түнкү тойго жарашпаса, жээк үчүн бир чети калыңдык кылмак, бир чети көйрөңдүк болмок. Качантан берки ичкиликтин каабынан бети-баштары бырышып-тырышып турганы болбосо, сакал-муруту таза кырылыптыр. Алар ичкиликке тойдун алдыңкы күнү эле тоё баштаган, аны улантуу үчүнчү күнгө айланганда мас болбой эле басып баратып уктап аткандай болуп жүрүштү. Клотильде Армантанын күркөсүндө күткөнү чыпчаң үч саатка чамалап таң куланөөк боло баштаганда ишембиден бери биринчи көздөрү илинди. Аларды кеменин алгачкы кыйкырыгы ойготту, арийне Сантьяго Насар үйдөн чыкканын туюк туюу сезими көздөрүн умачтай ачты сыяктуу. Экөө тең оролгон гезитти колуна алды, Педро Викарио турууга обдулду.