МАРКЕС ГАБРИЭЛЬ ГАРСИЯ
АЙТТЫРЫП КЕЛГЕН АЖАЛ БАЯНЫ

— Азоо болуп кетипсиң, жүгөн салыш керек го? – деди ал ага.
Виктория Гусман ага алыстан кандуу бычак кеседи.
— Коё бер дейм шүмшүк, — кабагын катуу чытып, буйрук берди ал. – Мен тирүү турганда бул башаттан суу ичпейсиң.
Ибрагим Насар Виктория Гусманды кырчындай кыз кезинде азгырып койгон. Көп жылы ал аны менен асьенданын атканасында жашыруун-жабык жолугуп жүрдү, качан ойной берип, оюну канган соң, үй кызматына которуп салды. Кечээки оттой ойношунан бүткөн кызы – Дивина Флор эртедир-кечтир Сантьяго насардын койнун жылытарын билчү, андыктан ал күндү эртелеп эле күзөй баштаган. “Ушуга окшогон эркек туулбай эле туна чөксөчү”, — деди ал мага. – Атасынын эле өзү. Атасындай эле сасык”. Сантьяго Насар бир шилтем менен коёндун ичек-кардын сууруп алып, бууланткан бойдон иттерге ыргытканын эстегенде үнө-бою үшүгөндөй калтырап кетти.
— Мынчалык мыкаачы болбо, — деди ал ага – Ал айбан эмес, адам болуп калса эмне кылар элең?
Адам неге алсыз айбанатка мынчалык мыкаачылык кыларын Виктория Гусман 20 жылга жакын түшүнгөн жок, түшүнгөндө негедир өзүнөн өзү үркүп кетти. “О, Кудай! – коркконунан кыйкырып жиберди ал. – Алдын ала берген билген беле!” Бирок кылмыш өткөн ал таңда ашпоз аялдын негедир кыжыры кайнап, Сантьяго Насардын эрте ичер тамагын эптеп ууландыруу үчүн калган коёндордун ичек-кардын, өпкө-боорун иттерге туш келди ыргыта берди. Епископ келгенин кабарлаган пароходдун ачуу чаңырыгынан шаарча ойгонгондо окуя оңуту ошондой эле.
Мурдагы склад минтип дубалдарына сүрүлгөн тактай капталган, цинк менен жабылган балык жон чатырынын кырбуусуна шукшуюп тарп аңдыган карга, кузгун конгон эки кабат үйгө айланды. Үй курулган кезде дайра кыйла терең боло турган, калдайган кайыктар түгүл чыныгы чоң кемелер да тобокелге бел байлаганда дайранын саздак алабын жиреп шаарчага чыга келчү. Жарандык согуш бүткөндө арабдардын экинчи толкуну менен Ибрагим насар келалбай, жандай курулган складдар керектен чыгып, кароосуз калды. Анын бирин Ибрагим Насар арзыбаган тыйынга сатып алып, чет эл товарларын жүгүрткөн дүкөн ачмак болду, бирок анысы эч качан ишке ашкан жок. Андан кийин аял алуу ниетинде складды үйгө айлантты. Эмне бар, эмне жок деп алдыңкы кабатына мейманкана ачты, капталын улай төрт атка ылайыктап аткана, кызматчылар турчу жай, ошондой эле терезеси портту караган ашкана курду, анысынан ар дайым саздын бүксүгөн суусу жыттанып турат. Үйдөн бир гана буралма тепкичке тийген жок, ал кыязы, кайсы бир кыйраган кемеден калган аманат болсо керек. Үйдүн мурда бажыкана контору жайгашкан экинчи кабаттын эки бөлмөлүү уктоочу жайга, артымды бала бассын тилеги менен беш чакан балдар бөлмөсүнө айлантты, андан башка аянттан бери бойлой өскөн бадам багынын үстүнө жыгачтан балкон салды, жалгыздык жабырынан качкан Пласида Линеро марттын кечки салкынын ошол жерде өткөрөр эле. Үйдүн маңдайындагы көчөгө чыкчы чоң каалга кадимкидей сакталган экен, ага жака-белине жыгачтан кооз оймо-чийме түшүрүлгөн эки бийик терезе жасап орнотту. Арт жактан кирчү эшикти атчан киши өтчүдөй көтөрткөнү менен ошол бойдон калтырды; Ибрагим Насар эски причалдын калган бөлүктөрүн да кадыресе керекке чегерди. Дегинкиси, негизги кызматты арткы эшик аткарар эле, ал аткана же ашканага өтчү эшик экендигинен деле эмес, ал аркылуу аянтты кесип убара болбой, жаңы портко кеткен жолго түз чыгышчу. Маңдайкы эшик майрамдарда ачылганы болбосо, ар дайым бек турчу. Кара басканда, Сантьяго Насарды өлтүрөм дегендер аны арткы эшиктен эмес, дал ушул жерден күтүп атыр, епископту тосом деп өрөпкүп алган ал дагы порт жолуна түз чыкпай, үйдү айланып каларына кайыл болуп, ушул эшиктен чыгып атыр.
Окуянын ошончолук муңдуу, сырдуу далма-дал өтүшүнө эч кимдин аңдап акылы жетпеди. Риоачиден келген тергөөчү анын аныгын ачууга чындап бел байлабаса да, бирдемени сезген болуу керек, ага акыл айлантууга кылган аракет түзгөн протоколунан байкалып турат. Анда аянтка чыкчу эшик бир нече жолу эскерилип, тергөөчү аны кудум детектив аңгемедегидей “тагдыр чечер эшик” атаптыр. Чындыгында суракта Пласида Линеронун жообунан эптүү эч нерсе угулган жок, ал энелик табияттын даана далили менен: “Менин уулум майрам кийимчен эч качан арткы эшиктен чыкчу эмес” – деп жооп берди. Жооп ушунчалык жөнөкөй, ишенимдүү чыккандыктан тергөөчү аны сурак баракка түшүрбөгөнү менен капталына жазып койду.