повесть
Арслан Койчиев: Тагдыр жөнүндөгү ыр
(Ара жолдо калган жоокердин окуясы)
Ж. М-нын жана анын тагдырлаштарынын арбагына арнадым
I
Орус менен кыргызды айра таанып айырмалайм деп эзели башы оорубаган, бу кең ааламда “кыргыз” деген эл болорунан кыпындай да кабары жок мынабу дүйнө капар Розенберг кыштагынын жайнаган жай тургундарынын көзүнө жөн эле бир сөлпөйгөн орус болуп көрүнгөн, согуштан кийин мекенине тирүү кайтуудан өлгүдөй коркуп, коркконунан мында корголоп калып калган мусаапыр орус болуп таанылган, ошентип, каркайып карыганынча качкан-безген орустун эсебинде жүргөн кайран М…, азан чакыргандагы аты мындагы немистердин тилин туурасынан чайнатып, айтууга келбегенден ал арада “Маркус” деп да атыгып кеткен кайран гана М… ашык-кеми жок, туптуура элүү жыл сегиз айдан кийин айланып барып киндик каны тамган журтун акыры көз жайнатып бир көрүүнүн, атыр жыттуу абасын кана жутуп, кабарсыз кеткени катыш байланышы үзүлгөн урук-туугандарын таап, бир көрүнүп келип, анан гана армансыз өлүүнүн кам-чомун жеп жатты. Эки күндөн кийин ал жер түбүндөгү жергесине – кыргыздардын жерине аттанат!
Майда-чүйдөсүнөн бери кам-чомун жеди. Ушундан кийин дагы бир мертебе туз буйруп, кайрылып жана бир ирет барарын бир кудай билет, анан өзү анык билет, ошонусун унутпастан, айрыкча көңүлүнө түйүп, бир аз тыйын- тыпырын бөлөк камдады. Айтчу кеби да белен. “Айланайын, агайын! Кебетем бу болсо, экинчи келе албасмын. Токсон эки дегениң оңой жаш эмес да. Жазмышым ушул экен, сөөгүм немистин жеринде калат. Жол ачылбадыбы, өлгөнүмдө “баланчанын көзү өттү” деген кабар берилет, кабарды укканыңарда, топураган урук-тууган түрө жыйылып, бир бодону атап союп аш берип, куран түшүрүп койгула артыман,” – деп бек суранып, куп кайтаарында аманат тыйын калтырат. Ичкен-жегенинен үнөмдөп, кара ашына деп атайы белендеген ошол беш жүз марка акчасы ак конвертке оролуп, кайыш капчыгында өзүнчө салынуу. Элүү жыл сегиз айдын аралыгында кимиси тирүү, кимиси өлүү экенин ким билсин, иши кылса бир туугандарынын санына чактап, белек-бечкегине бирден көйнөк-көнчөк ырымга арнаган болду. Анан бир буюмду ашыкча алды. Анысы – аял кишинин көйнөгү эле.
Ошентип, немистин арасында жүрчүсүндө “Маркус” атыгып кеткен М… кымгуут түшүп, жолго кызуу камданып жатты.
“Ой, тобо-о! Өлүү буюмга да капилеттен жан бүткөн акыр заман акыры түбү маңдайыбызга жазылып, өңүбүзгө келгенби, капырай!? Ашканага баш бага калганчакты, эки кадам турган жерге кирип чыкканчакты мышык-чычкан ойнотуп азилдегенсип, эми минтип блокнотум, ооба, элүү жылдан бери жоготпой катып жүргөн эски блокнотум жерге житип кеткенсип, койгон ордунда эмес!” – деди М… ичинен кызуулана.
Көзүнүн карегиндей сактап катып жүргөнүнө аныгында элүү жыл эмес, ашык-кеми жок кырк алты жылдын жүзү толгон блокнотун кайсалактап издеп жатып, ушинтип ойлонду. Майда калтырак баскан колун өйдөрөөк сойлотту. Блокнот эмес, таш балээ да урунган жок. Сыйпалап тим болду. –
Жан кирбесе, соо буюм ошентеби! Жан кирбесе, ошентеби! Schiete! – деди кобуранып.
Непадам үстүнөн чыгып, карыянын ушул ирмемдердеги ачуулуу чарылдаганын кокусунан кулагы чалган киши-кара болгонунда, жүрөктөрү бир сыйра опкоолжуп, “бул мааледе мурда-кийин биз эгерим эшитпеген, өтөле өөн угулган кайсы жапан тил жаңырды, ыя? “Орус” дейсиңер, орустун тили ушундай болобу, ыя?” дешкенсип, бир эсе таң калгандарын жашыра албай жакаларын карманып иймек беле, ким билет, үстүндө журнал, актай барак, калем сап жаткан үстөлдү убаралана айланып, ал ортодо күшүлдөп бышылдай эңкейип-кооп, алты ирет отуруп-туруп, алкымын тиреген ызаасын чыгаргансып, жыгач тарткычтарын бирден булкуп сууруп, ичин үч сапыра аңтарып, эски блокнотун издеп жаткан М… бир маалда эрөөн-төрөөн көрбөй эле кып-кыргызча, кадимки эле кара-кыргыздын тилинде тили буйдалбай, үй жаңырта таптак кыйкырып жиберди. Ары-бери өткөндө кагаз-кугаздын арасынан көзгө ысык урунуп, ушул эле жерде турчу кыпчылып, жок. Жанагы блокноту жок!