МАРКЕС ГАБРИЭЛЬ ГАРСИЯ

АЙТТЫРЫП КЕЛГЕН АЖАЛ БАЯНЫ

МАРКЕС ГАБРИЭЛЬ ГАРСИЯ

— Кудай-Теңир үчүн! – күңкүлдөдү Клотильде Арманта. – Кетпес кегиңер болсо, кийин алгыла, жок дегенде сеньор епископту сыйлап койгула.

“Бу да болсо Кудайдын мөөрү болучу”, — деп жүрдү кийин. Албетте ал сураныч ойлонулбай оозунан чыгып кеткени менен тигилерге тике таасир  эткенсиди. Клотильде Арманта антип айтар замат эгиз Викарио ойлоно түшүп, турайын деп обдулганы кайра отуруп калды. Экөө тең аянттан өтүп бараткан Сантьяго Насарды узата карады. “Алар аябай аягансып карап турушту”, — деп айтты Клотильде Арманта. Ошол учурда жетимдердин формасын кийген монастр мектебинин кыздары аянттан топурап өтүп бараткан.

Пласида Линеронун оозуна сала бергендей болду: епископ кемеден жерге түшкөн жок. Портто бийлик өкүлдөрү мектеп окуучулары болуп калың калк жарданып турду. Колго кармаган себептеринде кадырлуу пирге арналып бордолгон короздордун башы койкоёт – ал короздун таажысынан суп жасатып ичкенди жакшы көрөт дешчү. Пристанга жеткен тартуунун көптүгүн айтпа, аны кемеге жүктөө үчүн кеминде эки саат кетмек. Бирок кеме жээкке токтогон жок. Ачуу айкырып дайра айрыгынан чыга бергенде епископ гимни ойнолду, аны себеттеги короздордун чуру-чуу түшкөн чакырыгы коштоп, шаарчадагы тоок атууга шашылыш тополоң салды.

Ал кезде отун менен жүргөн баралуу кемелер жоголуп бараткан, а бирин-серин каалгып сүзүмүш эткендерде кыз-күйөө кызык учурун өткөргүдөй не пианоласынан[1] не өзүнчө “каютасынан калган эмес анын үстүнө бул аябагандай чоң табак агымга каршы араң эле жылчу. Арийне, епископтун кемеси эскинин жаңысы эле тигилерде бирөө болсо, мында желеги билерик болуп тартылган эки мортүтүк моюн созчу, а кеменин артындагы баралуу дөңгөлөк ылдам жүрүүчү деңиз кемесинин элесин берчү. Апапак кийинген епископ жогорку палудубалдагы капитан жайынын жанында жалаң испандардан куралган үммөттөрү менен турду. “Абанын ырайы кудум жаңы жылдагыдай эле”, — дейт эжем Маргот. Анын айтымында андагы порт абалы мындай экен: причалды бойлой сүзгөн кеме бир кыйкырды дагы алдыңкы катарга сыгылып-тыгылып жеткен адамдарга тунарган буу бүркүп өттү. Бардыгы ана-мына дегиче аяктады – кеме үстүндөгү епископ жарданган элди жандай сүзүп баратып абага чокунуу расмисин жасады, анысын кеме бүлбүлдөп көрүнбөй калгыча эч максатсыз мамадана кайталай берди, жээкте корккон короздордун какылдак-кукулдагы гана калды.

Анчалык алданганына Сантьяго Насардын арданып-кордонор жөнү бар. Ал падре Кармен Амадордун калкка кайрылуусуна шыктанып, кучак-кучак отун ташыды, ага кошуп короздун ажат ачар таажылуусун тандап келди. Арийне бүркөлгөн, кабагы кайра бат эле ачылып кетти. Пристанда анын жанында турган Маргот эжем көңүлү кайрадан көтөрүлүп, аспирин башын жазганга эч жардам бербесе деле топтошуп ичмейге өткүсү келип турганын байкаптыр. “Суукка урунган түрү жок болчу, кыз-күйөө тою канчага турганын эсептеп аткан”, — деди ал мага. Алардын жанында турган Кристо Бедойя асмандаган санды айтты дейт. Сантьяго Насар, мен, ал болуп таңкы төрттөргө чейин ченемсиз гүүлдөгөнбүз, бирок ал үйүнө түнөбөй, чоң ата, чоң энеси менен бабырашып чыгыптыр. Тойдун чыгымы жөнүндө өзүндө жок көп маалыматтарды алардан алса керек. Кристо Бедойянын эсебинде, конокторго кырк үндүк, он бир каман, төрт торпок союлуптур – күйөө бала алардын баарын аянтта бышырып, элге таратып, бергиле дептир. Кристо Бедойя бардыгы 205 контрабанда спирти, 2000ден ашуун бөтөлкө ром ичилгенин – аларды келгендерге жөнеле таратып бергенин унуткан жок. Быяктын тарыхында болуп көрбөгөн бул ала тополоң тойго бай дебей, жарды дебей, жата конуп же тийип-качып катышпаган киши калбады. Сантьяго Насар үн чыгара кыялданып жиберди:

— Мен үйлөнгөндө да ушундай той берем, силер аны өмүр бою айтып түгөтө албайсыңар.

Эженин эт жүрөгү элжиреп кеткенсиди. Ал Флора Мигелдин бакыттын нуру тамган жылдызын эстеди, тагдыр ага ансыз да көптөрдү берди, мына эми жыл жаңырар алдында Сантьяго Насарды тартуулаганы туру. “Мен ага андан ашкан жуп жоктугун ошол замат түшүнө койдум, — деди ал мага. – Элестетип көр: 21 жашында жетпегенге жеткен керилген жигит, айтканы эки болбос азамат”. Маргот аны таңкы тамакка, айрыкча юкка этинен жасалган пончикке көп чакырар эле, апам бүгүн да ошону жасаптыр. Сантьяго Насар чакырыкка жан деп макул болду.

04.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.